Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

ИСЛАМЧЫЛАРДЫН КӨСӨМҮ ТӨРТ ЖЫЛДЫК ТҮРМӨ ЖАЗАСЫН АЛДЫ


Бүбүкан Досалиева, Прага Шейшембиде Индонезиянын борбору Жакартанын соту өлкөдөгү мусулмандардын көсөмү Абу Бакар Баширге төрт жылдык түрмө жазасын берди. Мындай жаза ага өлкө президенти Мегавати Сукарнопутрини өлтүрүү максаты менен уюштурулган көңтөрүшкө катышкандыгы үчүн берилди. Ал эми Абу Бакар Башир жасады деп, 200 баракка тизмектелип жазылган айыптардын бир тобун сот негизсиз деп тапты.

Алтымыш беш жаштагы Абу Бакар Баширге карата ачылган кылмыш ишин караган сот ал “Жемаа исламия” террорчул уюмуна жетекчилик кылып, бир катар террордук актыларды уюштурган жана өкмөттү кулатып, анын ордуна ислам мамлекетин курууга аракет кылган деген айыптарды негизсиз деп тапты. Сот ага мурда коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп тапса, анда ал 15 жылга кесилет же өмүрүнүн акырына чейин түрмөдө олтурсун деген жаза алат деп жатышкан. Сот Абу Бакар Баширдин 2000-жылы 19 адамдын, былтыр 202 адамдын, быйыл 12 адамдын өмүрүн алган жардырууларга катышы жок, бирок, президентти өлтүрүү кутумчулугуна катышкан деген бүтүмгө келди.

Абу Бакар Башир камакка 2002-жылдын октябрь айында, Бали аралындагы жардыруудан кийин дароо алынган. Камакка алууга “Ал-Каиданын” бир мүчөсүнүн көрсөтмөсү негиз берген. Андан тышкары “Жемаа Исламия” террорчул уюмуна жетекчилик кылып, христандардын бир катар чиркөөлөрүндө жардырууларды уюштурган, өлкө бийлигин кулатып, ислам мамлекетин түзүү аракетин көргөн деген кине коюлган. Абу Бакар Башир бул айыптардын бардыгын четке кагып, өзүн Индонезиядагы мусулмандарды алсыратуу үчүн АКШ атайын уюштуруп жаткан “тымызын кутумчул иштердин курмандыгымын” деп эсептеген. Анын үстүнө коюлган айыптардын бардыгы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде гана түзүлүп, Абу Бакар Баширди мыйзамсыз иштерди жасап жаткан жеринен эч ким кармап алган эмес.

Шейшемби күнү сот имаратынын жанына келип, Абу Бакар Баширдин биротоло бошотулушун талап кылган жүздөгөн адамдар да өз көсөмүнө коюлган айыптардын бардыгын негизсиз, ал АКШнын көрсөтмөсү боюнча иш кылууга көнүп калган өкмөттүн Батышка жагынуу үчүн жасап жаткан аракети деп баалашты. Соттун имаратынын алдына чогулган эл толкуп кетпесин деп чоочулаган полиция менен сот Абу Бакар Баширден элди тынчытууну да өтүндү.

Абу Бакар Баширди Индонезиядагы мусулмандар өз көсөмү катары санашат. Ал Ява аралында Соло аттуу диний мектепти уюштуруп, ислам динин жана шариятты таза сактоону жашоосундагы негизги принцип кылган бир нече муунду тарбиялап чыгарган. 202 адамдын өмүрүн алып кеткен Бали аралындагы жардырууну уюштурду деп айыпталып, ушул жылдын июль айында өлүм жазасы берилген Нуркамизи Амрози да анын окуучусу болгон. Башир шарияттын мыйзамдарын так сактап, АКШ баштаган өнүккөн Батыш мамлекеттеринин толук үстөмдүгүнө каршы туруу идеясын жактайт. Ал өзү түзгөн “Индонезиянын моджахеддеринин кеңеши” аттуу уюмдун мүчөлөрүнө ушул жылы август айында абакта жатып кайрылуу жолдоп, анда да аларды шарияттын мыйзамдарын турмушка ашыруу багытынан тайбоого, аны терроризм деп айыптоодон коркпоого үндөгөн. Бул кайрылуу Ява аралындагы Соло мектебине чогулган үч миң адамдын алдында окулган. Абу Бакар Башир ал кайрылуусун өкмөткө да жолдоп, диний лидерлерди камакка алууну жана куугунтуктоону токтотууну талап кылып, өкмөттүн мындай иштери акыры кудайга жакпаарын эскерткен. Ушундан улам Баширдин жолун жолдогон көптөгөн окуучулары террорчул уюмдун өкүлү жана Бали аралындагы, Жакартадагы “Марриот” мейманканасын, 2000-жылы христандардын чиркөөсүн жардырууларга катышы бар деп, кара тизмеге алынган.

Абу Бакар Башир болсо жардырууларды уюштурмак түгүл анын башында турду деген “Жемаа Исламия” деген уюмдун өзү жер жүзүндө жок дейт. Мегавати Сукарнопутринин коалициялык өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү да ушундай пикирде. Ушундан улам саясатчылар соттун өкүмү өлкөнүн ички саясий турмушуна таасир берип, башаламандыкты пайда кылабы деп чоочулап жатышат. Коалициялык өкмөткө кирген Мусулмандар партиясы Абу Бакар Баширди такыр эле айыпсыз деп эсептеп, аны бошотууну да жактаган эле. Коопсуздук боюнча кеңеш берүүчү Жакартадагы агенттиктин өкүлү Кен Гонбой да “Баширдин соту Индонезиянын өкмөтү үчүн чоң сыноо жана ал “Жемаа исламия” уюмунун аракетинин жанданышына түрткү болушу мүмкүн”, - деген ойдо.

XS
SM
MD
LG