Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙДЫН ПРОКУРАТУРА ОРГАНДАРЫ ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШТЫГЫН УЛАНТУУДА


3-сентябрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Кытайдын Жогорку элдик прокуратурасынын ортосунда кызматташуу ниетин ырастаган протоколго кол коюу аземи өттү. Бул иш-чара Шаңхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн прокуратура жетекчилеринин Бишкекте өтчү жолугушуусунун алдында болду. Анда террорчулук менен уюшкан кылмыштуулукка каршы чогуу күрөшүү, өз ара маалымат алмашуу, кесиптик деңгээлди көтөрүү, техникалык көмөк көрсөтүү маселелери тууралуу сөз жүрдү.

Кытай менен Кыргызстандын прокуратура жетекчилеринин кызматташуу ниетин билдирген протоколго кол коюлганга чейин - 2001-жылы - тараптарды кызыктырган укуктук маселелер жаатында өз ара көмөк көрсөтүп туруу жөнүндө келишимге кол коюлган. Кызматташтык келишиминин негизинде Кытай тарап «өткөн жылдын 29-июнунда Бишкекте Кытай элчилигинин биринчи катчысы Ван Цзянпин менен бул элчиликтин айдоочусу Вумаер Нуермаматини атып өлтүрдү» деген айып менен кармалган Рахматулла Исраил менен Эркин Якубга каршы козголгон кылмыш ишин иликтөөнү өзүнө алган. Кытай дипломатынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу ачылган кылмыш ишин тергөөнү жеке көзөмөлүнө алган Кыргызстандын ички иштер министри Бакирдин Субанбеков шектүү адамдар кармалганын кабарлап, анда эч кандай саясат жоктугун, кылмыш криминалдык талаштын айынан жасалганын билдирген. Быйыл Бишкек-Торугарт автожолунда 26-марттын түнүндө Кытайга бараткан 21 адамды атып өлтүрүп, автобусу менен кошо өрттөп кеткен кылмышкерлерди иликтөө жаатында да эки тарап кызматташууда.

Кыргызстан менен Кытайдын прокуратураларынын кызматташуу ниетин ырастаган протоколго Кыргызстандын башкы прокурору Мыктыбек Абдылдаев, Кытайдын жогорку элдик прокурору Цзя Чуньван кол коюшту. 2001-жылы Бээжинде кол коюлган, эки өлкөнүн мыйзам аткарылышын көзөмөлдөө органдарынын ортосундагы кызматташтык келишимин бул жаңы протокол айкын маани-мазмун менен толуктай тургандыгы азем соңундагы басма сөз жыйынында айтылды. Эки өлкөнүн прокуратурасы кесиптик ишине байланышкан укуктук маселелер, проблемалар тууралуу маалымат алууга ынтызар экенин билдиришти.

Кыргызстандык Башкы прокуратурасынын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Виктор Ивановдун пикиринде, кызматташуу ниетин ырастаган протоколго ылайык кыргызстандык мыйзам сактоо кызматкерлери Кытайга барып кесиптик чеберчилигин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Андан тышкары маалымат алмашуу, биргелешип иштөө ниети протоколдо көрсөтүлдү.

Кызматташуу ниетин ырастаган протоколго кол коюу аземинде Бишкек менен Бээжиндин мыйзам көзөмөлдөө органдарынын кызматташтыгынын эки мисалы арбын айтылды.

Виктор Иванов өз ара кызматташуунун пайдасы тууралу буларды айтты:

- Билесиздер, Кытайга бараткан автобусту өрттөп кетишкенде Кыргызстандын мыйзам сактоо органдары үчүн набыт болгондордун ким экенин аныктоо кыйынга турду. Кытай тарап ДНК экспертизасын жасап берди. Бул ишти тергөөнү ыкчамдатууга кайсы бир деңгээлде жардам берди.

Кытай менен Кыргызстандын прокуратура органдарынын кызматташтыгы көбүнесе эл аралык террорчулукка, жикчилдикке, баңгизаттардын жолуна бөгөт коюу аракетине байланыштуу. Быйыл жайында Казакстан менен Кытайда өткөн аскердик машыгуулар да негизинен эл аралык террорчулук менен улуттук жикчилдикке каршы биргелешип күрөшүү максатын көздөдү. Улуттук жикчилдик проблемасын Кытай уйгур маселесине байланыштуу карайт. 4-сентябрда Шаңхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн башкы прокурорлору менен алардын орун басарларынын деңгээлинде өтүүчү жыйынбашталат. Анда да ушул эле маселелер, б. а. эл аралык террорчулукка каршы туруу, улуттук жикчилдикти жоюу, баңгизаттардын жолуна бөгөт коюу талкууга алынмакчы. Бул багытта уюмга кирген өлкөлөрдүн мыйзам көзөмөлдөө органдары аткара турган орчун милдеттер туурасында пикир алышуу жүрмөкчү.

Шаңхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн прокуратура жетекчилеринин Бишкектеги жыйынына Кыргызстандын жогорку бийлик жетекчилери катышат. Уюмдун курамындагы 6 өлкөнүн өз ара экономикалык кызматташтыгын мыкты деңгээлде деп айтыш кыйын. Анткен менен аскердик кызматташуу, эл аралык караниет күчтөргө каршы туруш үчүн биргелешип аракет кылуу кийинки жылдары кыйла жанданды.

XS
SM
MD
LG