Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

КООМДУ ИРИТКЕН ИСЛАМ ЭМЕС, КОРРУПЦИЯ


11-сентябрдагы окуяларды дүйнөлүк мусулмандардын көпчүлүгү ислам дини менен таптакыр байланышы жок кыянатчылык деп эсептешет. Көрүнүктүү тапсирчилер, алардын ичинде сүннүлөрдүн жогорку шейхи Мохаммед Тантавинин түшүндүрмөсүнө ылайык, бейжазык адамдарга каршы жасалган агрессия кудай алдындагы кечирилгис күнөөгө жатат. Бирок ошол эле Египеттин өзүндө диний мектептерде жаш балдарды асыл максат үчүн жан кыйган чоң эрдик деп үйрөтүшөт. Мисирлик жаштар өзү бул маселеге кандай карайт?

Айрым жаштардын реакциячыл ислам идеяларына азгырылып жаткандыгын каирлик Ахмед аттуу жигит баарыдан мурда өлкөдөгү экономикалык каатчылыктан жана жогорку чөйрөлөрдө коолап-чайлап кеткен коррупциядан көрөт. ”Мусулманчылыктын катаң тартиби адамдарды топуктуу кылмак. Бизнесмендерге элдин банктагы акчасын карактап алганга жол бермек эмес”, - деп айтты ал Египеттеги финансылык кризисти эске алып. Анын сазасын жаштар да тартты: көбү айлап-жылдап топтогон акыркы мыдырынан айрылды, кыйласы жумуштан куулду. Мындай шартта аларга радикалдуу уюмдардан башка барар жер калбайт. Ахмед өзү да жалпы Жакынкы Чыгышта таасирдүү күчкө айланып, азыркы президент Хосни Мубарактын саясатына каршы күрөшүп жаткан ошондой бир уюмдан таклипнама алган эле. Бирок азырынча бир жаңсыл чечимге келе элек.

Отуз жаштагы химик, фармацевтика заводунда иштеген Мустафа аттуу жигит эртеңки күндө ыкыбалы кандай болоруна көзү жетпейт. Көпчүлүк бейкалба жана бейкам жашагысы келет, бирок бул көбүнесе аларга эмес, саясатчыларга байланыштуу болот, дейт ал. Мустафа Каирдин жакыр-жалчылар жашаган районунда турат, ортомыян оокаты бар. Айына 100 еврого жетпеген маяна алат.

Мустафа мындан тышкары 11-сентябрдан кийин Батышта ислам тууралуу кесир кептер өтө көп айтыла баштаганын белгилеп, бу фактордун өзү да мисирлик жаштардын арасында мусулманчылыкка ыктаган ыкыласты күчөтүп жиберди деп эсептейт. Раниа аттуу студент кыз мындан бир ай мурда эле Омар деген инженер жигитке турмушка чыккан эле. Эми ал шариат жолун катуу кармап, бети-башын чүмбөттөп жүрүп калды. Ата-энеси андан чадыра салын деп деле талап кылган жок. Бирок бир жолу консервативдүү динаятчылар менен жолуккан жыйынга катышып, ошондон кийин өзү эле чадыра салынып алды. Азыр күйөөсүнөн башка эркектана менен сүйлөшпөйт, эри уруксат бербесе үйдөн да чыкпайт.

Ахмед чадыра кийген ургаачынын баарын эле чыныгы мусулман деп эсептебейт. Анын өз аялы, мисалы, мусулманча кийинет, ал эми балдызы болсо европалыктарча чачын жайып таштап салып, жоолук салынбай эле жүрөт. Аны эрөөн-төрөөн көргөн деле эч ким жок.

Мисирлик жаштар мусулмандар арасында деле ич ара араздар көп болорун жакшы билишет. Мындан жыйырма жылдай илгери Египетте ислам мамлекетин курууну көздөгөн экстремисттер президент Анвар Садатты атып өлтүргөнүн али унутуша элек. Ошондон бери көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө, анын ичинде Египеттин өзүндө миңдеген радикалдар абактарга салынды.

Каирлик юрист Махмуд Исмаил бир кезде ошол активисттердин бири болгон жана анын айынан түрмөдө да жатып чыккан. Бирок ал азыр бардык жаалын Батыштан чыгара баштады. “Мусулмандардын көбү Батыштын бизге көзү түз эместигин көрүп-багып отурат”, - деп айтты ал. Буга мисал кылып Босния-Герцеговинадан тартып Ооганстанга чейинки аймактагы окуяларды атады. Булардын баары, Исмаилдин ишениминде, мусулмандардын жаалын келтирип, аларды бириккенге түртүп жатат. “Бу тилектештик кандай формага ээ болорун бир Алла таала өзү билет, бирок мусулмандарга каршы согуш жүрүп жатканда алар да кол куушуруп карап олтурбайт”, - дейт Исмаил.

Исмаилдин пикирине мусулмандардын көбү кошулбай турганы калетсиз. Ошол эле учурда алар Батыштагы кай бир маалымат каражаттарындагы исламды каралоо кампаниясын да кубаттай албайт. Радикалдуу уюмдар бул факторду өз активине пайдаланып жатканы талашсыз. Түпкүлүгүндө болсо, мисирлик жаштардын ишениминде, исламдын терроризмге караманча тиешеси жоктугун кантсе да мусулмандар өздөрү далилдеши керек.

XS
SM
MD
LG