Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

ПАЛЕСТИН ПРЕМЬЕРИ ӨЗҮНҮН БИЙЛИК УКУКТАРЫН БЕКЕМДӨӨГӨ КУШТАР


Махмуд Аббас Палестинанын премьер-министри болуп дайындалганына 100 күн толду. Байкоочулар бул мезгил аралыгында Жакынкы Чыгышта куралдуу касташуу басаңдап, эл аралык тынчтык планын каршылаш эки тарап тең кабыл алганын жетишкендиктер катары белгилешет. Бирок, соңку кездери палестин бийлигинде талаштар күчөп, бейшембиде Аббас парламентте чыгып сүйлөп, депутаттардан өз аракеттерин колдоп берүүнү өтүндү.

Палестинанын өкмөт башчысы болуп иштегенине 100 күн толгон күнү, бейшембиде Махмуд Аббас парламентте чыгып сүйлөдү. Байкоочулар баамдагандай, Аббас өкмөттү башкарган мезгил аралыгында Жакынкы Чыгыш жаңжалында айрым жылыштар болгону менен, алардын арты кайрадан куралдуу эрегишке айланып баратканы да айкын. Израил менен Палестинанын ортосундагы салыштырмалуу бейпилдик жети аптага созулду, андан кийин кайрадан жанданган касташуу кырдаалды чыңалтып турган кез.

Палестиндер жана жалпы чөлкөмдөгү арабдар арасында кадыр-баркы күч палестин лидери Ясер Арафат шаршембиде CNN телеканалынын журналисти менен болгон маегинде АКШ баштап көтөргөн "Жол картасы" аттуу эл аралык тынчтык планын Израил соңку аскерий операциялары менен өлтүрдү, биротоло жок кылды деп билдирди. Кошмо Штаттар менен Израил Арафат террорчуларды көкүтүп келатат деп аны менен саясий алакаларын токтотуп, сүйлөшүүлөр жүргүзбөй калган. Ал эми алар ишенич көрсөткөн палестин премьери Махмуд Аббас бирок, палестин калкы арасында кеңири колдоого ээ эмес дешет байкоочулар.

Ошентсе да, соңку кездери палестин жетекчилигинде саясий талаштар күчөп, өкмөт башчы Аббас Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү маселелериндеги жетекчиликти, жалпы коопсуздук жаатындагы башчылыкты өзүнө өткөрүп берүүнү талап кыла баштады. Бул тууралуу ал бейшембиде парламентте сүйлөгөн сөзүндө ачык айтты, атүгүл депутаттар анын аракеттерин колдобосо, отставкага кетээрин эскертти. Палестинанын жетекчиси Ясер Арафаттан бийлик укуктарын талашып жаткан Аббас бирок, айрым маселелерде төраганын көз караштарын колдоп, Жакынкы Чыгышта жети жумага созулган бейпилдикти Израилдин аскердик операциялары бузганын белгилей кетти.

- Израилдин Наблус менен Хеврондогу элге каршы кыргыны ортодо ок атылбай, сакталып турган бейкуттукту бузду.

Махмуд Аббас андан аркы сөзүндө Америка Кошмо Штаттарын Палестинанын эл шайлаган мыйзамдуу жетекчиси Ясер Арафатка карата жарыялаган саясий бойкотун токтотууга үндөдү.

Палестин парламентинин төрагасы Ахмад Курейа шаршембиде: "Депутаттар Арафат менен Аббастын ортосундагы бийлик талашка ортомчулук кылбашы керек, ошондуктан азырынча премьер-министрге колдоо көрсөтүү маселеси добушка коюлбайт, аз үчүн негиз да жок", - деп айткан болчу. Мыйзамдарга ылайык, өкмөткө ишеним көрсөтүү маселеси кеминде 10 депутаттын сунушу боюнча, же премьер-министрдин расмий өтүнүчү боюнча каралышы мүмкүн. Маалыматтар боюнча, Махмуд Аббас оозеки айтканы менен, парламентке расмий түрдө арыз жазып кайрылган эмес. Бирок, Рамалланын өкүлдөрү парламент жакын арада өкмөт башчынын өтүнүчүн талкуулап, добуш бериши мүмкүн деп эсептешет. Айрым палестин депутаттары эгерде Махмуд Аббас парламентте колдоо таппай, отставкага кетсе, Вашингтон жөөт-палестин чатагындагы арачылык миссиясын пастатаарын айтып эскерткенин маалымдашты. Эгерде депутаттар Аббастын өкмөтүнө ишеним көрсөтсө, анда Ясир Арафат айрым бийлик укуктарын премьер-министр менен бөлүшүүгө аргасыз болушу ыктымал.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG