Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ В.И.ЛЕНИНДИН ЭСТЕЛИГИНИН БАШКА ЖАККА КОТОРУЛУШУ ТУУРАЛУУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ОТЧЕТ БЕРҮҮДӨ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бейшемби күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жана В.И. Лениндин эстелигинин «Алатоо» аянтынан башка жакка которулушу тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалыматын уга баштады. Жыйындын жүрүшүндө көпчүлүк депутаттар Лениндин эстелиги тууралуу мыйзамды бузган өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышты. Маселени кароо жума күнгө жылдырылды.

Адегенде депутаттарга Лениндин эстелигин башка жакка которуу тууралуу премьер-министр Николай Танаев маалымат берди. Өкмөт башчысы «Лениндин эстелиги Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин токтому менен аныкталган «Алатоо» аянтынын бир жеринен экинчи жерине гана которулду. Кыргыз өкмөтү мыйзамды бузган жок» деген пикирин айтты. Түшкү тыныгууга чейин ондон ашуун депутат сөз сүйлөдү. Ленинди эстелиги тууралуу маселени Коммунисттер фракциясынын депутаттары Бейшенбек Акунов, Абсамат Масалиев, Орозбек Дүйшеевдер көтөрүшкөн. Алар 2000-жылы 22-майда Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алып, мамлекет башчысы кол койгон «”Алатоо” аянтындагы В. И. Лениндин эстелиги жөнүндөгү» мыйзамды кыргыз өкмөтү одоно бузганын белгилешип, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышты. Коммунисттер фракциясынын атынан сүйлөгөн депутат Бейшенбек Акунов мындай деди:

- Николай Танаев мыйзамды бузгандыгы жана президенттин бийлигине кол салгандыгы үчүн өзүнүн мойну менен жооп бериши керек. Биздин депутаттык топ жогоруда айтылгандардын негизинде, өкмөт башчысынын токтоосуз кызматтан кетишин талап кылат.

Депутат Өмүрбек Текебаев өкмөттүн мындай аракетин тарыхый жана саясий каталык деп баалады. Ошондой эле ал өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын талкуулап, Николай Танаев баштаган өкмөттү кызматтан кетирүүнү өз кесиптештерине сунуштады. Ушундай эле пикирди колдогон Дооронбек Садырбаев Николай Танаевдин өз ыктыяры менен кызматтан кетишин талап кылды. Негедир депутаттар бул күнү адаттан тышкары бир өңчөй пикирде сүйлөштү. Дайыма өкмөттү колдоп сүйлөгөн депутаттар да бул жолу өкмөткө сын айтышты. Депутат Турдакун Усубалиев «өкмөт Кыргыз Республикасынын тарыхый эстелик тууралуу мыйзамын одоно бузуп, ошол эле учурда мыйзамды кабыл алган Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн эл алдындагы кадыр-баркын кетирди» деген пикирин ортого салды. Ал эми депутат Айдар Керимкулов болсо “Барган сайын заман өзгөрүп жатканда Владимир Лениндин кадыр-баркын кайрадан көтөрүүнүн канчалык кереги бар?” деген суроо коюп, Лениндин эстелиги боюнча өкмөттү кызматтан кетирүү сунушун колдобой тургандыгын ачык айтты. Оппозициялык маанайдагы депутат Азимбек Бекназаров «Кыргызстанда кадам сайын мыйзам бузулат жана өлкөдөгү мыйзам бузууларга өкмөт башчысы эмес, жогорку бийлик жетекчиси Аскар Акаев күнөөлүү» деп, маселени башка жакка бурду:

- Урматтуу кесиптештер, мен, Абсамат Масалиев жана Турдакун Усубалиев да “Танаев Лениндин эстелигин башка жакка алды” дегенге ишенбейбиз. Анда эмне үчүн Танаевди күнөөлөп жатабыз? Кылмыш кодексинде кылмышка шериктештик тууралуу берене бар. Анда кылмыштын уюштуруучусу, аткаруучусу, демөөрчүсү, көмөкчүсү болот. Эгерде Танаев аткаруучу болсо анда уюштуруучусу ким? Осмонакун Ибраимовбу же Аскар Акаевби?

Бул жолку жыйынга мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов баштаган президенттик администрациянын өкүлдөрү катышты. «Кимдин сунушу менен кыргыз өкмөтү Лениндин эстелигин которду? Өкмөттүн аракети тууралуу мамлекет башчысы билди беле?» деген сурообузга мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов так жооп берүүдөн баш тартты:

- Маселени башкача коюш керек. Маселе биздин 2200 жылдык тарыхыбызда, улуттук аң-сезимибизде. Кеп ушунда. Ал эми Лениндин эстелиги тууралуу мыйзам бузулган жок.

Ошентип, жарыш сөзгө жазылгандар көп болгондуктан, бейшемби күнү Мыйзам чыгаруу жыйыны Лениндин эстелиги тууралуу кандайдыр токтом кабыл алууга үлгүргөн жок. Маселени кароо жума күнү улантыла турган болду.

XS
SM
MD
LG