Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:39

ӨКМӨТТҮН КЕЗЕКТЕГИ ЖАҢЫЛАНЫШЫНА ЛЕНИНДИН ЭСТЕЛИГИ СЕБЕПКЕР БОЛОБУ ЖЕ МЫЙЗАМБЫ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Эгемендүүлүктүн 12-жылында Кыргызстанда өкмөт жетекчиси 9 жолу жаңыланды. Алардын арасынан 2 өкмөт башчысы каза болгонуна байланыштуу жаңыланса, 4 премьер-министр бийлик кризисинен улам кызматтарынан кол жууду. Эми Николай Танаевдин бийликтен чегиниши тууралуу ачык маселени парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйыны көтөрүп чыкты. Бирок, айрым аналитиктер маселенин кандай чечилээрин депутаттар эмес, «Ак Үйдүн» 7-кабаты аныктаарын айтып жатышат. Ошондуктан бул тирешүү эмне менен аяктаары азырынча белгисиз.

Бул өкмөт өткөн жылы Коопсуздук Кеңешинин Аксыдагы кандуу окуяны териштирген май айындагы отурумунда бийликтен чегинген Курманбек Бакиев жетектеген өкмөттүн ордуна келген. Ошентип, Николай Танаев жетектеген жаңы өкмөттүн иштегенине 1 жыл 4 ай эле болду. Өткөн жылы өкмөт жаңыланган учурда эле, анын өмүрү кыска болоорун эксперттер эскерте башташкан. Ал эми мамлекет башчысынын жаңы өкмөт менен узакка иштешээри тууралуу маалымат каражаттары аркылуу эки-үч жолу айтканы коомдук пикирди өзгөртө алган эмес. Август айында «Алатоо» аянтынан Лениндин эстелигин башка жакка жылдыруу тууралуу өкмөт жетекчисинин токтому аны бийликтен кетирүү аракетине шыкак бергендей болду. Көпчүлүк депутаттар «мында Лениндин эстелигинин жылдырылышы эмес, ал тууралуу атайын мыйзамды маанисиз мыйзам катары кабыл алып, аны өз токтому менен жокко чыгарганы үчүн өкмөт башчысы күнөөлүү» деп эсептешет. Ошентип, айрым маалымат каражаттары жазып келгендей, күздүн башталышы менен саясий окуялар жанданып, ал Н.Танаевди бийликтен кетирүү талабы менен башталды. Аны күн тартибине көтөрүп чыккан Мыйзам чыгаруу жыйынындагы Коммунисттер фракциясынын жетекчиси Абсамат Масалиев Н.Танаев токтоосуз түрдө бийликтен кетишин талап кылаарын мындайча билдирди:

- Биз, Коммунисттер фракциясы, маселени ачык коюп жатабыз. Өкмөт башчысы мыйзамды одоно бузгандыгына байланыштуу Эл өкүлдөр жыйынына жана президентке кайрылып жатабыз. Алар маселени карап туруп, Н.Танаевди токтоосуз бийликтен кетириши керек.

Коммунисттер фракциясынын демилгеси менен көпчүлүк депутаттар да макул болушууда. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаров «мыйзамды бузгандыгы үчүн өкмөт толук курамы менен бийликтен кетиши керек» деген пикирде:

- Мыйзамды эч ким бузбашы керек. Премьер-министр баш болуп өкмөттүн болгон курамы токтом чыгарып, мыйзамды бузуп атса - мындай өкмөт кетиши керек. Мыйзамды бузганы үчүн, ушуга барганы үчүн мындай өкмөттүн курамы дагы, премьер-министр да кетиши керек.

Ал эми депутаттардын мындай талаптары менен аткаруу бийлиги, анын ичинде президенттин айланасындагылар да макул эмес. Алар эстеликти жылдырууда эч кандай мыйзам бузуу болбогондугун айтышат. Аны журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов да бышыктады.

- Мен эстелик үчүн эле Танаевди кызматтан кетире койбосо керек дейм. Эгер аны бийликтен кетирсе, биздин парламент үчүн уят эле иш болот. Ал эми Конституциялык Сотко кайрылат. Анткени бул жерде эч кандай мыйзам бузуу деген жок.

Мамлекеттик катчынын премьер-министрди коргоого алышын көпчүлүк байкоочулар кадыресе көрүнүш катары кабыл алышууда. Анткени депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Николай Танаев Лениндин эстелигин жылдыруу президент менен макулдашылганын жашыра алган жок. Ошондуктан айрым депутаттар мыйзамдын одоно бузулушуна өкмөт жетекчиси жалгыз эле күнөөлүү эместигин, ал болгону жогортон келген көргөзмөнү аткарууга аргасыз болгонун айтып жатышат. Ошондуктан Н. Танаевдин тагдыры талкуу учурунда олку-солку болгону менен, колго сала келгенде оң чечилээринен эксперттер күмөн санабайт.

Анткен менен өкмөттүн бат-бат алмашышы түбү келип өлкөдөгү кадр саясатындагы туруксуздукту дагы бир жолу көргөзүп, ал өз учурунда өлкө экономикасынын өнүгүшүнө кедергисин тийгизээрин саясатчылар бир ооздон ырасташат. «Өкмөт башчылыгына иш билги, тажрыйбасы мол, дурус инсан келсе, өлкөгө, жалпы элге жакшы болоор эле» деген пикирлер арбын айтылып келет. Бул тууралуу кайрадан Абсамат Масалиевдин пикирин угуп көрсөк:

- Эми улам эле премьер-министрлер алмашып атат да. Бул киши онунчу премьер-министр. Эми алардын арасынан экөө каза болуп калды. Аны эч кимибиз айыптай албайбыз. Бирок 7-8 жаңы болуп калды да. Минтип отурсак өкмөт өз ишин алып кете албайт. Анан өкмөт башчысы чыныгы экономиканы түшүнгөн, турмуш башынан өткөн, эч болбогондо облустарды башкарып келген киши болсо, ошондо бир түзүгүрөөк болот эле да. Эми мен Николай Тимофеевич Танаевди жамандагым келбейт, бирок көп нерселерди түшүнбөйт экен да бул киши.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров жакшы жетекчи келсе экономиканы оңой эле оңдоп коюуга болооруна ишенет.

- Биз ойлогондой профессионалдар бийликке келет турган болсо, аткаруу бийлигине 24 саат бою иштей турган кишилер бара турган болсо, экономиканы оңдоп коюуга мүмкүнчүлүк дагы, кудурет дагы Кыргызстандын өзүндө бар. Бирок, ал үчүн өзүнүн кекиртеги менен чөнтөгүн ойлобой, кичине элди ойлош керек.

Ошентип, эгемендүүлүккө ээ болгон 12 жыл аралыгында 10 жолу өкмөттүн жаңыланышына карапайым калк гана эмес, саясат таануучулар да жооп издеп, баш катырып келишет.

XS
SM
MD
LG