Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүн В. И. Лениндин эстелигин башка жакка которуу аракетин эки күн бою талкуулады. Бул маселе боюнча жыйырмадан ашуун депутат сөз сүйлөдү. Биринчи күнү бийликти ар дайым колдоп жүргөн жана бийликке оппозициядагы депутаттардын баары тең кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңеш кабыл алып, мамлекет башчысы кол койгон «В. И. Лениндин эстелиги тууралуу» мыйзамды бузганын белгилешип, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышкан. Ал эми жума күнү сүйлөгөн депутаттардын көпчүлүгү «Николай Танаев баштаган өкмөт Лениндин эстелигин «Алатоо» аянтынын бир жеринен экинчи жерине жөн гана оңдоп жылдырды, мыйзамды бузган жок» деген пикирин айтышты. Алардын айрымдары өкмөттүн аракетин жактоо менен Аскар Акаевдин саясатын ачык колдоорун айтышты. Маселен, № 11-Жалалабад округунан шайланган депутат Кубанычбек Жолдошев мындайча пикирин билдирди:
- Аскар Акаевич силерге эмне жамандык кылды? Аскар Акаев биз үчүн, эл үчүн жакшы кызмат кылып жатат. Мен Аскар Акаевди жактайм. Ал бийликтен кетпейт.
Ушундай эле пикирди Бөрүбай Жураев, Хажимурат Коркмазов сыяктуу депутаттар да айтышты. Ал эми депутат Акбөкөн Таштанбеков «эгерде биз өкмөттү кетирүү тууралуу токтом кабыл алсак, аны мамлекет башчысы колдобой койсо, анда парламентти таркатуу маселеси өзүнөн-өзү көтөрүлөт» деп, өз кесиптештерин коммунисттердин сунушун четке кагууга чакырды.
Ал эми оппозициялык маанайдагы депутат Исмаил Исаков «Кыргызстанда өкмөт башчысы эле эмес, мамлекет башчысы Аскар Акаев баш болуп мыйзамды бузуп жатат» деген пикирин мындайча ортого салды:
- Иштин бардыгы мамлекет башчысында. Маселен, Аксы окуясында эл атылды. Эл аткандарды «күнөөсү жок» деп, жогорку кызматка жогорулатты. Экинчиден, жерди Кытайга берип, «мыйзамдуу» дешти. Үчүнчүдөн, Каракулжадан келгендерди тырпыратып өз жерине күч менен айдашты.
Исмаил Исаков «мыйзамдын бузулушун көрүп туруп, өкмөттүн ишмердүүлүгүнө карата кандайдыр-бир чечим кабыл албасак, Жогорку Кеңеш коомчулуктун алдында дагы бир жолу кадыр-баркы кетет» деген пикирин айтты. Натыйжада көпчүлүк депутаттар мамлекет башчысына «Өкмөт башчысы Николай Танаевди кызматтан кетирүү жана Лениндин эстелигин кайрадан ордуна орнотуу тууралуу» кайрылуу кабыл алууну чечишти. «Коммунисттер» фракциясы сунуш кылган бул кайрылууну беренелери боюнча талкуулай келгенде бул сунуш колдоо тапкан жок.
«Эмне үчүн депутаттар эки күн бою өкмөттүн мыйзам бузган аракети тууралуу ачык айтып, жыйынтыгында кандайдыр-бир токтом кабыл алышкан жок?» деген суроого депутат Марат Султанов мындайча жооп берди:
- Менин оюмча мыйзам бузулду. Ал эми кээ бир депутаттардын ою боюнча мыйзам бузулган жок. Ошондуктан биз кандайдыр-бир чечим кабыл ала алган жокпуз. Бул парламентте боло берүүчү көрүнүш. Буга таң калыштын кереги жок.
Ушул эле суроого Азимбек Бекназаровдун жообу мындайча болду:
- Парламенттин депутаттарынын болгон акыбалы ошол. Анткени биринчи күнү Акүй эч кандай иш жүргүзгөн жок. Экинчи күнү парламентте мамлекет башчысын кызматтан кетирүү маселеси көтөрүлгөндө алар «маселе ырбап баратат» деп, түнү менен өкмөтчүл депутаттар менен иштеп чыгышты.
Ошентип Мыйзам чыгаруу жыйыны Лениндин эстелиги тууралуу маселени эки күн бою талкуулап, кандайдыр жыйынтыкка келген жок. Ал эми дүйшөмбү күнү палата өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу өкмөттүн отчетун угууну улантат.