Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Жалалабадда Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн ачылыш салтанаты болду


ЖАЛАЛАБАД. Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кызыл тасмасын губернатор Жусупбек Шарипов кести. Губернатор менен бирге Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов, облустук сот жана прокуратура органдарынын жетекчилери куттуктоо сөздөрүн айтышты. Облустук жетекчилик өкүлчүлүккө бир компьютер берүүгө убада берди. Өкүлчүлүккө зарыл адабияттар менен бир компьютер тапшырган Турсунбай Бакир уулу анда 7 киши иштээрин, Чаткал, Алабука, Аксы райондорунун калкы үчүн Кербен кыштагында өкүл коюлаарын билдирди. Акыйкатчынын маалыматына караганда, өлкө боюнча ага 3 миңден ашык адам кайрылган. Баткен коогалаңында жумуштан негизсиз айдалган 9 милиционер менен Каракөл шаарындагы 100 киши Акыйкатчынын кийлигишүүсү менен ишке кайра орноштурулуп, укуктары калыбына келтирилген. Кызылкыя шаарынан туура эмес соттолгон кишиге 200 миң сомдук компенсация төлөө жагы Финансы министрлигине жүктөлгөн. Мыйзам бузган соттун үстүнөн кылмыш иши козголгон. Облустук өкүлчүлүккө кайрылган 89 арыздын 60тан ашыгы канааттандырылган.

XS
SM
MD
LG