Демократиялык партиянын башкы кандидаты болгонго талаптангандардын ички саясаттын проблемалары боюнча бирдей позициясы жок. Вермонттун мурдагы губернатору Говард Дин менен Массачусетс штатынан шайланган сенатор Жон Керри бейшемби күнкү талаштарда, мисалы, салык реформасына байланыштуу кыйла эле акыйлашып калышты. Экс-губернатор салыктарды кескин кыскарткан Буштун чечимин кайра өзгөртүүнү жактайт, сенатор болсо мындай кадам баарыдан мурда өлкөдөгү орто таптын жонун жукартат деп эсептейт. Ал эми Кошмо Штаттары эмгек рыногу, адам укуктары чөйрөсүндө эл аралык стандарттарга жете элек өлкөлөр менен соода-сатык кылганда абдан кылдат жана кыйкымчыл болууга тийиш деген партиялаш айрым атаандаштарынын көз караштарына Коннектикут штатынан шайланган сенатор Жозеф Либерман дегеле макул эмес. Түндүк Каролина штатынын өкүлү, сенатор Жон Эдуардс негизинен жаштардын жана аялдардын абалын өз платформасынын өзөктүү маселеси кылып алгысы келет.
Ички саясатта ит тартыш болушканы менен демократтар эки маселеге – америкалык экономиканын азыркы абалына жана Ирактагы кырдаалга келгенде дээрлик коендой окшош позицияда турушат. Президент Буштун жоопкерчилиги жөнүндөгү талапты сенатор Жон Керри өзүнүн бүткүл шайлоо кампаниясынын уңгулуу урааны кылып жарыялады. Говард Дин азыркы администрациянын башчысы чындыкты бурмалап, америкалыктарды согушка тартты деп эсептейт. “Президент бизге Ирак Африкадан уран сатып алды деп айткан эле. Анысы калп болуп чыкты. Вице-президент болсо Ирак атом бомбасын түзгөнү калды деген эле. Мунусу да ырасталган жок. Ал эми коргоо министри бизди Ирактын массалык кыргын куралдары Тикрит менен Багдаддын чек-бакасында катылып жатканын бөркүндөй билерине ишендирген болчу. Бирок бул да калп экен”, - деп айтты Дин.
Буштун экономикалык саясатын демократтар эки жүз жылдын ичиндеги “эң начар программа” деп атап жатышат. Жумушсуздук быйыл жайда эң жогорку чекке – 6,2 процентке жетти. Буш президент болгондон бери эле өлкөдө дээрлик үч миллионго чукул киши ишсиз калды. Аталган тармактагы абал, демократтардын баасында, улуу депрессиянын алдында президент Герберт Гувердин тушунда гана болгон эле.
Көпчүлүк байкоочулар,анын ичинде америкалык эксперттер дал ушул эки тема – экономика менен Ирак – алдыдагы президенттик шайлоо кампаниясы маалында Буштун партиясы менен демократтардын ортосундагы саясий айкаш-чайкаштардын негизги багыты болуп калат дешет. Өзүнүн экономикалык программасын коргоп, президент Буш бейшемби күнү Канзас-Ситидеги сөзүндө администрация радикалдуу чараларды көрбөгөндө өлкөдө өндүрүш мындан төмөн болот эле деп билдирди. Бюджеттеги тартыштыктын тең жарымы, Буштун сөзү боюнча, экономикалык басаңдоодон пайда болду. Дефициттин чейрек бөлүгүн Ирактагы согуш шарттады. Биз азыр Американы жек көргөн күчтөр менен согушуп жатабыз, деп айтты Буш. Бу согушта жеңип чыгып, өлкөнүн кынтыксыз коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каражатты аянбоо керек.
Жакынкы күндөрдө Буштун администрациясы конгресске кайрылып, Ирактагы кайра куруу иштерине чукул тартипте 65 миллиард доллар кредит бөлүүнү сураганы жатат. Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд бейшемби күнү Багдадга келип,Иракта кырдаал күн сайын жакшырып баратат деп билдирди.