Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

АМЕРИКА ИРАКТА ЖАРДАМГА МУКТАЖ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Ирак боюнча АКШ сунуш кылган жаңы резолюциянын долборун талкуулоодо. Жаңы долбордо АКШ Иракта эл аралык күчтөрдү жайгашырууну сунуш кылат. Бирок Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү Франция бул долбор аны ынандырбай турганын билдирүүдө.

АКШ иштеп чыккан жаңы долбор боюнча, Иракта тынчтыкты орнотуу үчүн Улуттар Уюмунун эгидасы алдындагы эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу сунуш кылынат. Бирок Вашингтон Ирактагы эл аралык контингентке командачылык кылуу укугу АКШда кала бериши керек деп эсептейт. Жаңы резолюция долбору боюнча, Улуттар Уюмунун өлкөдө демократиялык кайра курууну ишке ашыруудагы ролу бир аз кеңейтилет. Ал эми Ирактын башкаруучу кеңешине өлкөнүн жаңы Конституциясын иштеп чыгуунун жана өлкөдө жалпы шайлоо өткөрүүнүн так даталарын аныктоо сунуш этилет.

Бирок Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү Франция АКШ талкууга коюп жаткан жаңы резолюциянын долбору аны ынандырбай турганын билдирди. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер менен Франциянын президенти Жак Ширак 4-сентябрда жасаган биргелешкен билдирүүсүндө жаңы долбор боюнча, ООНдун ролу чектелүү бойдон кала берип жатканына, ал эми Ирактын убактылуу өкмөтү өлкөнү кайра куруу жараянында активдүү рол ойнобостон байкоочунун ордуна кала берип жатканына нааразы болушту. Дрезденде өткөн немец-француз саммитинде Германиянын канцлери Герхард Шрөдер мындай деди:

- Согушка кандай мамиледе болбоңуз, аны эмне менен негиздебеңиз, азыр Иракка сталибдүүлүк менен бакубат келечектин перспективасын ачууга убакыт келип жетти. Андай келечекти Ирактагы саясий процесттер үчүн жоопкерчиликти Улуттар Уюму менен Ирактын жаңыдан түзүлгөн өкмөтү өзүлөрүнө алганда гана кепилдөө мүмкүн!

Долборду Кытай этият кубаттаганы менен талкуу учурунда расмий Бээжиндин аны чын ыкластан колдоп берээри күмөн. Иракта ООНдун командачылыгы астындагы эл аралык күчтөрдү жайгаштырууга чакырып келген Орусия да долбоорго каршы чыгаары шексиз. Ошентип, азыр АКШ жакын шериги Британянын гана колдоосуна үмүт арта алат.

Бирок, анткени менен АКШ жаңы долборго Кеңештин башка мүчөлөрү тарабынан киргизилген оңдоолорду талкуулаганга даяр экенин билдирип жатат. 4-сентябрда АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэл: "Биз долбор боюнча башка сунуштарды ынтаа койуп угууга даярбыз", - деп билдирди.

Ирактагы маселелерди чечүүгө эч кимди жолоткусу келбеген АКШнын саясатындагы мындай бурулуш акчанын тартыштыгы менен түшүндүрүлөт. АКШ азыр Иракта жайгаштырылган 140 миңдей солдатын бакканга да, Ирактын экономикасын калыбына келтирүү ишин толук өзү көтөргөнгө да кудуртесиз. Ошон үчүн азыр АКШ Улуттар Уюмуна мүчө өлкөлөрдөн Ирактын чарбасын калыбына келтирүү ишине акча кошумча кылууларын өтүнмөкчү болуп жатат.

Айрым маалыматтар боюнча, АКШы Ирак согушуна 100 миллиард доллар сарптады. Азыр Ирактын оккупациясы бир эле айдын ичинде кеминде 4 миллиард долларды талап кылууда. Ал эми Ирактагы абал болсо мурдагыдай эле кооптуу бойдон кала берип жатат. Ушуга байланыштуу америкалык аскерлер Иракта дагы канча жылга кала турганы белгисиз.

Ирак экономикасын калыбына келтирүү ишин алгалатып, өлкөдөгү абалды, бир аз болсо да, турукташтырууга аракеттенген АКШ өкмөтү азыр Конгресстен дагы 60 миллиард даллар сураганы жатат. АКШнын "Иракты өзүнүн мунайынын эсебинен калыбына келтиребиз" деген пландары учкул ой бойдон калды окшойт.

Арийне, Ирак согушуна байланыштуу солгундап калган абройун сактап калуу үчүн президент Жорж Буш өлкөнүн бүткүл резервтерин мобилизацияласа болот. Бирок шайлоо алдында турган президент андай опураталдуу чарага бара койбойт. Ошон үчүн байкоочулар эгерде резолюция долбору Коопсуздук Кеңешинин катуу каршылыгына тушукса, расмий Вашингтон кеңештин башка мүчөлөрүнүн сунуштарына кулак салганга аргасыз болот деп жатышат.

XS
SM
MD
LG