Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Ооганстандын Забул провинциясында талиптердин беш жоокери колго түштү


Аларды жергиликтүү аскербашы Хажи Сайфулла Хан Калат шаарына кырк чакырым жерде туткундап алганын билдирди. Забулда бир аптадан бери антитеррордук коалициянын күчтөрү ооган аскерлери менен биргелешип талиптерге каршы операцияларды өткөрүп жатат. Операция башталгандан бери, америкалык аскер контингентинин өкүлү билдирген маалыматтарга ылайык, талиптердин 84 жоокери окко учту. Ал эми жергиликтүү аскербашчылардын эсептеринде уруштарда өлгөн талиптердин саны жүздөн ашат. Учурда Пактика провинциясынын чыгышында талиптер айыгышкан каршылык көрсөтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG