Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

ТАШКЕН ЭКИ “ДӨӨ” МЕНЕН ДОСТОШКУСУ КЕЛЕТ


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Россия менен кеңири чөйрөлөрдө кызматташтыгын өнүктүргөнгө астейдил аракеттенип жаткандыгын билдирди. Ошол эле учурда Ташкен Вашингтон менен да өнөктөш бойдон калмакчы.

Өткөн айдын башында Владимир Путин менен Ислам Каримов Самарканда жолугуп,кенен-кесир пикирлешкен эле. Ошол сүйлөшүү, Өзбекстандын Москвадагы элчиси Бахтияр Исламов ырастагандай, эки тараптын мамилесинде жаңы бурулуш болуп калды. Натыйжада Ташкен менен Москванын алакасы акыркы айларда алда канча активдешти. Ушул айдын этегинде Ташкенде өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болгону турат. Ага эки тарап тең өзгөчө маани берип жатат. Өзбек элчиси сентябрдагы сүйлөшүүлөрдө экономикалык карым-катнаштардын кеңейишине даңгыр жол ачылат деп эсептейт.

Ислам Каримов өзү да ушундай ишенимде. “Москва менен экономикалык чөйрөдө эле эмес, саясий жана эл аралык маселелерде, ошондой эле маданий жана билим берүү тармагында алакаларыбызды арттыргыбыз келет”, деп айтты ал өзбек парламентинин кезектеги сессиясы жабылар күнү журналисттер үчүн өткөргөн пресс-конфренцияда. Ошол эле учурда ал Россия менен бардык мамилелер эки тараптуу негизде гана өнүктүрүлө тургандыгын эскертти. Каримов постсоветтик мейкиндиктеги көп тараптуу кызматташтык азырынча эч кандай майнап бере электигин белгилеп, бир катар регионалдык уюмдардын тажрыйбасын буга далил кылып келтирди. Евразия экономикалык бирикмесин, айрыкча бажы союзу жөнүндөгү келишимди Каримов “популизм” деп атады.

Ташкен менен Москванын мамилелери келечектүү экенине өзбек президенти бекем ишенет. “Менимче, Путин өңдүү жетекчилердин аркасында Россия улам барган сайын прагматикалуу позицияга түшүп баратат”, - деп айтты ал. Самаркандагы сүйлөшүүлөрдө буга таасын ынанганын жашырбай, Каримов президент Путиндин августтагы визитин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге оң маанидеги олуттуу түзөтүүлөрдү киргизген окуя катары баалады.

Өзбекстандын Россия менен кызматташтыгын кеңейткиси келип жатканы, Каримовдун сөзү боюнча, Ташкен менен Вашингтондун мамилеси салкындап кеткенин билдирбейт. Муну кийин Интерфакс маалымат агенттигине берген интервьюсунда өзбек тышкы иштер министри Садык Сафиев да баса белгиледи. Кошмо Штаттары эл аралык терроризмге,айрыкча коңшулаш Ооганстандагы радикалдуу күчтөргө каршы күрөшүп жатат, бул жалпы регион үчүн өзгөчө маанилүү жана Өзбекстандын таламдарына төп келет. Дегинкисинде Сафиев бир өлкө менен кызматташтыкты кеңейтүү аракетин экинчи бир мамлекетке жон салуу таризинде жоромолдогон түшүнүктөрдү түп орду менен туура эмес деп эсептейт. Кызматташтык жана күч-аракеттерди бириктирүү бардык тараптарга пайдалуу, деп көрсөттү өзбек министри.

Постсоветтик аймактагы процесстерге агылгалап байкоо салып турушкан эксперттер, алардын арасында лондондук аналитик Алекс Ватанканын пикирине караганда, ырасмий Ташкен бир жагынан Россия менен узак мөөнөттүү экономикалык кызматташтыкты өнүктүргөнгө, экинчи жактан ошондой эле перспективага Кошмо Штаттары менен да алакасын сактап калганга кызыкдар. “Менимче, өзбектер түзүлгөн кырдаалдан майнап, болгондо да практикалык пайда чыгарып калууну көздөп жатышат”, - деп айтты британдык эксперт “Азаттыктын” кабарчысына. Өзгөчө америкалыктар менен өнөктөш болуу өзбектердин кызыкчылыгы үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын алар жакшы түшүнүшөт. Ошол эле учурда Ташкенде Россияга да назар бура башташты,анткени бийликке орус саясатчыларынын жаңы мууну келген соң Москва борборазияга астейдил маани бере баштады, мындай процесстен болсо өзбектер сыртта калгысы келбейт.

Айтмакчы, америкалык конгресстин делегациясы сентябрдын башында Ташкенде ырасмий визит менен болуп, эки тараптын аскерий жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Делегациянын башчысы,өкүлдөр палатасынын мүчөсү Курт Уэлдон америкалык аскерлер Ханабадда өзбек жетекчилиги менен өзбек эли канча зарыл деп тапса, ошончо мөөнөткө чейин кала тургандыгын ырастады. Өзбекстандагы “демократиялык кайра куруулардагы прогрессти” белгилеп, Уэлдон президент Каримовду бул ийгиликтер тууралуу америкалык университтердин бирине келип, лекция окуп кеткенге чакырды.

XS
SM
MD
LG