Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

“ХАМАС” УЮМУ ЖАНА “ЖОЛ КАРТАСЫ” ПЛАНЫ ЖАРГА ТАКАЛДЫ


Жума күнү Италияда Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин эки күндүк жыйыны ачылган. Жылына эки ирет чогулчу министрлердин бул жыйынында Евробиримдиктин болочок конституциясы, Ирактын келечеги жана Жакынкы Чыгыштагы абал талкууга алынды. Биримдикке мүчө айрым өлкөлөр палестиндердин “Хамас” уюмун мыйзамсыз террорчул уюм катары жарыялап, кара тизмеге киргизүүнү сунуш кылышты.

Италиядагы жыйындын башында эле Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро Ирактагы согушка карата ар башка көз карашта болуп, ортолоруна жарака кеткен Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдү эми АКШ сунуш кылган Ирак боюнча жаңы резолюция долбоорун биргелеше колдоого үндөдү.

- Ооба, Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө беш өлкө ортосунда бул маселе боюнча конструктивдүү талаштар жүрүп жатат. Бүгүн бул жерде Евробиримдикке мүчө 15 өлкөнүн өкүлдөрү менен кеңешсек, резолюциянын майда-чүйдө жоболору боюнча талкуу дагы улана бермекчи. Айрым өнөктөштөр: "Бул резолюцияда жазылгандар жетишсиз" деп жатышат, бирок басымдуу көпчүлүк документте Бириккен улуттар уюмунун Ирактагы ролун арттыруу, ошондой эле Ирак элинин эгемендигин камсыздоону көздөй олуттуу кадам жасалганын белгилешти.



Франция менен Германия мурунку күнү Вашингтондун жаңы резолюциясында Бириккен улуттарга негизги роль ыйгарылган эмес, Ирактагы бийликти тез арада элге өткөрүп берүү кепилденбейт деп нааразылыгын билдиришкен.

Негизги талаш бирок, Жакынкы Чыгышка байланыштуу маселелерде орун алчудай. Британия менен Голландия палестиндердин "Хамас" уюмун террорчул кыймылдардын кара тизмесине киргизип, мыйзамсыз деп жарыялоону сунуш кылышты. Жума күнү министрлер Жакынкы Чыгыштан жаңы эле кайтып келген Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Хавьер Солананын өткөн айда Иерусалимде 22 кишинин өмүрүн алган жанкечти бомба жардыруусунан кийин ал жакта кырдаал начарлап кеткени тууралуу маалыматын угушту. Ал теракт үчүн жоопкерчиликти "Хамас" уюму өзүнө алган. Европа Биримдиги буга чейин эле "Хамастын" аскерий бөлүмүн эл аралык кара тизмеге киргизген, жума күнү Британиянын тышкы иштер министри кесиптештерин эми уюмду толугу менен мыйзамсыз деп таанууга чакырды.

- Биз буга чейин "Хамаска" мүмкүндүк бергенбиз. Болбосо, июнь айында, андан кийин июлдун башында эле хамасчыларды мыйзамсыз деп жарыяламакчы болуп, алар кан төгүүнү токтотууга макул болгондон кийин, биз да кетенчиктегенбиз. "Хамас" андан кийин биздин үмүтүбүздү актаган жок, ошондуктан эми аны мыйзамсыз деп таанууга мезгил бышып жетти. Бул маселе менимче, бир добуштан колдоого алынышы керек, - деди Жек Стро.


Лондон антип маселени кабыргасынан койгону менен, Франция менен Бельгия "Хамас" уюму палестин коомчулугу арасында саламаттыкты сактоо, билим берүү жаатындагы бир катар долбоорлорду жүзөгө ашырып келатканын айтып, кыймыл мыйзамсыз деп таанылса, карапайым палестиндер көп жардамдан кол жуушат деген пикирин айтышты. Европа Биримдигинин айрым өкүлдөрү "Хамасты" бүт бойдон каралабай, ага кирген кээ бир майда кыймылдар менен жеке адамдардын банктардагы эсептерин тоңдуруп, өзүлөрүн мыйзамсыз деп жарыялоону сунуш кылышты. Евробиримдиктин министрлеринин жыйынында Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракеттерине активдүү катышып, эл аралык "Жол картасы" планын жүзөгө ашырууну толугу менен Кошмо Штаттарга өткөрүп салбоо маселеси да көтөрүлдү. Алардын жыйыны аяктай элек чакта Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббас кызматынан кетүү жөнүндөгү арызын төрага Ясер Арафатка тапшырганы маалым болду. "Жол картасы" аттуу тынчтык планын палестин тараптан колдогон башкы адам кызматынан кетсе, ансыз да куралдуу кагылыштар уланып жаткан Жакынкы Чыгышта эл аралык планга байланыштуу аракеттер да опурталдуу абалга кептелгени шексиз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG