Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

ПАЛЕСТИН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ МАХМУД АББАС КЫЗМАТТАН КЕТТИ


Айданбек Акмат уулу, Прага Палестинанын премьер -министри Махмуд Аббас ишемби күнү кызматтан кетерин жарыялады. Ал мындан төрт ай мурун АКШнын таасири астында Ясир Арафат тарабынан өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн. «Жол картасы» деп аталган Жакынкы Чыгыштагы тынчтык планын аткарууда Вашингтон менен Израил Махмуд Аббасты тандап алган эле.

Палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббастын кызматтан кетүүсүнүн негизги себеби ага Ясир Арафаттын талап кылган бийлик ыйгарым-укуктарын бербей коюшу болду. Махмуд Аббас “Жакынкы Чыгыш” тынчтык планы талап кылгандай террорду басуу жана Палестинанын радикалдуу уюмдарын толук көзөмөлдөө максатында өлкөнүн бардык коопсуздук күчтөрүн өзүнө баш ийдирүүнү талап кылган жана ал үчүн тийиштүү укуктарды берүүнү өтүнүп, өтүп бараткан жумада парламентке кайрылган. Бирок парламент андай укуктарды бербегенден кийин кызматтан кеткендигин ишембиде билдирди.

Саясий иликтөөчүлөрдүн пикиринде, Ясир Арафаттын бийликти колунан алдырбоо аракетинен сырткары, коопсуздук күчтөрүнүн палестинанын радикалдуу уюмдарына кескин каршы аракетинен жарандык согуштун чыгып кетишинен да чочуду. Ошондуктан ал Махмуд Аббастын радикал уюмдарга каршы кескин чараларды көрүүсүнө жол берген жок. Бирок Махмуд Аббастын парламентте кызматтан кеткендиги жарыялаганы менен анын бул ниетине карата өлкө башчысы Ясир Арафаттын жообу азырынча белгисиз. Кандай болгон күндө да жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин Махмуд Аббас өз милдетин аткара бермекчи,

Махмуд Аббастын кызматтан кетүүсү менен “жол картасы” планынын тагдыры да тумандуу болуп калды. Ал пландын негизги авторлорунан болгон Вашингтон Аббастын кызматтан кеткенине карабай “жол картасын” аткаруу улантыла берерин билдирүүдө. Европа биримдиги да Махмуд Аббастын кызматтан кеткенине терең тынчсызданып, Жакынкы Чыгышка Биримдиктин тышкы иштер боюнча комиссары Хавьер Солананы жиберди. Региондогу кырдаал тууралуу Хавьер Солана өзү ишембиде мындай деген:

- Жакынкы Чыгыш тынчтык жараяны азыркы кезде кылдын учунда турат. Биз мындай шартта кандайдыр бир чараларды көрүшүбүз керек. Палестин бийлигиндеги кырдаал азыр ачык белгилүү эмес. Премьер- министр кызматтан кетти, бирок парламент жана президент Ясир Арафаттын аны кабыл алган, албаганы али белгисиз. Мен мүмкүн болушунча жакын арада регионго барып,аларга колубуздан келген жардамды берүүгө аракеттенем.

“Жол картасы” планын түзүүчү төрт тараптын бири болгон Орусия да Махмуд Аббастын кызматтан кетүүсү тынчтык жараянын аткарууда олуттуу кыйынчылыктарды пайда кылаарын билдирди.

Палестин бийлигиинде ушундай кризис күчөп турган чакта Израил “Хамастын” мүчөлөрүнө чабуулду улантууда. Ишемби күнү Израилдин аскерий учагы “Хамастын” рухий лидери Шейх Ахмед Ясиндин үйүнө 250 киллограмдык бомба таштады. Андан Ахмед Ясин жеңил жарадар болду. Бул кол салуудан кийин ого бетер өчөгүшкөн “Хамас” эми алар жөөт өкмөт башчысы Ариэл Шаронду бутага алышканын билдиришти. Израилдин расмий бийлиги болсо “Хамастын” бардык мүчөлөрү бутада экенин 20дан көп кишинин өмүрүн алып кеткен Иерусалимдеги автобусту жардыруудан кийин жарыялаган эле. Ал эми Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери жума соңундагы жыйынында “Хамасты” террордук уюмдардын кара тизмесине кошушту.

Ошентип палестин бийлигиндеги туруксуздук, Жакынкы чыгыш кырдаалын ого бетер курчутуучу киши өлтүрүү менен коштолуп, бул абалдан чыгуунун жолу бара-бара кыйындап баратат.

XS
SM
MD
LG