Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

КЫРГЫЗСТАНДА БИР НЕЧЕ ПАРТИЯ БИРИККЕНИ КАЛДЫ


Кыргызстандын саясий турмушунун тарыхында биринчи жолу бир нече партиялар бириккени турат. Бул демилгенин башында «Жаңы заман» биримдик жана өнүгүү партиясы болууда. Бул партиянын борбордук комитетинин мүчөсү Касым Чаргынов «Азаттыктын» айрым суроолоруна жооп берди.

Кыргызстанда азырынча 40тан ашык партия бар. Алардын ар бири өзүнчө максаттарды алдыга коюшкан. Кыргызстандын саясий турмушунда буга чейин партиялардын бириккен окуясы болгон эмес. Ушул 4 партиянын биригишинин максаты тууралуу «Жаңы заман» биримдик жана өнүгүү партиясынын борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү Касым Чаргынов мындай деди:

- Көп эле партиялардын программасын, ой-тилегин карасак баарыбыздыкы эле бир экен. Программаларыбыз, платформаларыбыз жакын болгондуктан, бириксек таасирдүү, күчтүү болобузбу деген ой-тилек менен бириксек деп жатабыз.

- Кайсы партиялар силер менен биригүүгө макул болуп атышат?

- Биз менен биригүүгө «Жаңы кыймыл» партиясы, «Манас эл» партиясы жана «Кооператорлор» партиясы макул болуп атышат. Биргелешип бир чоң партия түзсөкпү деп атабыз. Ал партия кандай аталат, кандай болот - бириккенде чечилет.

- Биригүү боюнча уюштуруу курултайы качан болгону атат?

- Жакын арада кылсак деп болжоп атабыз. Бардык партиялар өзүнүн жабылышы жөнүндө чечим кабыл алыш керек. Анан кайрадан бир партия түзүлүшү керек.

- Оппозициялык көз караштагы партиялар «биригебиз» деп калса ал партияларга да жол ачыкпы?

- Жол ачык, «кошулабыз» десе. Кошулгандан утабы, утпайбы - ошону салмактап атышат. Ошон үчүн биригүү оңой нерсе эмес экен. Буга чейин 2-3 ай сүйлөшүүлөр жүрүп жатты. Ойлорубуз, тилектерибиз дал келген мезгилде гана ушул партиялар биригүү тууралуу бир чечимге келишет.

- Бириккенден кийин лидерликти талашкан жагдайлар түзүлүшү мүмкүнбү?

- Андай болушу да мүмкүн, аны курултай көрсөтөөр. Бирок биздин партияда биз «бир лидердин тегерегинде болбойлу» деп атайын ушундай кылдык . Себеби, биздин Орто Азияда «жол башчылык» деген бар. Бир жетекчинин тегерегинде болсок, ал бирөөгө жакканы бар, жакпаганы бар. Жыйынтыгында биздин таасирибиз да азайып калышы мүмкүн. Андан көрө бүгүнкү турмушта өз ордун тапкан демилгечил, жаңычыл адамдар кошулсак. Улам бир лидерди 6 айда ооштуруп турганыбыздын себеби - 6 айдын ичинде лидер шайлаган жетекчибиз өзүн көрсөтсө, анан кийин жаңы күчтөр, жаңы ойлор алдыга чыкса деген ой. Себеби бир лидерди 5-10 жылга шайлап алганда ал деле тажайт, ташыркап жүрбөй калышы мүмкүн. Улам бир демилгеси бар, ою бар, түшүнүгү бар адамдар коомду жаңы чекке сүйрөп берип турса, ошонун өзү да утушпу деп ойлойбуз. Биз жалпы элдин кызыкчылыгын ойлоп, коомду улам алдыга сүйрөсөк деген ойдобуз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG