Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:50

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ ДҮЙНӨ КООМЧУЛУГУН ИРАКТЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮГӨ КӨМӨКТӨШҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


Бүбүкан Досалиева, Прага АКШнын президенти Жорж Буш 8-сентябрда сыналгы аркылуу өз элине кайрылуу жасады. Ал Иракты калыбына келтирүү жана эл аралык терроризм менен күрөшүү маселесине арналды. Буш Иракты калыбына келтирүү жана Ооганстанда антитеррордук иш-чараларды жүргүзүү үчүн АКШ Конгрессинен 87 миллиард доллар сураарын билдирди. Андан тышкары Жорж Буш Иракта чыныгы демократияны орнотуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун ролун кеңейтүүгө үндөдү.

АКШ президенти Жорж Буш 15 мүнөттүк телекайрылуусунда террорчулукка каршы багытталган глобалдык согушта Иракты “башкы фронт” деп атады жана террорчулукка каршы согуш дагы уланып жаткандыгын баса белгилеп, террорчулукту түп тамырынан бери жоюу үчүн канча күч жана каражат зарыл болсо, АКШ ошончо күч менен каражатты сарптоого даяр экендигин билдирди.

- Ирактагы, Ооганстандагы сабырдуулук менен демократиянын жеңиши – эл аралык террорчулукка башкы бөгөт болот.

АКШ президентинин билдирүүсү боюнча, Вашингтондун стратегиясынын үч негизги максаты бар. Алар: террорчуларды жок кылуу, Иракты калыбына келтирүүдө башка мамлекеттердин колдоосуна ээ болуу жана ирактыктар өзүн өзү коргоп, келечегин түзүүдө жоопкерчиликти өз моюндарына алуусуна жардам берүү. Бул иш-чаралар үчүн дагы кеминде 87 миллиард доллар зарыл жана аны Буш Конгресстен сураарын кабарлады. 87 миллиард доллардын 66 миллиарды АКШ аскерлерин өнүктүрүү менен чалгындоо иштерине, бир миллиарды Ооганстанда оорукана, мектеп, жолдорду куруп, суу жана электр энергиясы менен камсыздоо иш-чараларына жумшалат.

Жорж Буш азыр Ирактагы 140 миң АКШ аскеринин качан чыгарылаарын так айткан жок. Бирок, АКШ Иракты калыбына келтирүү боюнча жаңы резолюция долбоорун БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө бергендигин белгилөө менен ал резолюция эркин жана демократиялуу Иракты түзүүдө БУУнун толук кандуу катышуусуна жол ача тургандыгын жарыя кылды. Ал тууралуу Жорж Буш:

- Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү эми Ирактын эркин жана демократиялык мамлекет болушуна жетишүү үчүн кеңирирээк ролго ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө жана жоопкерчилигине эгедер, - деди.

Буш андан тышкары жаңы резолюциянын негизинде, Иракты калыбына келтирүү иш-чарасына башка мамлекеттер да аскер жана каражат жагынан көмөктөшүүсү зарыл экендигин баса белгиледи. АКШнын Ирак боюнча жаңы резолюциясы Иракка согуш ачууга каршы болушкан Германия, Франция жана Орусия тарабынан дароо сынга алынып, алар Иракка өз аскерлерин АКШнын эмес, БУУнун жетекчилиги астында гана жибере тургандыктарын жарыя кылышкан.

Буш элине өз саясатына каршы өлкө ичинде карама-каршы пикирлер күчөгөн мезгилде кайрылды. Бул Иракта АКШнын жүздөгөн жоокерлеринин курман болушунан жана айына 4 миллиард доллар каражаттын сарпталышынан улам пайда болууда. Анткени, Иракта согуш башталгандан бери бардыгы 284 АКШ жоокери набыт болсо, анын 147си ушул жылдын 1-майында, Буш “Иракта согуш аяктады» деп жарыялагандан бери өлгөн. Ушундан улам Буштун бул кайрылуусу дароо сынга алынып, келерки президенттик шайлоодо Бушка атаандаш болуучу демократтардын өкүлү Хауэрд Дин “Буштун 15 мүнөттүк кайрылуусу Ирактагы согуш эмне үчүн керек деген суроо айланасында АКШ элинин мазесин 15 айдан бери алып келаткан өкмөт саясатын актабайт” деп билдирди. Демократтардын дагы бир өкүлү, сенатор Жон Керри “Буштун кайрылуусу көп суроолорду жоопсуз калтырды” деп баалады.

XS
SM
MD
LG