Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ: ПАЛЕСТИН АВТОНОМИЯСЫНЫН ӨКМӨТ БАШЧЫЛЫГЫНА АХМЕД КОРАЙИ КӨРСӨТҮЛДҮ


Палестин лидери Ясер Арафат премьер-министрдин кызматына парламенттин спикери Ахмед Корайини көрсөттү. Вашингтон администрациясы автономиянын жаңы кабинет башчысына көбүрөөк ыйгарым укуктар берилсин деп үндөөдө. Газа тилкесинде болсо Израил армиясынын аскерий чабуулдары улантылып жатат.

Ахмед Корайинин талапкерлиги бийликтеги Фатх партиясы менен Палестинаны Боштондукка чыгаруу уюмунун жетекчилигинин колдоосун алганы менен, спикер өзү кабинет башчысынын кызматын ээлөөгө толук макулдугун бере элек. Дүйшөмбүдө Абу Ала ысымы менен да белгилүү Корайи мындай деди:

- Тынчтык процессине кызыкдар тараптардын турумун, алар палестиналыктардан эмнени күтүшөөрүн, Израилдин талаптары менен сунуштары кандай болоорун байкап көргүм келет. Американын кепилдиктери менен колдоосу кандай болот? АКШ, Европа Биримдиги, БУУ жана Россиядан турган төртилтиктин гарантиялары менен жардамы кандай болоор экен? Мен осол болуп калгым келбейт. Бул маселеде ийгиликке жетишебизби же жокбу, аны байкап көргүм келет.

Фатх партиясынын тизмесинде Арафат менен ишембиде бийликтен кеткен Аббастан кийинки эле үчүнчү сапты ээлеген Абу Ала бараңдуу саясатчылардан болуп эсептелет. Ал 1993-жылкы Осло келишимине алып келген тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышкан. Ошол келишимдин негизинде Батыш Иордан менен Газа тилкесинде Палестин автономиясы түзүлгөн болчу. Корайи Израиль менен болгон андан кийинки сүйлөшүүлөрдү да жетектеген. Жети жылдан бери ал парламенттин спикери болуп эмгектенип келген. 65 жаштагы Корайи Израилдин ишенимине ээ болгон палестин саясатчыларынын бири. Ошол эле мезгилде ал Арафаттын да ишенимдүү кишилеринен болуп эсептелет. Мурунку премьер Аббас өңдүү эле Корайи Палестинанын карапайым элинини бир аз болсо да колдоосуна ээ.

Палестин автономиясынынын жетекчилигиндеги саясий вакуумдун пайда болушу аймактагы ансыз да татаал кырдаалды ого бетер кыйындатып жиберет деген чочулоолор жөн жеринен эместигин соңку окуялар көрсөттү. Жаңы премьердин талапкерлиги аталгандан көп узабай, Израиль палестин радикал топторуна каршы ракетадан чабуул койду. Хамастын аскерий канатына кирген мүчөлөрдүн үйлөрү тикучактан аткыланды. Бул соккунун айынан дарыгерлердин айтымында, 15 киши жарадар болду. Жөөт армиясы болсо аткылоодон имаратта курал-жарак, ок-дармек сакталчу жардыргыч заттардын кампасы жарылды деп ырастоодо. Израилдин премьери Ариэл Шарон жекшемби күнү жергиликтүү гезиттердин бирине берген маегинде эми Хамастын бардык мүчөлөрү “бутага алынды” деп айтты. 19-августта Хамастын жоочулары Иерусалимде 22 кишинин өмүрүн кыйган терракт уюштургандан кийин Израил өзүнүн аскерий чабуулдарын күчөттү. Ошондон бери уюмдун 12 мүчөсү жөөт армиясы тарабынан өлтүрүлдү.

Махмуд Аббастын кызматтан кетиши “жол картасы” деп аталган тынчтык планын жүзөгө ашырууну үзгүлтүккө учарытышы мүмкүн деген чочулоолор да жок эмес. Мындан төрт ай мурун Вашингтон менен Тель-Авивдин кысымы менен палестин автономиясында премьер-министрдин кызматы киргизилип, ага элде кадыр-баркы чоң Аббас дайындалган эле. Анын кызматтан кетишинен кийин Палестинанын тышкы иштер министри Набил Шаас: “Тынчтык жараяны токтоп калган жок. Биз макул болгон жол картасынын негизги принциптери бардык тараптардын колдоосун ала алат”, - деп билдирди.

Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянында негизги ролдордун бирин ойногон АКШ Палестин кабинет башчылыгына коопсуздук органдарын көзөмөлдөөгө кудуреттүү, күчтүү саясатчынын келишин каалайт. Вашингтондун айтымында, Махмуд Аббастын кызматынан кетүүсүнүн себептеринин бири - Арафаттын бийликтин бардыгын өз колуна топтоп алгандыгы болду. Жекшемби күнү мамлекеттик катчы Колин Пауэлл НБС(NBC) каналында сүйлөгөн сөзүндө Аббастын кызматтан чегинүүсү тууралуу мындай деп айтты:
- Менимче, премьер-министр Аббастын кызматынан чегинүүсүнө бир нече себеп түрткү болду. Ал терроризм менен күрөшүү үчүн жергиликтүү коопсуздук күчтөрүнүн үстүнөн көзөмөл жүргүзүү максатында башка палестин лидерлеринин керектүү колдоосун ала алган жок.

Ал эми президент Буштун Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс палестин автономиясына кайрылып, “премьер-министрге керектүү ыйгарымдарды берип, ишине тоскоолдук кылбагыла” деп үндөдү.

XS
SM
MD
LG