Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:23

Түндүк Корея түзүлгөнүнүн 55 жылдыгын белгилейт


Орусия президентинин Ыраакы Чыгыш округу боюнча өкүлү Константин Пуликовский бүгүн Түндүк Кореяга төрт күндүк сапарын баштады. Ал Түндүк Кореянын түзүлгөнүнүн 55 жылдыгына арналган шейшемби күнү боло турган салтанатка катышып, президент Владимир Путиндин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ирге катын тапшырат. Константин Пуликовский жекшемби күнү Интерфакс агенттигине берген маалыматында, Орусия Корей жарым аралына энергоресурстарды экспортоого аракеттенип жатканын билдирген. Кытайдын жогорку жетекчилиги да бүгүн Түндүк Кореянын жетекчилигине куттуктоо жиберип, 55 жылдын ичинде социализмди курууда ири ийгиликтерге жетишүүсү менен куттуктады.

XS
SM
MD
LG