БИШКЕК. Кыргызстанда «Манас эл», «Жаңы кыймыл», «Жаңы заман» жана «Кыргызстан кооператорлору» партиялары биригишип, «Алга, Кыргызстан!» аттуу жаңы саясий партия түзүштү. Бул тууралуу ушул партиянын өкүлдөрү бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришти. Жаңы партиянын жетекчиси болуп «Жаңы заман» партиясынын мурдагы башчысы Болот Бегалиев шайланды. Партиянын алгачкы курултайы жакынкы күндөрү Ош шаарында өткөрүлөт.