Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

«ЭЛ АРАЛЫК МУНАПЫС» УЮМУ ИЗРАИЛДИ СЫНДАДЫ


Ушул жекшембиде укук коргоочу "Эл аралык Мунапыс" уюму Израилдин басылып алынган жерлердеги иш-аракеттерин сындаган билдирүү жасады.

"Израиль палестиндердин басылып алынган жерлердеги кыймыл-аракетин одоно чектөөсүн токтотушу керек, бул палестин экономикасына залака келтирип, жакырчылыктын кеңири жайылышына, жумушсуздуктун өсүшүнө жана саламаттык көйгөйлөрүнүн тереңдешине алып келди", - деп айтылат "Эл аралык Мунапыс" уюмунун 7-сентябрда жарык көргөн билдирүүсүндө.

Документке ылайык, Израиль армиясы тарабынан чек аралардын жабылышы, текшерип-өткөрүү бекеттеринин коюлушу, коменданттык саат жана башка чектөөлөрдүн киргизилиши палестин аймактарындагы шаарлар жана айылдар арасындагы каттоону кыйындатып, көп учурда мындай каттоо коркунучтуу же такыр эле мүмкүн болбой калды. Иш жүзүндө, үч жарым миллион палестин шаар камагына дуушар болду. Чектөөлөрдүн кесепетинен палестиндер иш ордуна жете албай калышууда, өндүргөн товарларын кардарларга жеткире албай, унаа чыгымдары кескин өсүп, экспорт базарларынан кол жууп жатышат. Жумушсуздук 50 пайыздан ашкан, калктын жарымынан көбү бүгүн жакырчылыктын чегинен төмөн абалда жашап, тоюнуп тамак иче албай, оору-сыркоо көбөйдү.

Басылып алынган аймактарда палестиндердин басымдуу көпчүлүгү азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү товар таркаткан соопчулук уюмдарынын колун карап калды.

"Израиль, албетте, өз жарандарынын жана чек араларынын коопсуздугун коргоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө укуктуу", - деп эскертет укук коргоочу уюм. Ошол эле убакта, "Мунапыстын" ишениминде, Израилдин дискриминациялоочу иш-чараларды өз билгениндей киргизип, калкты дүңү менен жазалоого укугу жок. "Жүз миңдеген палестиндер саналуу адамдардын кылмыштары үчүн күнөөлүү эмес"- деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн айларда курулган дубал, тосмолордун айынан палестиндер Батыш Жээктин башка аймактарына бара албай, айдоо жерлерге жана ирригациялык сууга жете албай калышты.

Израиль ошондой эле басылып алынган аймактардагы жөөт маалелерин кеңейтип, жаңыларын курууну токтоткон жок.

"Мунапыс" уюму, бир эле мезгилде, палестиналык куралдуу топторду киши өлтүрүү жана Израилдин жарандарын бутага алуу саясатын дароо токтотууга чакырды. Палестин бийликтери да мындай аракеттерди токтотуу үчүн чукул чараларды көрүп, бардык кылмыштарды тыкыр текшерүүгө тийиш.

Билдирүүнүн соңунда "Эл аралык Мунапыс" уюму Израиль бийликтери карапайым жарандарды сотсуз өлүм жазасына тартууну жана башка киши өлтүрүүлөрдү токтотушу керек экендигин баса белгилейт.

XS
SM
MD
LG