Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

ТҮНДҮК КОРЕЯ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН 55 ЖЫЛДЫГЫН МАЙРАМДАДЫ


9-сентябрь күнү Корея Элдик Демократиялык Республикасынын түзүлгөнүнө 55 жыл толду. Маараке урматына ордо шаар Пхеньянда элдик жүрүш жана чакан аскерий парад өттү. Байкоочулар көптөн күткөндөй, Түндүк Корея жакында жасалган жаңы баллистикалык ракеталар пардга катыштырылбады; өлкө лидери Ким Чен Ир салтанатта демейдегидей куттуктоо сөзүн сүйлөбөдү.

Корея Элдик Демократиялык Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн 55 жылдык салтанатына даярдык эски советтик нукта жүрдү. Маалымат каражаттарынын кабарлашынча, байтак шаар Пхеньяндын ар кайсы бөлүктөрүндө майрамдык жүрүшкө катышуучулар күн сайын машыгып жатышты. Пхеньяндын ортолук бөлүгүн реконструкциялап абатташтыруу үчүн, айрым маалыматтар боюнча, өкмөт 2 миллион доллар бөлгөн. Ошентип, майрамдын шаани менен 1 айдын ичинде борбордук Ким Ир Сен аянтына чыккан имараттардын көчө жак бети жакшылап оңдолду.

Майрамга түндүк кореянын аскерий өнөр жайы татыктуу белек камдашты. Түштүк Кореянын абройлуу “Чосон Илбо” гезити бир нече күн мурда ысмы көрсөтүлбөгөн өкмөттүк адамга шилтеп, Түндүк Кореяда 4 миң чакырым алыска жетчү баллистикалык ракета сыноодон өткөнүн жана ал ракета 9-сентябрда Пхеньянда өтчү парадга катышаарын кабарлаган.

Аскерий эксперттер Пхеньяндын жаңы ракетаны сыноодон өткөрүүсү тегин эмес, Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу алты жактуу сүйлөшүүлөр ойрон болушу ыктымал деп жоромол жасашкан. Ал эми Түштүк Корея, Япония жана Кошмо Штаттарынын коргонуу, ошондой эле чалгындоо кызматтары жаңы ракетаны телевизордон көрүүгө ынтызар болуп жатышкан.

“Чосон Илбо” гезитинин жазышынча, түндүк кореялыктар жаңы баллистикалык ракетаны мурдакы советтик окумуштуулардын жардамы менен жасашкан.
Ушул эле гезиттин ырасташынча, азыр коммунисттик Кореяда 9 же 10 ракетасы жана ракета атуучу беш жайы бар.

Бирок, Түндүк Кореянын мамлекетүүлүгүнүн 55 жылдыгына арнап өткөрүлгөн парадга 300 - 400 чамалуу аскер чыгып, эч кандай ракета катышкан эмес.
Бул тууралуу Япониянын “Киодо” жаңылыктар агенттиги Пхеньянда иштеген дипломаттык булактарга таянып маалымдады.

Атын атабоону өтүнгөн батыштык дипломаттын Ройтер агенттигине телефондон айтышынча, Түндүк Кореянын көсөмү Ким Чен Ир параддан өтүп жаткан адамдарга 1, 5 саат бою кол булгалап турган; лекин, эч кандай сөз сүйлөгөн эмес.

Түндүк Кореянын башкы партиялык гезити баш макаласында 55 жылдык мааракени “өлкөнүн улуулугун даңктаган чоң саясый салтанат” деп баалады.

Советтер Союзунун колдоосу менен 1948-жылдын 9-сентябрында түзүлдү деп жарыяланган Корея Элдик Демократиялык Республикасы Кансыз Согуш жылдарынын алгачкы түшүмү. Анын натыйжасында, Корей жарым аралында коммунисттик жана капиталисттик Корея мамлекеттери пайда болгон.

Ушинтип, Түндүк Кореянын мамлекеттүүлүк күнүндө күткөндөй жаңы баллистикалык ракета көрсөтүлбөдү; Ким Чен Ир өлкөнүн өзөктүк программасына байланыштуу өз пикрин билдирбеди.
Бирок, Корея Элдик Армиясынын башкы штабынын акими Ким Ен Чун: “ Кошмо Штаттары Корея Элдик Демократиялык Республикасына болгон касташуу саясатын өзгөртпөсө, өлкө өзүнүн күнкорсуздугунун коргоо үчүн өзөктүк коргонуу күчтөрүн өнүктүрүүнү уланта берет” деп эскертти аскерий парад учурунда сүйлөгөн сөзүндө.

Түндүк Кореянын Россиядагы элчиси Пак Ы-Чун бир нече күн илгери Пхеньяндын мурдакы билдирүүсүн бекемдеп, өзөктүк программа боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнүн зарылдыгы жок, өзөктүк чабуулдан коргонуу куралдарын өнүктүрүү абзел деп билдирген.

Түштүк кореялык талдоочу Сонг Ен-Сандын пикиринче, ырасмий Пхеньян көп жактуу сүйлөшүүлөрдү таштап кете албайт. “Сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыкпайт деп жарыялап алгандан кийин, Түндүк Корея үчүн азыр өз жүзүн сактап калуу маанилүү”, -дейт доктор Сонг.

Ошон үчүн, Түндүк Корея азыр АКШдан сүйлөшүү боюнча бир сунуш болот деп күтүүдө. “The Financial Times” гезитинин АКШлык ырасмий адамдарга шилтеп кабарлашынча, Түндүк Корея куралсызданууну баштамайын, Вашингтон тараптан эч кандай жаңы сунуш болбойт.

XS
SM
MD
LG