Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

АББАС АТКАРА АЛБАГАН ИШТЕР КОРЕЙИНИН КОЛУНАН КЕЛЕБИ?


Палестинанын премьер-министрлигине көрсөтүлгөн Ахмед Корейи эгерде АКШ тарабынан ага колдоо көрсөтүлүп, Израил тоскоолдук кылбаса, жаңы өкмөттү башкарууга макул болорун билдирди. Эксперттер "Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планы эмне болот, Вашингтон бул багыттагы активдүүлүгүн азайтпайбы?" - деген суроолорго жооп издешүүдө.

Америкалык жетекчилик жаңы палестин премьери Ахмед Корейи автономияда коопсуздукту бекемдөө боюнча чечкиндүү чараларды көрмөйүнчө, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планынын келечеги бүдөмүк бойдон кала берээрин эскертишти. Бул тууралуу АКШнын консулу Жефри Фелтман шейшембиде Ахмед Корейи менен жолугушуу учурунда билдирди. Мурунку күнү Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл да NBC телеканалы көрсөткөн интервьюсунда Жакынкы Чыгыштагы эң башкы проблема – террорчулук экенине басым жасады.

- Маселенин баары – Израил менен ынтымакта жашагысы келбеген палестиндердин "Хамас", "Исламий жихад" жана башка террорчул уюмдарына барып такалат. Алар Израилди биротоло кыйратууну көксөшөт, бул күрөштөгү алардын башкы куралы – террорчулук болууда. Ошондуктан, эгерде Палестинанын жаңы премьер-министри тынчтык жараяны, эл аралык "Жол картасы" планы мындан ары ийгиликтүү ишке ашырылышын кааласа, эң биринчи кезекте "Хамас" жана башка террорчул уюмдарга каршы чечкиндүү аракеттер көрүшү абзел.

Ошол эле учурда ал өткөн ишембидеги Израилдин "Хамастын" лидери Шейх Ахмед Ясиндин көзүн тазалоо операциясын айыптап:

- Биз мындай саясатты эч убакта колдобойбуз. Ошондуктан Израилге бейкүнөө адамдар набыт болгон мындай операциялар менен силер жаңы жанкечти хамасчыларды өз колуңар менен жаратып жатасыңар деп ачык айтып жатабыз.

АКШнын мамлекеттик катчысы андан аркы сөзүндө жаңы палестин премьерин Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына катыштырыш үчүн анын бийлик укуктары кеңейтилиши зарыл экенин белгиледи.

Эксперттер АКШ президенти Жорж Буш бийик кызматка киришкен алгачкы жылы Жакынкы Чыгыш проблемасынан өзүн оолак кармап, негизинен "кийлигишпөө" саясатын жүргүзүп келгенин эске салышат. Өткөн жылы жайында гана Американын салтка айланган жөөт-палестин чатагына арачылык кылуу озуйпасына чындап киришкен Жорж Буш андан бери деле каршылаш эки тарапка карата салкын кандуу мамилесин сактоого аракеттенди, деп эсептейт Вашингтондук саясий аналитик Марина Оттовей.

- Кошмо Штаттар чатактын ортосундагы сызыктан чыгып кетпөөгө аракеттенүүдө. Жаатташкан тараптардын алдына кандайдыр талап коер алдында, Америка айрымдар ойлогондой Израилди эле жактап жатып албай, палестиндердин "Хамас" уюмуна карата да сабырдуу мамилесин канчадан бери сактап келатат.

Байкоочулар Израил көп жылдардан берки достук мамилелеринен улам, Жакынкы Чыгыштагы чатакка АКШ арачылык кылышын кааласа, палестин тарап да каршылаш Израилге бир гана АКШ жетиштүү кысым көрсөтө алаарына ишенип, тынчтык орнотуу боюнча бардык үмүтүн Вашингтонго артаарын айтышат.

Ошентип, палестин премьерлигине көрсөтүлгөн Ахмед Корейи АКШнын колдоосуна муктаждыгын айтса, Вашингтон да анын алдына айрым талаптарды койду. Азырынча жаңы өкмөт куралып бүткөнчө, милдетин аткарууну улантып жаткан Палестинанын экс-премьери Махмуд Аббас дал ушундай талаптарды өзүнүн бийлик укуктары чектелүү болгондуктан аткара албаганын, ошондой эле Израил өкмөтү анын палестин калкы арасындагы кадырын көтөрүүгө колдоо көрсөтпөй койгонун айтып, өткөн ишембиде кызматынан баш тарткан болчу.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG