АКШ өкмөтү тарабынан жарыяланган докладда келтирилген маалыматтарга караганда, эки жылдын ичинде "ал-Каида" уюмунун жетекчилеринин үчтөн экиси же өлтүрүлдү же кармалды жана ага каршы көрүлүп жаткан чаралардын жыйынтыгында уюмдун күчү бир кыйла солгундады. Докладда Ирактагы жетишкендиктер да зор экендиги тууралуу айтылат жана коргоо министри Доналд Рамсфелд ал тууралуу 10-сентябрда Вашингтондо атайын жыйын өткөрдү. Анын айтымында, беш айдын ичинде Иракта жүздөн ашык көз карандысыз гезит пайда болду, жаңы борбордук банк ачылып жана убактылуу өкмөт куралып, 55 миң адамдан турган коопсуздук күчтөрү түзүлдү.
Ошондуктан, министрдин пикиринде, Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштери Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Алмания менен Жапoнияны кайра куруудан ылдам жүрүп жатат:
"Бул абдан оор жумуш, бирок ал ийгиликтүү өтүп жатат жана биздин адамдар өтө жакшы иштөөдө. Мен айтаар элем, иштин тездиги согуштан кийинки Алмания же Жапoниядагыдан, же акыркы мезгилде Босния менен Косоводо аткарылган иштерден ылдам жүрүп жатат".
Ийгиликтер тууралуу 10-сентябрда президент Жорж Буш дагы Виржиния штатындагы ФБРдин базасында чыгып сүйлөгөндө кабарлады. Ошол эле күнү кечинде Буш мындан эки жыл мурда Нью-Йорк шаарында ишке ашырылган террор аракетинен курман болгондордун туугандары менен жолугуп, Оскар сыйлыгына татыган "Эгиз мунаралар" аттуу даректүү тасманын авторлорун кабыл алды. 11-сентябрда президент чиркөөдөгү ийбадатка катышып жана Ак Үйдө эскерүү жыйынын өткөргөндөн кийин, ооруканада жаткан америкалык аскерлер менен жолукту. Алар террорчулукка каршы аракеттер учурунда же Ирактагы кагылышууларда жараат алгандар.
Анткен менен президент Буш өз сөзүндө "ал-Каида" дагы эле коркунучтуу уюм бойдон калып жатканы тууралуу да айтып, АКШга каршы ал жаңы террор аракеттерин даярдап жатат деп билдирди. 10-сентябрда "ал-Жазира" сыналгысы көрсөткөн тасмада дагы уюм жаңы аракеттерди пландаштырып жатканы тууралуу айтылат. Тасмага "ал-Каиданын" жетекчиси Усама бин Ладен жана анын жогорку жардамчыларынын бири Айман Завахири тартылган. Кээ бир маалыматтар боюнча, Завахири жакында Ирандын аймагында кармалган, сыналгынын жетекчилеринин айтымында болсо, тасма "ас-Сахаб" фирмасы тарабынан чыгарылган жана мындан бир нече ай мурда тартылып алынган болуш керек.
Тасмада бин Ладен менен Завахири 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга жасалган террордук чабуул тууралуу сүйлөп, аны ишке ашыргандарды мактайт. Анткен менен Завахиринин айтымында, ал террор аракеттери АКШга каршы ачылган согуштун башталышы гана жана келечекте андан да катуу чабуулдар жасалат. Ирактагы окуяларга кайрылып, Завахири АКШ жаңы согуш баштоо менен өзү "ал-Каидага" баа жеткис жардам көрсөттү, анткени, биринчиден, уюмга каршы багытталган аракеттерин басаңдатууга аргасыз болду, экинчиден, мусулмандар менен болгон мамилесин бузду дейт. Андан тышкары, Завахиринин пикиринде, америкалыктар Иракта сазга баткандай көпкө тыгылды жана өлкөдөн кетебиз десе, алар бардык жетишкендиктерин жоготот.
АКШ адистери азыр тасманы иликтеп, анда чындап эле бин Ладен менен Завахири тартылганын же алардын сөздөрүндө жашыруун белгилер бар же жок экенин текшерүүдө.