Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:17

ИЗРАИЛДИН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ ПАЛЕСТИН ЖАН КЕЧТИЛЕРИНЕ КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТМӨК БОЛУУДА


Бүбүкан Досалиева, Прага Жакынкы Чыгышта кырдаал мурдагыдан да курчуп кетти. Индиядагы визитин токтотуп, Израилге кайтып келген премьер-министр Ариэл Шарон бейшембиде коопсуздук комитетинин чукул жыйынын өткөрүп, палестиндик террорчуларга каршы жаңы чараларды көрүп, аларды күчөткөн жатат.

Ариэл Шарондун Индиядагы визитин токтотууга Тел-Авивге жакын жердеги Црифиндеги жана Иерусалимдеги жардыруулар себеп болду. Палестиндик эки жан кечти жасаган жардыруу 15 адамдын өмүрүн алып, 50дөн ашык адамды майып кылды. Буга кыжырданган Шарон бейшембиде өз өкмөтүнүн коопсуздук кеңешинин жыйынынын өткөрүп, палестиндик согушчандарга каршы кандай катуу чараларды көрүү маселесин тактады.

Ариэл Шарон буга чейин Ясир Арафатты Палестиндин аймагынан кууп чыгыш керек деген чакырыкка колдоо көрсөткөн эмес. Буга АКШнын басымы түрткү болгон эле. Айрым саясат иликтөөчүлөрдүн баамына караганда, Шарон эми ал чакырыкты жактап жибериши да мүмкүн деп жатышат.

Ал эми палестиндик жан кечтилердин жардыруусуна Израилдин “Хамас” уюмунун көсөмү Ахмед Яссинди өлтүрүүгө болгон аракет жана уюмдун Хеврондогу согушчандарынын командирин өлтүрүү себеп болду. Андан тышкары шаршембиде Израил аскерлери палестиндердин Газа тилкесиндеги турак үйлөрүн ракета менен аткылап, Хамас уюмунун башчысы Махмуд аз-Захар менен аялы жарат алып, анын 20 жаштагы уулу мерт болгон. аз-Захар ооруканага жеткирилгенден кийин:

Бул кылмыш карама-каршылыкты ого бетер курчутат. Алар өз максатына жетүүгө аракеттенип жатканда биз өлүшүбүз айдан ачык. Эртеби, кечпи биз боштондукка ээ болобуз,-деп ызырына билдирди.

Ал эми Палестинанын премьер-министрлик кызматына жаңыдан киришип, өкмөтүн кура баштаган Ахмед Корайи палестиндик жан кечтилердин жардырууларын катуу айыптай тургандыгын төмөнкүчө билдирди:

Биз, Палестиндин бийлик жетекчилери, ал жардырууларды катуу айыптайбыз. Мындай чара колдонулбашы керек эле. Ал Палестин элинин жана жетекчилигинин кызыкчылыгына карама- каршы келет, алар мындай актыларга баруудан мурун сабырдуулукту бекем кармануулары керек эле. Айкын болуп тургандай, жардырууну Палестинанын жетекчилери жана Ясир Арафат өтө катуу, өтө кескин айыптап жатат.

Ахмед Корайи Израил зордук-зомбулукту токтото турган сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого милдеттүү экендигин да:

- Бир гана ой проблеманы чече алат. Ал тынчтыкка кантип жетишебиз, коопсуздукту кантип камсыз кылабыз деген гана ой. Көйгөйдү чечүүнүн жолу ушул гана. Бул үчүн биз олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярбыз, - деп баса белгиледи.

Израилдин жетекчилиги Корайинин бул билдирүүсүнө кандай жооп айтаары али белгисиз. Ал эми Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга жан далбастап жаткан АКШнын президенти Жорж Буш шаршембиде Кувейттин премьер-министри менен жолугушуу учурунда, келечекте региондо тынчтык орнооруна катуу ишенгендигин билдирүү менен ал үчүн Палестиндин жаңы өкмөт башчысы Ахмед Корайи көп аракет кылышы зарыл экендигин төмөнкүчө баса белгиледи:

- Эми ал эки башкы жагдайды чечүүгө кызыкдар болууга милдеттүү. Алар өкмөтүн түзгөндөн кийин бардык коопсуздук күчтөрдү өкмөттүн көзөмөлүнүн алдында кармашы, андан кийин ошол коопсуздук күчтөрдү киши өлтүргүчтөргө каршы колдонушу зарыл.

Ахмед Корайи өкмөт башына келгенде:

- Палестиндин төрагасы Ясир Арафат өкмөттү түзүшүмдү катуу талап кылды. Мен кризис жана проблемалар менен бетме-бет чыгуу үчүн макулдугумду бердим. Мен макул болдум. Мен тобокелчиликке барам, мен жоопкерчиликти өзүмө алам,- деп жарыялагандан.

XS
SM
MD
LG