Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

ХОРВАТТАР МЕНЕН СЕБРДЕР БИРИ-БИРИН КЕЧИРИШТИ


Ушул аптада Балкан аймагынын бейкуттугу үчүн өтө маанилүү окуя орун алды. Тактап айтканда, Хорватия менен Сербия-Черногориенин президенттери согуш мезгилиндеги кылмыштар үчүн бир-биринен кечирим сурашты.

10-сентябрда Хорватиянын президенти Степан Месич Сербия жана Черногориеге бир күндүк тарыхый сапар менен барды. Бул - Хорватия мурдагы Югославиядан өз алдынчалык жарыялагандан берки эки коңшунун ортосундагы алгачкы президенттик визит болуп калды.

Месич менен Сербия, Черногориенин президенти Светозар Марович бир сааттык жолугушуусунан кийин кабарчылардын алдына чыгышты. Капилеттен озунуп кечирим сураган Марович болду:

- Мен хорват атуулдарына каршы Сербия менен Черногориенин жарандары атуулдары бардык карамүртөз иштер үчүн кечирим сурагым келет.

Месич Маровичтин өтүнүчүн канааттандырып, өзү да сербдердин алдына түштү:

- Мен президент Маровичтин кечирим берүү өтүнүчүн кабыл алам. Өз атымдан мен да кыйчалышта кыңыр ишке барып, мыйзамды чакмак ойногон хорват атуулдарынын колунан зордук-зобун көргөн бардык атуулдардан кечирим сурайм.

Сербдер менен хорваттар тили, тарыхы, маданияты боюнча кыргыз менен казактардай эле бир тууган эл. 1990-жылдын башында Югославиядан өз алдынчалык жарыялагандан кийин Хорватия өз аймагындагы серб азчылыгы менен согушкан. Югослав армиясынын жана Белград өкмөтүнүн колдоосуна таянган серб азчылыгы туруштук бере албай, 300 миңге чукулу Сербияга өтө качкан. 1995-жылы аяктаган согуштан кийин алардын 100 миң чактысы гана киндик каны тамган жерлерине кайтып келди.

Сербия, Черногориеге салыштырмалуу, Хорватия экономикалык жактан чапчаң, Европа Биримдигине кирүү мүмкүнчүлүгү да жогору. Соңку жылдары бул өлкөгө качкындарды кабыл алышына кысым күч алды. Белградга келишинде президент Месич эки өлкө ортосундагы мындай талаш маселелер чечилмейинче, ыкчам жылыш болбой тургандыгын моюнга алды. Месич качкындардын кайтышын тездетүү керек деп эсептээрин жашырбайт. Белградда ал "Хорватияда демократиянын торолуп, баралына жеткенин качкындар маселесине карап билүүгө болот", - деди.

Эки өлкө дипломатиялык алакаларын 1996-жылы калыбына келтиришкен. Бирок, ушул жайда гана виза, соода жана чек ара чектөөлөрүн жөнөкөйлөтө башташты. Ал эми ушул шейшемби күнү 1991-жылдан бери биринчи жолу Загреб менен Белграддын ортосунда жүргүнчү учагы абага көтөрүлдү.

Скрипкачы Биляна Пелич согуш мезгилинде Хорватиядан Чех Жумуриятына келип, Прагада жашап калган. Ал хорваттар менен сербдердин бир бирине кол сунуп, элдешип жатышына жетине албай, биздин радиого мындай деди:

- Менимче, бул чоң окуя болуп калды. Көп жылдан берки согуштан жана кыйракандан кийин эки эл мунасага келишти. (Хорваттар менен сербдер) бир аймакка – Европага карайт, ошондуктан алар ынтымакта жашашы керек.

Пелич Белградда жарык дүйнөгө келген, Загребде чоңойгон. Атасы - хорват, энеси – серб. Эми музыкант кыздын эки өлкөдөгү эки улуттагы урук-туугандары коркуп-үркпөй катташып турууга кең-кесири мүмкүндүк алышууда.

XS
SM
MD
LG