Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

АКШ: ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛДУН АЛААМАТЫ ЭСТЕН КЕТПЕЙТ


Бүбүкан Досалиева, Прага АКШнын тургундары мындан туура эки жыл мурун 11-сентябрда үч миңге жакын адамдын өмүрүн алып, дүйнө элин катуу сестенткен террордук чабуул алааматын эскеришти. Нью-Йорктун сыймыгы болгон эң бийик эгиз имарат турган жерде, Вашингтондо жана Пенсилванияда өткөн эскерүү каадасы жер жүзүндөгү бардык адамдарды ойго салып, адамзаттын бири-бирине тири укмуштуудай зомбулук жасоосунун зарылдыгы жок экендигин дагы бир жолу эскерткендей болуп, өтө таасирдүү өттү.

Эскерүү адегенде Нью-Йорктогу эң бийик эгиз имарат турган жерде музыка менен башталды. 200 баладан турган балдар хору АКШнын гимнин аткарышты. Андан кийин балдар жана жардырууда курман болгондордун урпактары, бир туугандары бейкүнөө шейит кеткен 2 миң 792 адамдын атын бирден атап чыгышты.

Жакындарын эскерип, көз жашын төккөн миңдеген адам андан кийин тири укмуш чабуулдан кыйраган имараттардын пайдубалы түптөлгөн чуңкурга түшүштү. Курман болгондордун көбү аза күткөндүктүн белгиси катары кара көйнөк кийип, ак тасма байланып алышкан. Айрымдары үмүттүн жышаанасын билдирген сары көйнөктөрдү кийишкен. Алар жети кабат үйдүн бийиктиги менен барабар болгон тереңдикке былтыр да түшүшкөн эле. Балким, алар быйыл Нью-Йорктун эң аялуу жарасын билдирген бул жерге акыркы жолу түшүштү. Анткени, эмдиги жылдан тарта ал жерде парк жана эстелик мемориал менен курчалган жаңы бийик имарат курула башташы мүмкүн. Эскерүү иш чарасы бүткөндөн кийин эгиз имарат турган жерден күйгүзүлгөн көк түстөгү кош жарык асманды тиреп, бир эле Нью-Йорктуктар эмес, аны көргөн дүйнөдөгү бардык адамдардын ичин сыздатып, ошол эле учурда америкалыктардын эрк–күчүн билдиргендей кашкайып турду.

Ал эми Нью-Йорктун мэри Майкл Блумберг эскерүүгө жаш балдар атайы тандалып алынгандыгын, себеби, “аларда Нью-Йорктун руху жашап жаткандыгын” баса белгиледи.

Нью-Йорк менен бирге эле эскерүү каадасы үчүнчү учак 184 адамдын өмүрүн алып кеткен Пентагондо жана Вашингтондон 200 чакырым алыстыкта турган Пенсильванияда болду. Ал жерге 60тан ашык жүргүнчүсү менен төртүнчү учак кулап түшкөн эле. Бул жерлердин бардыгында курман болгондор үн чыгарбай бир мүнөт эскерилип, курман болгондордун элеси америкалыктардын алдына зордук-зомбулук менен күрөшүүгө жаңы милдеттерди коюп жаткандай болуп турду. Буга АКШ президенти Жорж Буштун Вашингтондогу эскерүү маалында сүйлөгөн төмөнкү сөзү күбө:

- Биз кайраттуу жана акыл-эстүү болуу үчүн кудайга сыйынабыз. Биз нечен ирет улутубузду жалгаганы үчүн кудайга ыраазыбыз. Ошондой эле дал ушул күнү жаны ачып тургандарды жалгай көр деп андан суранабыз,- деди Жорж Буш.

Ал эми АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд 11-сентябрда курман болгондор менен бирге террорчулукка каршы ошол терракт жол салып кеткен күрөштө курман болгондорду да эскерди:

- Келгиле, Нью-Йоркто, Пенсилванияда, Пентагондун жанында, Ооганстандын тоолорунда, Иракта курман богондордун баарын эскерели. Келгиле, өзүбүздү ошол учурга кайрып барып, зомбулукту эркиндик жеңгендигин эстейли.

Нью-Йорктогу эскерүү борбор шаардын ошол кездеги мэри Рудолф Жулианинин кыйрап калган имараттардын жер төлөсүндө сүйлөгөн сөзү менен коштолду. Жулиани өз сөзүн Улуу Британиянын атактуу премьер-министри Рузвельт Черчиллдин экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, нацисттер таштаган бомбадан кыйраган үйдүн урандысында туруп, “Келгиле, келечекке бирге баралы” деген сөзү менен бүтүрдү.

XS
SM
MD
LG