Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ӨКМӨТКӨ ЭКИ АЙЛЫК МӨӨНӨТ БЕРДИ


Жума күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бир апталык талкуудан кийин Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы боюнча токтом кабыл алды. Аны аткарыш үчүн палата өкмөткө ноябрь айына чейин мөөнөт берди. Премьер-министр Николай Танаев депутаттар көтөргөн маселелерди иликтеп, аткарууга өкмөт ушул дүйшөмбүдө киришээрин убада кылды. Бирок токтомдун өз мөөнөтүндө аткарылаарына бардык эле депутаттар ишенет деп айтууга болбойт.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны талкууну дүйшөмбүдө өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу премьер-министрдин маалыматын угуу менен баштап, ал бир аптага созулду. Жыйынтык документти - төрт пункттан турган токтомду - көзөмөлдөө милдети Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасына жүктөлдү. Отурумдан кийин журналисттер менен жолугушууда төрага Абдыганы Эркебаев токтомго мындай баа берди:

- Аткарылбай турган маселелерди киргизген жокпуз. Депутаттар айткан сунуш-пикирлерди стенограмма түрүндө өкмөткө беребиз. Өкмөт атайын жыйынында карап, иликтеп, талдап, кайсыларын азыр аткарса болот, кайсыларын эмдиги жылга калтырса болот - өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө, казынага жараша аракет кылат. Ушундай чечим кабыл алынганы үчүн канааттанып турам.

Талкуу учурунда төрага «өлкөдө социалдык-экономикалык жагдай өтө начар» деген пикирлерге кошулбай турганын билдирген болчу. Ал эми депутаттардын басымдуу бөлүгү 5 күнгө созулган талкуунун жүрүшүндө өз округдарынын мисалында элдин турмушундагы өксүктөргө басым жасашты. Жалпысынан пенсияга, айлык маянага, жерге, электр энергиясына, менчиктештирүүгө, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерине, айыл чарба салыктарына байланышкан маселелер көтөрүлдү. Тартип коргоо органдарын депутат Алымбай Султанов «кээ бир топторго укук коргоо органдарынын жетекчилери колдоо көрсөтүшөт» деп сындады. Депутат Алевтина Проненко мыйзамдарды ириде тартип коргоо органдары бузуп жатканын мындайча белгиледи:

- Мен турак-жай проблемалары, одоно мыйзам бузуулар боюнча прокуратурага канча ирет кайрылдым? Эч кандай чара көрүлбөйт. Тартип коргоо органдары укук бузуучу органдарга айланды.

Бул узак талкуунун жүрүшүндө мурдагыдай өкмөттү кызматтан кетирүү маселеси көтөрүлгөн жок. Бирок өз милдетин аткара албай жаткан жетекчилерге чара көрүүнү айрым депутаттар премьер-министр Николай Танаевге сунуш кылышты. Депутат Бакыт Керимбековдун пикиринде, азыркы премьер-министр мындай кадамдарга бара турган убакыт жетти.

- Тазалоо убактысы жетти. Менимче, биринчи кезекте өзгөчө кырдаалдар министри кызматтан кетиши керек, - деди депутат Б. Керимбеков.

Премьер-министр акыркы сөзүндө парламент мүчөлөрү көтөргөн бардык маселелерди келерки дүйшөмбүдө өкмөт жыйынына алып чыгууну убада кылды. Ал талкуунун стенограммасын Жогорку Кеңеш кабыл алынган токтомго кошо тиркеп, өкмөткө толугу менен бере турган болду. Ал эми токтомдун аткарылышы тууралуу маалыматты парламент ноябрь айында угат. Бирок талкууда токтомдун кынтыксыз аткарылышынан күмөнсүгөн депутаттар да аз эмес экени байкалды.

- Биз «өкмөт жыл этегинде депутаттардын сунуштарынын аткарылышы боюнча отчет берсин» деп атабыз. Мен сиздерди ишендирип коеюн, урматтуу депутаттар, өкмөт бул жерде айтылгандардын төрттөн бирин, керек болсо, бештен бирин аткарышы да күмөн. Биз: «Эмне үчүн маяна төлөнбөйт, мугалимдердин айлыгы эмнеге көбөйбөйт?» - деп сурап атабыз. А өкмөт болсо азыр бул эмес, бюджеттин чукул аткара турган бөлүгүн да бүтүрө элек, - деди депутат Курманбек Бакиев.

Депутат Турдакун Усубалиев болсо талкууда токтомду дароо кабыл алууга каршы болду. Анын пикиринде, адегенде сунушталган маселелерди иргөөгө өкмөткө убакыт берип, анын мүмкүнчүлүгүнө жараша токтом чыгарыш керек.

- Бул токтомду бүгүн биз кабыл албайлы, - деди депутат. -Эгер кабыл алсак, бул токтом Жогорку Кеңешке да, өкмөткө да, элге да пайда алып келбейт.

Бирок Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Курманбек Бакиев өңдүү депутаттар жактаган бул сунуш өткөн жок. Көпчүлүк добуш менен кабыл алынган токтомдун биринчи пунктунда «премьер-министр Николай Танаевдин өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалыматы эске алынсын» деп жазылды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG