МАГАТЭнин резолюциясында кокус коюлган талап аткарылбаса Иранга каршы кандайдыр бир санкциялар көрүлө турганы каралган жок. Бирок атом энергиясы боюнча эл аралык мекеменин башкаруучулар кеңешинин бу чечими, агенттиктин директору Мохаммад ал-Бардейдин сөзү боюнча, Тегеранга жолдонгон олуттуу эскертүү болду. Атом энергиясын баракат иштерге пайдаланганга Ирандын толук укугу бар, деп билдирди ал. МАГАТЭнин кеңеши Ирандын программасы чын эле бейаскери максаттарды көздөйбү, ушуга ынангысы келет. Бул үчүн МАГАТЭ Тегерандын атомдук обьекттериндеги иштерди кыя кетирбей байкап-багып турарын эскертип, ал-Барадей иран тарабынан өз программасына байланыштуу бардык маалыматтарды чып-чыргасын жашырбай чукул арада ачыкка чыгарууну талап кылды.
МАГАТЭнин резолюциясы Иранга уран байытуу иштерин токтотууну да сунуш кылды. Тегеран бул багытта аракет жасап жатканына эл аралык эксперттер Натанздагы ишканада табылган таныктардан улам ишенишкен эле. Анын үстүнө Иранда 90-жылдан бери уран байытуу чөйрөсүндө тажрыйбалар жасалып келгенин, бирок бу тууралуу эл аралык тийиштүү уюмдарды кабардар кылбаганын Тегеран бийликтери быйыл августта өздөрү моюндашкан эле.
МАГАТЭ соңку үч айдын ичинде Иран эл аралык эксперттер менен ийкемдүү иштеп,активдүү алака түзүп жатканын ырастады. Бирок мунун баарын толук кызматташтык үчүн жетишсиз деп эсептеген көрүнөт.
Тегеран өкүлдөрү болсо МАГАТЭни Батыштагы өлкөлөрдүн, биринчи кезекте Кошмо Штаттардын кысымына кабылып, ошолордун жетегине кирип кетти деп ойлошот. Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Акбар Салехи жума күнкү резолюцияга Австралия, Канада жана Япония демилгечи болгонун белгилеп, бирок алардын артында Кошмо Штаттары турганын көрсөттү. Президент Буштун администрациясы Ирактан соң эми кыялында башка да аймактарга басып кирүү ниетин бага баштады, деп айтты ал. МАГАТЭнин көз карандысыз мамлекетке ультиматум коюп, атайын мөөнөт белгилеп отурганын да Салехи ушундай интервенциянын бир түрүнө жоруду. Иран бул резолюциянын амирин тааныбайт, деп ырастады ал, атургай эми МАГАТЭ менен мамилесин таптакыр өзгөртүшү мүмкүн.
Өз кезегинде Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин өкүлү Адам Ерели МАГАТЭнин чечимин аткаруудан Ирандын баш тартканы анын атомдук аскери программасы бар экенин ырастаган кошумча далил болорун эскертти. МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешине кирген башка өлкөлөр менен тыгыз кызматташууну улантабыз, деп айтты Ерели, эгер Иран эл аралык агенттиктин талабына баш ийбесе, ишти ООНдун коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизгенге туура келет. Ерели ошону менен бирге Ирандын позициясы МАГАТЭ менен кызматташуу жагына өзгөрүшү ыктымал экенин да жокко чыгарбады. Тегеранды биз дал ушуга чакырабыз, деп айтты Ерели.