Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

БИРИККЕН ПАРТИЯЛАР, ПАРЛАМЕНТТИН ТОКТОМУ, МЕДИА-КЕҢЕШТИН ТҮЗҮЛҮШҮ, ООГАНСТАНДАГЫ КЫРГЫЗ ИШКАНАСЫ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Кыргызстанда көз караштары бирдей 4 партия бирикти. Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы жөнүндө токтом кабыл алды. Кийинки президенттик шайлоого катышпай тургандыгы тууралуу президент А. Акаевдин билдирүүсү АКШда колдоо тапты. Ысыккөлдө кыргыз журналисттеринин Медиа-кеңеши түзүлдү. Ош облусундагы “Акташ” акционердик коомунун катышуусу менен Ооганстанда жаңы завод ачылды.

Бул аптада Кыргызстанда «Манас эл», «Жаңы кыймыл», «Жаңы заман» жана «Кыргызстан кооператорлору» партиялары биригишип, «Алга, Кыргызстан!» аттуу жаңы саясий партия түзүштү. Жаңы партиянын жетекчиси болуп «Жаңы заман» партиясынын мурдагы башчысы Болот Бегалиев шайланды. Саясий күчтөр кийинки президенттик шайлоого эмитен даярдык көрө баштаганын эске алганда, алдыда дагы далай биригүү жараяндары турганын эскерткен көз караштар бар. Партиялардын бир тобу президент А. Акаевдин кийинки президенттик шайлоого катышпай турганына чоң үмүт артып турушкандай.

Анын кийинки шайлоого катышууга акысы жоктугун Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети дагы бир жолу тастыктады. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг Кошмо Штаттар президент Аскар Акаевдин келерки президенттик шайлоого өз талапкерлигин койбой тургандыгы тууралуу быйылкы билдирүүсүн кубаттай турганын билдирди. АКШнын элчиси муну «Кыргызстанда демократия орнотууну көздөй жасалган чоң кадам» деп баалады. Кошмо Штаттар болсо адаттагыдай эле Кыргызстандагы бир катар долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүдө. Жакында эле АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) финансылык жардамы менен Баткен облусунда «Суу - тынч жашоонун булагы» аттуу долбоор, Жалалабад облусунун Көкжаңгак шаарында «Дени сак жамаат» аттуу долбоор ишке ашты. Ал эми Чек ара кызматынан алынган маалыматка караганда, АКШ кыргыз чек арачыларына жалпы суммасы 2 млн. долларлык материалдык-техникалык жардам бермек болду.

Ал арада Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы жөнүндө токтом кабыл алды. Токтомго ылайык социалдык-экономикалык абалды жакшыртыш үчүн конкреттүү чараларды көрүү өкмөткө тапшырылды. Токтомдун аткарылышын Мыйзам чыгаруу жыйыны ноябрь айында карайт. Жакында В. И. Лениндин эстелигин ордунан которуу тууралуу токтомго кол койгону үчүн премьер-министр Николай Танаевди Клара Ажыбекова баш болгон «Коммунисттер» партиясы сотко берген. Бирок коммунисттердин доо арызына караганда Мыйзам чыгаруу жыйынынын жогоруда айтылган токтому көбүрөөк роль ойночудай. Анткени эстеликти которгону үчүн өкмөттү кызматтан кетирүүгө караганда аны өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушундагы өксүктөр үчүн алмаштыруу алда канча негиздүү көрүнмөк. Адатта бийликти ар тараптан колдоп келген депутат Турдакун Усубалиев В. И. Лениндин эстелигине катуу жан ачып, өкмөттү кызматтан кетирүү боюнча демилге көтөрүшү бекеринен болбогон сыяктанат.

Кечээ Ыссыккөлдө Кыргызстандын Медиа-кеңеши түзүлүп, анын 9 мүчөсү шайланды. Бул боюнча атайын жыйынга президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков, президенттик администрациянын башчысынын орун басары Темирбек Акматалиев, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, облустук басылмалардын редакторлору катышты. Маалымат каражаттарындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу, журналисттердин укуктарын коргоо жана маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын чыңдоо Медиа-кеңештин негизги максаты катары айтылып келатат. Бирок буга чейин Медиа-кеңеш түзүү демилгеси бир катар бейөкмөт уюмдар менен маалымат каражаттарынын кайчы пикирлерин жараткан.

Бир катар эл аралык уюмдардын көз карашында, Кыргызстанда чын эле массалык маалымат каражаттары боюнча көйгөйлүү маселелер арбын. Жакында «Чек арасыз репортерлор» аттуу эл аралык уюм 139 өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу иликтөөсүн жарыя кылды. Ага ылайык Кыргызстан тизмеде 98-орунду ээледи. Жалпы тизме боюнча Тажикстан 86-орунда, Азербайжан 101, Казакстан 116, Түркмөнстан 136-орунда болуп чыкты. Бул иликтөө ар кайсы мамлекеттердин журналисттерин, юристтерин, изилдөөчүлөрүн сурамжылоонун негизинде түзүлгөн. Тизмеден көрүнүп тургандай, жакынкы жылдары жарандык согуштан жаңы кутулган Тажикстан бул уюмдун баасы боюнча Кыргызстандан алдыда. Ошол себептүү бул иликтөөнүн канчалык объективдүү экенин да айтыш кыйын.

Бул аптада Оштогу «Акташ» акционердик коомунун катышуусу менен Ооганстанда түзүлгөн «Дельта Интернешнл» биргелешкен ишканасы Кабулда шагыл заводун ишке киргизди. Ишкананын ачылыш салтанатында завод жылына 200 миң куб. метр таза шагыл жана кум өндүрөөрү, алар жогорку сапатта болгондуктан, жалаң бетон иштерине керектелээри айтылды. Согуштан кийинки калыбына келтирүү иштери үчүн ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп беришкен кыргызстандык ишкер Эмилбек Касымалиев менен ооганстандык ишкер Гульям Сахиге жергиликтүү элдин өкүлдөрү ырахмат айтышты. Азем өткөрүлгөн күнү эле шагыл заводунун продукциясын керектөөчү 14 фирма менен келишим түзүлдү. «Дельта Интернешнл» биргелешкен ишканасынын Кабулда курулуп жаткан кыш заводу жаңы жылга жакын ишке берилет.

XS
SM
MD
LG