Швеция падышалыгынын добуш берүүгө укугу бар калкынын 41,8 пайызы улуттук валюта - крона менен кош айтышууга даяр экендиктерин билдиргени менен, өлкө евро мейкиндигине азырынча кошулбай турган болду. “Референдумдун жыйынтыгы айдан ачык”, - деди евронун жактоочусу, премьер-министр Йоран Пөршн, жеңилип калганын моюнга алып:
- Бир нерсени эстен чыгарбаш керек. Швеция Европанын башка өлкөлөрүнө караганда жакшы өнүгүп келатат. Жакшы өнүгүп келатканыбызды көрүп турган адамдарды валютаны алмаштырып, улуттук акча менен кош айтышууга көндүрүү абдан кыйын.
Ошол эле мезгилде ал кызматынан чегинбей турганын ырастады. “Бул - өкмөткө ишеним көрсөтүү маселеси эмес”, - деп кесе айтты өкүнүнүчүн жашыралбаган швециялык премьер.
Өлкөдө “евроскептицизм” үстөмдүк кылганы күн мурунтан белгилүү болгону менен, премьердин шериги, евронун тарапкери, тышкы иштер-министри Анна Линддин киши колдуу болушу добуш берүүнүн жыйынтыгына кандайдыр бир оң таасир этээрби деген үмүт пайда болгон эле. Бийликтеги социал-демократтар Линддин калк арасындагы аброюн, ага карата жылуу мамилени эске алуу менен, балким, айрым шайлоочулар анын элесин сыйлап, өз пикирин алмаштырат деп күтүшкөн эле. Министр мындан бир нече күн мурун, 10-сентябрда, Стокголмдун дүкөндөрүнүн биринде бычак жеп өлгөн эле. Өткөн жума күнү борбор калаада Линдди эскерүү каадасы өткөрүлүп, ага 50 миңдей киши чогулду. Бул Вьетнам согушунан берки эң чоң демонстрация болуп калды.
Арийне, шайлоочулардын дээрлик 81 пайызы добуш берүүгө катышкан референдум мурда болжолдонуп келген жыйынтыкка алып келди. 1994-жылы Европа Биримдигине кошулган шведдер уюмду бюрократтык, коррупцияланган түзүлүш катары баалап, ага ишенбөөчүлүк менен мамиле жасашкан. “Бүтүндөй Европанын эли биримдиктин долбоорлоруна терс көз карашта, анткени бийликтин бардыгы Брюссел менен Франкфуртта топтошкон”, - дейт еврого каршы тараптын өкүлү Нилс Лундгрен.
2002-жылы Евробиримдиктин 15 мүчө-мамлекетинин 12синде бирдиктүү акча киргизилген эле. Дания менен Британия болсо Европа валютасына жакынкы келечекте өтүүнү азыркы күнгө чейин көздөбөйт. “Швециядагы референдум Улуу Британиянын позициясына таасир этпейт. Биздин турумубуз белгилүү: бул маселеде биз үчүн негизги фактор – улуттук экономиканын кызыкчылыктары”, - деп ырастады Британиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Ажанс Франс Пресске берген маегинде.
Жекшембиде Данияда өткөрүлгөн сурамжылоого караганда, бул падышалыктын калкынын 56 пайызы еврону киргизүүгө “Ооба” деп жооп берүүгө даяр. Бирок иликтөө кошуна өлкөдөгү референдумдун жыйынтыктарына чейин өткөрүлгөн. Аналитиктердин айтымында, эми Швециянын тажрыйбасы Данияга терс таасирин тийгизет деген чочулоолор пайда болууда. Ал эми даниялык премьер Андерс Фог Расмуссен өз өлкөсүн евро мейкиндикке кошуу максатынан тайбай турганын бышыктады. “Референдум бирдиктүү акчага карата биздин мамилебизди өзгөртпөдү”, - деди Расмуссен. Ошентсе да, евро боюнча референдумду жеңип чыгуу анын өкмөтү үчүн жеңилге турбастыгы айтпаса да белгилүү болуп калды.
14-сентябр күнкү добуш берүүнүн терс жыйынтыгы Швециянын экономикасына да өз залакасын тийгизет деген божомолдор да бар. Бирок Риксбанктын жетекчиси Ларс Хайкенштен билдиргендей, “дүйшөмбү күнү швед экономикасында жума күнкүдөн айырмачылыктар байкалган жок.” Көпчүлүк аналитиктер сыңары эле Хайкенштен улуттук валютанын – кронанын наркы төмөндөп кетиши мүмкүн деп божомолдогон эле. Ошол эле мезгилде бул банкир швед экономикасы евро зонага караганда алда канча күчтүүрөк экенин белгилейт. Ал эми Скандинав банктарында референдумдан кийин кронанын баасы еврого карата арзандаганы байкалган. Бирок бара бара ал калыбына келет деп түкшүмөлдөшөт финансылык базарлардын адистери.
Евробиримдик евронун швед эли тарабынан четке кагылышына байланыштуу билдирүү жасады. Анда: “Швед өкмөтү евро долбоорунан таптакыр баш тарпайт”, - деген үмүт айтылат. Еврокомиссиянын төрагасы Романо Проди жергиликтүү сыналгыдан сүйлөп: “Жыйынтык мен күткүндөн алда канча начар болгонун мойнума алам”, - деген өкүнүчүн билдирди. Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер болсо дүйшөмбүдө швед референдумунун кесепеттери жөнүндө мындай оюн ортого салды:
- Швециялык добуш берүүчүлөрдүн чечими - өкүнүчтүү. Европа Биримдиги аны эске алышы абзел.
Ошол эле жекшемби күнү Эстонияда Брюсселди сооротуучу бир окуя болду. Атап айтканда, өлкө калкы уюмга кошулуу ниетин шайлоо чөлкөмдөрүндө ырастады. Референдумдун жыйынтыгы көрсөткөндөй, добуш берүүгө укуктуу эстондордун 67 пайызы өздөрүнүн келечегин Европа Биримдиги менен байланыштыргысы келет.