Жашыруун добуш берүүгө шаардык кеңештин 36 депутатынын отуз төртү катышты. Шайлоонун жыйынтыгын чыгарган Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев 33 депутат Медетбек Керимкуловго, 1 депутат Анатолий Слизовскийге добушун бергенин, натыйжада Керимкулов экинчи мөөнөткө, дагы 4 жылга Бишкектин мэрлигине шайланганын жарыялады.
- Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамына ылайык шаардык кеңештин депутаттары жашыруун добуш берүү жолу менен Медетбек Керимкуловду дагы бир мөөнөткө Бишкектин мэри кылып шайлашты, - деди Сулайман Иманбаев сессиядан кийин журналисттерге.
Адистер шаар башчыны шайлоо формалдуу болгонун айтышууда. «Керимкуловго атаандаш катары анын кол алдында иштеп келген Анатолий Слизовскийдин көрсөтүлгөнү эле иштин чыныгы жагдайын билдирип турат» дешет алар. Айтмакчы, шаардык кеңештин депутаттары президент Аскар Акаевге кат менен кайрылышып, М.Керимкуловду дагы бир мөөнөткө шаар башчысы кылып шайлоого даяр экендиктерин да билдиришкен.
Ошондон улам шайлоо болгонго чейин эле шаардык кеңештин депутаттары «Керимкуловго өз добушубузду беребиз» деп сөз бекитишкен. Ал тууралуу депутаттар добуш берээр алдында шаардык кеңештин депутаты, Улуттук Гвардиянын жетекчиси Абдыгул Чотбаев «Азаттыкка» мындай пикирин билдирди:
- Сиздин «атаандашкандардын бирөө мэр, бирөө анын орун басары экен» деп суроо бергениңиз туура. Бирок талапкерликке белгилүү, ушул кызматты аркалап кете турган адамдарды көрсөтүш керек да. Мен деле Аскар Акаевичтин ордунда болсом ушул эле адамдарды көрсөтмөкмүн. Бюллетендерди даярдап жатышат, азыр шайлайбыз. Менимче, Медетбек Керимкулов эле утуп чыгат. Анткени, шаардык кеңештин депутаттары Аскар Акаевичке кайрылып, «М. Керимкуловдун дагы бир мөөнөткө иштеп беришине мүмкүнчүлүк бериңиз» дегенбиз.
Шаардык кеңештин депутаты Эмилбек Абдыкадыров да талапкерлер туура тандалган деп эсептейт:
- Башка аймактардан, облустардан келген адамдын талапкерлиги коюлса Бишкек шаары үчүн кыйын болуп калмак. Анатолий Слизовский шаарда иштеп келаткан киши. Анын атаандаш катары көрсөтүлгөнү туура чечим болгон.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңишбек Акматов «Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө жаңы мыйзам зарыл» деген оюн айтып, аны мындайча негиздеди:
- Бүгүнкү Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 1999-жылы президент кол койгон буйрукка ылайык өтүп жатат. Мен билгенден, ал буйрук ошол учурдагы мэрди шайлоо максатында гана атайын кабыл алынган болчу. Ал буйрукка жобо кошо тиркелген. Ал жобо өз күчүн жоготкон. Бишкек шаарынын статусуна ылайык, Жогорку Кеңеш тарабынан мэрди шайлоо жөнүндө мыйзам кабыл алынышы керек эле. Бирок ал иш ушуга чейин аткарылбагандыктан жана жаңы мыйзамдын жоктугунан улам эски жобо менен бүгүнкү шайлоо өтүп жатат.
Мэриянын имаратынын ичинде шайлоонун жыйынтыгы жуулуп, куттуктоолор айтылып жатканда, Бишкектин Свердлов районуна караштуу «Келечек» жаңы конушунун он чакты тургуну пикетке чыкты.
- Биздин айыл 1990-жылдан тартып курула баштаган, - дейт «Келечек» жаңы конушунун тургуну Гүлбүбү Телкараева. – 13 жылдан бери мектеп жок. 1500 бала эртең менен шаардагы мектептерге жете албай, унаага батпай көчөдө калышат. Бүгүн жаңы мэр шайланаарын угуп, атайын ушул жерге келдик.
Мэр шайланган күнү минтип пикеттин өткөнү шаардын чечилбеген маселесинин дале көп экенин айкын көрсөткөн окуя болду.