Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

ИЗРАИЛ: ТЕРРОРЧУЛУКТУ АРАФАТ ОЙЛОП ТАПКАН


Шейшембиде Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши Израилди палестин лидери Ясир Арафатты мекенинен кууп чыгаруу ниетинен баш тартууга үндөгөн резолюцияга добуш бермекчи. Палестиндердин атынан Сирия сунуш кылган резолюция долбоору Коопсуздук Кеңешинде мурунку күнү кызуу талкуу жаратып, бир катар өлкөлөр Израилдин Арафатка каршы аракеттерин айыпташты.

Сирия сунуш кылган резолюция долбоорунда жөөттөр менен палестиндердин эч кандай сотсуз эле кишилерди өлтүрүп, бири-бирине кек сакташы, ошондой эле Израилдин палестин лидери Ясир Арафатты күчкө салып мекенинен кетирүү ниети айыпталат. Дүйшөмбү күнү башталган Бириккен улуттардын Коопсуздук Кеңешиндеги талкуу учурунда бир катар кескин мүнөздөгү билдирүүлөр жасалып, Израил менен Палестинанын элчилери бири-бирине добуш көтөрүп, кайым айтыша кетишти. Талаштын башкы темасы – Ясир Арафат болгондуктан, Бириккен улуттардын Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Терье Род-Ларсен сөзүнүн башында ушул маселеге басым жасады.

- Арафат мырза – палестиндердин демократиялык жол менен шайланган, мыйзамдуу жетекчиси. Ал палестин элинин аң-сезими менен улуттук ой-санаасынын символу болуп калгандыктан, аны менен эсептешпей коюуга болбойт.


Анын бул айткандарына тескери көз карашын билдирип, Израилдин элчиси Дан Гиллерман палестин лидерин башкы террорист катары мүнөздөдү.

- Дүйнөдөгү башаламан террорчул аракеттерди Арафат ойлоп тапкан жана дал өзү башкарууда. Ушунун баарын түшүнүп туруп, канчага чейин айрым өлкөлөр Арафат мырзаны мактап-жактап, аны өз элинин камын ойлоп, коңшулар менен тынчтыкта жашагысы келген мыйзамдуу лидер катары сыпаттай бермекчи? – деп суроо койду Тель-Авивдин Бириккен улуттар уюмундагы элчиси.


Ал Арафатты "өз элинин эң чоң трагедиясы" деп атап, сөзүн андан ары улантып жаткан чакта, Палестинанын элчиси Насер ал-Кидва ордунан тура калып, Израилдин палестин лидерине каршы аракеттерин мыйзамсыз жана акылдан адашкан чечим катары баалап, ачууга алдырып, эшикти тарс жаап чыгып кетти.


Өткөн жекшембиде Израилдин вице-премьери Ехуд Олмерт палестин жетекчиси Арафаттын көзүн тазалоо – аны мекенинен кууп чыгаруу өңдүү чатакты чечүүнүн жолдорунун бири деп айткандан тарта эл аралык коомчулук Тель-Авивге кысым көрсөтүүнү күчөттү. Британиянын тышкы иштер министрлиги Израилдин элчисин чакыртып алып, буга окшогон билдирүүлөргө эч убакта жол берилбеши керектигин белгиледи. Араб өлкөлөрүнүн жетекчилери чукул арада Каирде чогулуп, Израилдин коркутуусуна каршы бирдиктүү чаралар иштеп чыгаарын маалымдашты.

"Ассошиэйтед пресс" агенттиги кабарлагандай, палестин жетекчисинин Рамалладагы кеңсесин азыр 20-30дай ыктыярдуу күзөтчүлөр кайтарып, түнкүсүн ошол жерде тигилген алачыктарда баш калкалап жатышат. Бул иштин уюштуруучулары Ясир Арафатты Израилдин кол салуусунан күнү-түнү коргой турган күзөтчүлөрдүн саны жакын арада кыйла арбытылып, палестиндердин башкы имаратын тегерете 200дөй алачык орнотулаарын билдиришкен. Жакында дайындалган палестин премьери Ахмед Корейи жаңы министрлерди тандоо менен алек, парламенттин кароосуна талапкерлер ушул ишембиде сунуш кылынышы мүмкүн.

Аңгыча эл аралык нааразычылыкты басаңдатуу максатында Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом шейшембиде чет элдик журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп: "Кимдир-бирөөнү өлтүрүп жок кылуу – Израил өкмөтүнүн саясатына кирбейт. Арафатты башка жакка кетирүү жөнүндөгү Улуттук коопсуздук кеңешинин чечими ошол замат турмушка ашырылчу иш эмес", - деп белгиледи.


Кантсе да, Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги талкуу маалында көпчүлүк элчилер Жакынкы Чыгыштагы жаатташкан эки тарап өз саясатына олуттуу өзгөртүүлөр киргизбесе, азыр курчуп турган касташуу көп күттүрбөй кандуу калайманга айланып кетиши ыктымал экенин эскертишти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG