Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

КЫРГЫЗСТАН КОМПЬЮТЕРЛЕШТИРҮҮ АРКЫЛУУ ӨНҮККҮСҮ КЕЛЕТ


16-сентябрда президент Аскар Акаевдин жетекчилиги менен Маалымат-байланыш технологиялары боюнча кеңештин үчүнчү отуруму өттү. Жыйында «Кыргыз Республикасын маалымат-байланыш технологиялары аркылуу өнүктүрүү» аттуу улуттук стратегияны турмушка ашыруунун жолдору талкууга алынды. Ал үчүн «электрондук билим берүү», «электрондук экономика» жана «электрондук өкмөт» деп аталган маселелер боюнча концепциялар жана пландар талкууга алынып, бекитилди. Өлкөнү алдыңкы технологиялар аркылуу өнүктүрүү боюнча бийликтин мындай аракеттеринен майнап чыгаарынан айрым адистер күмөн санашууда.

Маалымат-байланыш технологиялары боюнча кеңештин үчүнчү отурумунда президент Аскар Акаев «Кыргызстан 2003-жылы Женевада жана 2005-жылы Тунисте өтө турган Маалымат коому боюнча бүткүл дүйнөлүк жолугушууга жүзү жарык барууга тийиш» деп белгиледи. Ал үчүн Кыргызстан үч багыт боюнча иш жүргүзүп, билим берүү, экономика жана мамлекеттик башкаруу тармактарын толук компьютерлештирүүгө жетишүүгө тийиш. Мамлекет башчысынын пикиринде, күн тартибине коюлган үчүнчү маселе өзгөчө мааниге ээ.

- Үчүнчү маселе биздин мамлекетте акыйкат башкарууну жайылтуу боюнча алдыга койгон милдеттерибизди, тапшырмабызды аткарууга үндөшүп турат. Эгер биз компьютерди кеңири колдонсок, ачык-айкындыкка жетишебиз. Бул коррупцияга жана башка терс көрүнүштөргө каршы күрөштүн эң жакшы куралына айланат, - деди президент Аскар Акаев.

Жыйында жогоруда аталган тармактарды алдыңкы маалымат технологиялары аркылуу өнүктүрүүнүн концепциялары жана пландары талкууга алынып, бекитилди. Жыйын билим берүү тармагын компьютерлештирүүнү айылдык мектептерден баштаган оң болот деген чечимге келди. Журналисттер жыйындын аягына чейин катыштырылган жок. Кеңеш кандай жыйынтыкка келгени тууралуу вице-премьер-министр, транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиев жыйындан кийин «Азаттыкка» берген маегинде буларга токтолду:

- Айыл мектептеринде компьютерлердин санын көбөйтүү тууралуу чечимге келдик. Мындан тышкары, информатикадан сабак берген мугалимдердин маянасы эки эсе көбөймөкчү. Математика, физика мугалимдерин кайра окутуп, информатика сабагы боюнча билим берүүгө даярдоо маселеси да макулдашылды. Дагы бир маселе - эки-үч райондо бирден компьютер оңдой турган борборлорду ачуу керек деп чечтик.

Экинчи маселеге – электрондук ишкерликти өнүктүрүүгө токтолгон вице-премьердин айтымында, иралды компьютердин түшүн жоруган кыргызстандык адистерге чет мамлекеттегидей чоң маяна төлөп берүүгө жетишүү зарыл. Бирок каражат маселесин өкмөт чет элдик инвесторлордун эсебинен чечүүнү болжолдоодо.

- Кыргызстандык адистерге дүйнөлүк чен-өлчөмдөгү маяна төлөп берүү маселесин келген инвесторлорго маселе катары коюу жагы да каралды, - деди Кубанычбек Жумалиев.

«Электрондук өкмөт» концепциясына ылайык, бийликтин бардык иш-аракеттери Интернетке киргизилип, ар бир адам аны менен таанышып, сын-пикир, каалоо-тилектерин айтып турууга тийиш:

- Президенттин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин жасаган иштери тууралуу маалыматтарды интернет-баракчага коюп туруу да чечилди. Элден келген каттарга, сын-пикирлерге өз убагында жооп берүү маселеси да каралды.

Кубанычбек Жумалиевдин айтымында, азыр Кыргызстанда компьютер чыгаруучу завод куруу боюнча Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ушу тапта заводдун техника-экономикалык негиздемеси иштелүүдө. Заводду курууга Түштүк Корея грант берүүгө ниеттенип жатат.

- Биз Түштүк Корея менен Кыргызстанда компьютер жасоочу завод куруу боюнча макулдашканбыз. Компьютер чыгаруучу компаниялардын жетекчилери «грант бөлүнгөндөн кийин иш баштайбыз» деп жатышат. Бул долбоорго кызыгуу чоң, - дейт вице-премьер-министр.

Айрым саясатчылар өлкө жетекчилигинин мамлекетти алдыңкы маалымат технологиялары аркылуу өнүктүрүү аракеттеринен майнап чыгаарынан күмөн санаганын айтышты. Алардын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Орозбек Дүйшеев - компьютердин күчү менен коррупцияга каршы күрөшсө болооруна ишенбейт.

- Коррупция менен күрөшүш үчүн саясий эрк керек. Экономиканы туташ компьютерлештирип салсак эле өсүш болуп кетпейт да. Байлыктын бардыгы өндүрүштө түзүлөт. Мисалы, компьютерди коюп алганда анын сүрөтүн карап отуруп курсак тойбойт да, - дейт Орозбек Дүйшеев.

XS
SM
MD
LG