Шейшембиде АКШ Конгрессинин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия боюнча комитетинде өткөн талкуу маалында мамлекеттик катчынын орун басары Жон Болтон Дамасктын дарегине олуттуу кинелерди такты. Болтондун айтымында, эң башкысы Сирия – Ирактагы АКШ жетектеген коалициялык күчтөргө каршы душманчыл аракеттерин жайылтып, андан тышкары өзөктүк, биологиялык жана химиялык куралга ээ болууну көздөп жатат.
- Биз Сирия тымызын түрдө Ирактагы коалициялык күчтөргө каршы аракеттенип жатканына күбө болуудабыз. Ирактагы согуш башталаар алдында жана андан кийин да Сирия өзүнүн аймагы аркылуу Иракка аскердик жабдыктарды жеткирүүгө уруксат берип турган. Ошондой эле чет элдик согушчандардын Иракка өтүп, коалициялык аскерлерге кол салып, айрым учурларда аларды өлтүрүшүнө көмөкчү болгон.
Ушул аптанын башында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл да Сирия Вашингтон террорчул уюм деп атаган "Хезболла" кыймылына колдоо көрсөтүүнү токтотуу жана Ливандагы аскерлерин чыгарып кетүү жөнүндөгү АКШнын талаптарын аткарбай, кызматташтыктан оолактап жатканын айткан. Сириянын тышкы иштер министри Фарук аш-Шараа мындай айыптоолордун баарын четке кагып, Дамаск Вашингтондун эл аралык мыйзамдардын алкагындагы жоопкерчиликтүү талаптарын гана кабыл алаарын маалымдады.
АКШ өкмөтү быйыл ушуну менен экинчи жолу Сирияны Ирактагы бейпилдик миссиясына бут тозуп жатат деп күнөөлөдү. Оболу Ирактагы согуштун башында Кошмо Штаттардын коргоо министри Доналд Рамсфелд Саддам Хусейн Сирия аркылуу согуштук техника, курал-жарак менен камсыздалууда деп билдирген. Андан көп узабай Сирия өкмөтү Пентагондун башчысынын айткандарын төгүндөп, минтип отурса жакында АКШ Сирияга каршы согуш башташы мүмкүн деген тынчсыздануусун маалымдаган.
Аналитиктер АКШ өкмөтүнүн андагы жана азыр кайра жанданган Дамасктын дарегине таккан олуттуу кинелери – жөн гана саясий кысым көрсөтүү, опурталдуу аракеттерди алдын-алуу максатын көздөйт деп эсептешет. Мурда Пентагондо жана Мамлекеттик департаментте чалгындоо маалыматтары менен иштеген, азыр АКШнын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун аналитиги Энтони Кордесман: "Болтондун Конгресстеги доклады Ирактагы согуш башталганда топтолгон маалыматтарга негизделген. Жөн гана ал кезде Дамаскка каршы кескин билдирүүлөр жаңыдан башталган согушту кошумча тутантып жибербейби деген кооптонуу бар болчу", - деген көз карашын айтат.
- Бул жерде Вашингтон эскертүү желегин желбиретип, Дамаскка карата "элдешкис, касташуу саясатын" жарыялап жаткан жери жок. Бул бардыгына түшүнүктүү, бирок АКШ Сириянын кыймыл-аракеттерине, көмүскө иштерине эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, Дамаскка кошумча кысым көрсөтүп, кандай багыттагы аракеттер АКШнын кызыкчылыктарына карама-каршы келээрин дагы бир ирет эскертүүдө, - дейт Вашингтондук саясий эксперт Кордесман.
Вашингтондун андай кызыкчылыктарын Конгресстеги докладында АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтон тизмелеп өтүп, Сирия Ирактагы кайсы бир саясий жана диний уюмдарды Америкага каршы козутуудан карманып, опурталдуу курал-жаракка умтулбай, ошондой эле "Хезболла" , "Хамас" өңдүү уюмдарга колдоо көрсөтпөшү керек деп белгиледи. Айрым эксперттер Вашингтон андан тышкары көптөн бери саясий кысым аркылуу Сирияны экономикалык реформаларды ишке ашырууга түртмөлөп, келечекте ири көлөмдөгү инвестицияларды убада кылып келатканын эске салышат.