Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:23

КЫРГЫЗСТАНДЫН РАСМИЙ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КМШнын ЯЛТАДАГЫ САММИТИНЕ КАТЫШАТ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Бүгүн Ялта шаарында Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинин кезектеги саммити башталат. Анда КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин, өкмөт башчыларынын жана мамлекет башчыларынын кеңештери жыйналыш өткөрүшөт.

Ялтадагы бийик даражалуу жолугушууга президент Аскар Акаев баш болгон Кыргызстандын расмий делегациясы да катышат. Делегациянын курамында премьер-министр Николай Танаев, вице-премьер-министр, транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана коргоо министри Эсен Топоев бар.

КМШнын Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бүгүн өтө турган олтурумунда Абхазиядагы чыр-чатак зонасында тынчтык сактоочу жамааттык күчтөрдүн кол башчысы, Шериктештик өлкөлөрүндө айрым зениттик-ракеталык өтмө комплекстерди сатууга көзөмөл чаралары тууралуу бир катар маселелер талкууланат.

Ал эми КМШнын өкмөт башчылар кеңеши бүгүн Шериктештик өлкөлөрүнүн экономикалык карым-катышына, автоунаа менен эл аралык жолдордо жүк ташууга жана эл аралык транспорт өткөөлдөрүнө байланышкан маселелер туурасында пикир алышат. Мындан тышкары, Шериктештик өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары уюмдун органдарынын бирдиктүү бюджетине үлүш кошуунун чоо-жайын карап чыгышат.

Эртең КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары экономика жаатындагы мамлекет аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарды талкуулашат. Бул боюнча мамлекет башчыларынын билдирүүсү жана 2003-2010 жылдары КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык карым-катышынын натыйжалуулугун арттыруунун планы кабыл алынышы мүмкүн. Мындан тышкары, саммитте Шериктештиктин Экономикалык сотунун төрагасы, анын орун басары жана КМШнын антитеррордук борборунун жетекчиси жөнүндө бир катар чечимдер кабыл алынышы күтүлөт.

Дегинкисин Ялтадагы саммиттин күн тартибине кирген бул маселелердин көбү мурда эле талкууланып келген. Андыктан Кыргызстандагы байкоочулардын айрымдары КМШнын алкагындагы иш-чаралардын күч алышын Шериктештиктеги жаңы жараяндар менен эмес, дүйнөдөгү геосаясий жагдай менен түшүндүрүшөт. Саясий баяндамачы Турат Акимовдун пикири ушуга жакын.

- КМШнын жыйналыштарынын баарынын тездеп, курчуп турганынын себеби – албетте, НАТОнун Орто Азия регионуна жакындап келиши, - дейт Турат Акимов.

Ялтадагы саммитте ар кандай деңгээлдеги бир катар эл аралык документтердын кабыл алынышы күтүлүүдө. Алар канчалык натыйжалуу болоорун убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG