БИШКЕК. Бүгүндөн баштап Кыргызстандан Орусияга электр энергиясы бериле баштады. Бул тууралуу бүгүн «Электр станциялары» ишканасынын төрагасынын орун басары Айдар Калиев маалымдады. Анын айтымында, быйыл 12-сентябрда «Электр станциялары» ишканасы менен Орусиянын «Интер РАО» ишканасынын ортосунда келишим түзүлгөн. Ага ылайык быйылкы жылдын соңуна чейин Орусияга 810 млн. киловатт-саат электр энергиясы сатылат. Мындан тышкары, бул келишимде Орусияга жылына 1,5, 2 млрд. киловатт-саат энергия берилээри макулдашылган. Былтыр «Электр станциялары» ишканасы 11 млрд. 760 млн. киловатт-саат электр энергиясын өндүргөн. Ал эми быйыл 13 млрд. 180 миң киловатт-саат электр энергиясын өндүрүү пландаштырылууда.