«Аалам» гезитинин 13- жана 17-сандарына жарыяланган «Мелис Эшимкановдун саясий жана адамдык бейнеси» аттуу макаласында Турсунбек Акун өз каарманынын саясий жана журналисттик ишмердүүлүгүн талдаган. Мелис Эшимканов болсо «бул макала миңдеген окурмандардын алдында адамдык аброюна шек келтиргендигин» белгилеп, июнь айынын этегинде сотко кайрылган болчу. Арыз ээси кийин өз гезити аркылуу берген түшүндүрмөсүндө бул макаланы жалган жардыктарды таккан, асылуунун чектен чыккан көрүнүшү катары баалаган. Укук коргоочу Турсунбек Акун да, «Аалам» гезити да өз кезегинде Эшимкановдун соттошууга негизи жогун айтып келишет. Маселен, башкы редактордун орун басары Нургазы Анаркуловдун айтымында, «Турсунбек Акундун макаласында баштан-аяк эле мурда айтылып жүргөн сөздөр камтылган. Анын үстүнө «гезитте жарыяланган материалдар үчүн редакция жооп бербейт» деп жазылып турат».
Бирок мындай пикирлерди сот колдогон жок. Мелис Эшимкановдун доосу канааттандырарлык деп табылды. Доогердин соттогу өкүлү, эркин журналист Жаныбек Жанызактын кийинчерээк «Азаттык» радиосуна берген маалыматына караганда, доогер өз арызында гезитке 3 млн. сом, авторго 2 млн. сом айып салууну соттон суранган.
- Сот жүйөлөрдү угуп, «Мелис Эшимкановдун доо арызы канааттандырылсын» деп чечим чыгарды. Чечимди колубузга келерки аптанын ортосунда берет, - деди Жанызак.
Бирок соттун бул күнкү отурумуна «Аалам» гезитинин өкүлү катышкан жок. Турсунбек Акун сотко келип, бирок акырына чейин катышуудан баш тартып чыгып кетти. Себебин Турсунбек Акун мындайча чечмеледи:
- Биринчиден, Мелис Эшимканов өзү катышышы керек. Жаныбек Жанызак ишенимдүү адамы экен, аны менен аласа-бересем жок. Мени ал каралаган эмес.
«Аалам» гезити сотко катышуудан баш тартуунун себебин доо арыздын башка райондук сотко берилгени менен түшүндүрөт. Алардын айтымында, «Аалам» гезитинин имараты Свердлов районунун эмес, Октябрь районунун карамагында. Ошондуктан алар «сот доо арызды өз аймагында караганы ылайык» деп санайт. Эшимкановдун ишенимдүү адамы доогер жоопкер тараптардын жайгашкан жерлерин өзү тандоо укугуна ээ экенин баса белгилегени менен, автор да гезиттин талабын колдойт. Бирок укук коргоочунун буга байланыштуу суранычын сот кубаттаган жок. Журналисттер менен укук коргоочулардын ортосунда болгон сот жараянынын алгачкы тыянагына байланыштуу талдоочулар өз ойлорун айтыша элек. Турсунбек Акун болсо аны бийликтин буюртмасы катары белгилеп, соттун ашынган жоругу катары баалады.
- Биз кечээ эле Дублинден келдик. Анда Кыргызстан авторитардык өлкө экендигин, Кыргызстанда адам укугу тебеленип жатканын бүткүл дүйнөгө билдирип келдик. «АКИ-прессте» басма сөз жыйынын өткөрүп, баарын айтып бердик. Ошого жооп катары, «Ак Үйдүн» администрациясынын көргөзмөсүнүн негизинде булар ушундай чечим чыгарышы мүмкүн. Анткени мурда юридикалык бөлүмдүн башчысы болуп иштеген Укушев Мурат азыр Свердлов райондук сотунун төрагасы, - деди Турсунбек Акун.
Жаныбек Жанызак болсо ишке минтип саясий боёк сүртүүнүн кажети жогун, иш жүзүндө гезит менен укук коргоочу карандай калпты жазгандыгынын айыбын тартып отурушканын айтат. «Аалам» гезити менен Турсунбек Акун сот тыянагынын мыйзамсыздыгын чечимдин жоопкер тараптар жок учурда чыккандыгы менен байланыштырып жатышат. Ушул жана башка жагдайларды териштириш үчүн жоопкер тарап Бишкек шаардык сотуна кайрылмай болду.