Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

ЕВРОПАРЛАМЕНТ Ф.КУЛОВДУ АНДРЕЙ САХАРОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫККА КӨРСӨТТҮ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Европарламент кыргыз оппозициясынын азыр түрмөдө жаткан өкүлү Феликс Куловду Андрей Сахаров атындагы эл аралык сыйлыкка көрсөттү. Ф.Куловдун тарапкерлери жана оппозиция өкүлдөрү бул окуяны Куловдун камалышына карата Европа өлкөлөрүнүн мамилеси катары кабыл алышты.

Жума күнү Адам укуктары боюнча эл аралык лига массалык маалымат каражаттарына билдирүү таратты. Ал Европа парламенти азыр Борбор Азия өлкөлөрүнүн түрмөлөрүндө отурган төрт саясатчыны Андрей Сахаров атындагы эл аралык сыйлыкка талапкер катары көрсөткөнүн маалымдады. Белгилүү окумуштуу жана укук коргоочу Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка Кыргызстандан Феликс Кулов, Өзбекстандан Мухамед Бекжанов, Казакстандан Галимжан Жакиянов жана Түркмөнстандан Батыр Бердиев көрсөтүлдү. Сыйлыкты тапшыруу аземи быйыл декабрь айында Европарламенттин жыйынында өткөрүлөт. Тандалган талапкерге 50 миң евро өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылат. Эл аралык укук коргоочу уюмдардын пикиринде, жогоруда аттары аталган саясатчылар өз өлкөлөрүндөгү бийликтин жүргүзгөн саясатын ачык сындаганы үчүн эркинен ажыратылган.

Курамына 15 өлкө кирген Европа Биримдигинин парламентинин мындай демилгеси кыргыз коомчулугунда түрдүү пикирлерди жаратты. «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин пикиринде, Европарламенттин бул аракети Ф.Куловду кыргыз бийлиги камаганына, анын саясий туткун экенине эл аралык кадыр-барктуу өлкөлөрдүн өкүлдөрү кандай баа беришкенин көрсөтүп турат.

- Ф. Куловдун Сахаров сыйлыгына көрсөтүлүшү - абдан маанилүү маселе. Муну менен Европа өлкөлөрү Куловдун саясий туткун экендигине жана анын негизсиз, мыйзамсыз соттолгондугуна карата өз пикирлерин билдиришти, - дейт Эмил Алиев.

Мындан бир нече күн мурда «Фридом хаус», «Хюман Райтс Уотч» өңдүү эл аралык укук коргоочу уюмдар Ф. Куловду бошотуу тууралуу Кыргызстандын жетекчилигине кайрылуу жолдошту. Андан көп өтпөй дүйнөлүк кадыр-барктуу өлкөлөрдүн жогорку бийлик өкүлдөрү Ф.Куловдун иши тууралуу өз пикирлерин айтышты. Европа парламентинин жанагыдай билдирүүсүнө чейин АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Лорн Крейнер Конгресстин Хельсинки комиссиясында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын сындап, Кулов саясий себептен улам камакка алынганын белгилеген. Бирок бул өңдүү эл аралык уюмдардын пикирлерине жана кайрылууларына расмий Бишкек кулак төшөбөй келет. Президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков «Азаттык» радиосунуна берген маегинде Ф.Куловдун ишинде эч кандай саясат жок экенин, ал коррупциялык аракети үчүн жазасын тартып жатканын мындайча билдирген:

- Сотто деле ошол маселелер айтылбадыбы. Тетиги жерде турган «Сейтек» шаарчасына Бишкек шаарынын 15 миллион сому жөн эле кеткен. Ошол эле Чүй облусунда губернатор болуп турганда берилген 16 миллион сом ушул убакка чейин кайткан жок. Бул эмне, коррупция эмеспи?

Ошентип, эл аралык уюмдардын аракеттери Куловго байланыштуу сот ишине таасир этпей келет. Ал эми «Атамекен» социалисттик партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, Европа парламенти менен АКШнын Мамлекеттик департаментинин аракетине Кыргызстандын жетекчилиги кулак салбаган күндө да, бул окуянын саясий мааниси чоң:

- Куловдун сыйлыкка көрсөтүлүшүнүн саясий мааниси чоң. Бул - коомчулуктун, эл аралык уюмдардын пикирин укпаган кыргыз бийлигинин дүлөйлүгүн далилдеген эң негизги саясий факт.

Ф.Кулов 1999-жылдын март айында азыркы бийлик жүргүзгөн саясат менен макул эмес экенин ачык жарыялап, Бишкек шаар башчысынын кызматынан өз эрки менен кеткен. Ал эми 2000-жылдын 12-мартында ал президенттик шайлоого катышаарын маалымдаган. Андан он күндөн кийин, 22-мартта Кулов «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды» деген айып менен камакка алынган. Айыпталуучу жана анын тарапкерлери ага коюлган дооматтын баарын четке кагып, «мындай аракеттер азыркы бийлик тарабынан атайылап саясий себептер менен жасалууда» деген пикирин айтып келишет. Ал эми Ф. Кулов, «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген маегинде, эртеби-кечпи Кыргызстанда бийлик алмашса өзүнүн акталаарын билдирди. Бүгүн «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү Конституциялык Сотко жана Эл аралык Сотко кайрылууга даярдык көрүп жатышканын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG