Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ: ТЕРРОР – АЗЫРКЫ ЗАМАНАНЫН КӨЙГӨЙҮ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Келээрки жумада Бириккен Улутар Уюмунун Башкы Ассамблеясында дүйнө лидерлеринин жылдык жыйыны башталат. Саясий байкоочулар анда башка олуттуу суроолордун катарында уюмду реформалоо маселеси көтөрүлүп, анын глобалдык маселелерди чечүүдөгү позициясын кайра карап чыгуунун зарылчылыгы жөнүндө сөз болоорун айтып жатышат.

БУУнун Башкы ассамблеясынын ушул күздөгү сессиясында мухиттен балык уулоо маселесинен баштап, космостук куралдарга чейинки кеңири чөйрөдөгү проблемалар каралмакчы болуп жатат. Бирок уюмдун күн тартибинен эки жылдан бери түшпөй келаткан Ирак, террорчулук жана глобалдык коопсуздук темалары бул жолу да анын сессиясындагы эң олуттуу проблемалардан болот.

Дүйнө лидерлеринин эки жумага созула турган дебаттары келээрки шейшембиде АКШнын президенти Жорж Буштун кайрылуусу менен башталат. Буш өз сөзүндө террорчулук жана глобалдык коопсуздук, ошондой эле Саддамдан кийинки Иракта туруктуулукту камсыз кылуу, өлкөнүн экономикасын кайра калыбына келтирүү маселелерине кеңири токтолот. АКШнын администрациясы азыр Ирак боюнча сунуш кылган резолюциянын долбооруна БУУнун Коопсуздук кеңешинин сунуштарына жараша оңдоолорду киргизүүнү караштырып жатат. БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Франция менен Германия бийликти Ирактын администрациясына өткөрүп берүү жараянын ыкчамдатууну жана Иракты кайра курууда Бириккен Улуттар Уюмуна жетекчи ролду ыйгарууну талап кылышкан.

Президент Буштун БУУда сөз сүйлөшүн АКШлык эксперт, Принстон университетинин деканы Энн Мэри Славтер президенттик администрацияда алтернативдүү көз караштагы саясатчылардын жеңиши катары баалайт:

- Мен АКШнын турумунда кандайдыр ырааатсыздык бар деген ойдон алысмын. Улуттар Уюму саясий уюм жана анда саясий пикир келишпестиктер ар дайым болуп келгенин эстен чыгарбоо керек. "Улуттар Уюму макул эмес болуп жатат" деп дүйнөнүн бир да өлкөсү өзүнүн жеке кызыкчылыгы менен коопсуздугун тобокелге сала албайт. Бирок башка жагынан алып караганда, АКШнын Улуттар Уюму менен кызматташканга, уюмду реформалоонун үстүнөн иштегенге көбүрөөк ниеттенип калганы байкалат.

Ал эми АКШнын мамлекеттик департаментинин мурдагы жооптуу кызматкери, бир кезде АКШнын БУУдагы элчиси болуп иштеген Томас Пикериң “Азаттыкка” берген интервьюсунда Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөө менен президент Буш америкалык шайлоочулардын көңүлүн алуу максатында жүрүш жасап атат деген оюн айтат:

- Азыр Буш Бириккен Улуттар Уюмундагы сөзүн шайлоо өнөктүгүндөгү максатын ишке ашыруу үчүн пайдаланат. Анын сөзү ал кай тарапка багыт алгысы келип жатканын, проблемаларды кандайча чече турганын даана көрсөтө турган барометр болмокчу. Анын сөзү АКШнын БУУнун пикири менен эсептешүүгө кызыкдар эмес экенин, же тескерисинче, Ирак маселесин чечүү үчүн бул жолу БУУнун макулдугу менен дагы бир мүмкүнчүлүк алууга ниеттенип турганын таасын көрсөтмөкчү.

Ошону менен катар Ассамблеяда АКШнын президенти көпчүлүк өлкөлөрдү камтама кылган ден соолук, жакырдык, экология жана билим берүү көйгөйлөрүн козгойт. Ассамблеянын бир күнү бүт бойдон СПИД жана иммундук таңсыктык инфекциясын жойуу темасына арналат.

Өткөн 40 жылдын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши көптөгөн өтө маанилүү дүйнөлүк проблемаларды чечүүдө өзүн татыктуу көрсөтө алды. БУУнун Коопсуздук кеңеши Улуттар уюмунун Хартиясы боюнча өзүнө жүктөлгөн бийик милдеттерди толук аткара алды десек болот. Дүйнөдөгү тынчтык үчүн өтө опурталдуу болгон кансыз согуш жылдарында Коопсуздук кеңеши дүйнөнүн күчтүү өлкөлөрүнүн маселелерди мунасага келүү жолу менен жөнгө салуусунун чыныгы форуму болуп калды.

Бириккен Улуттар Уюмунун хартиясы 1945–жылы кабыл алынган. Өткөн жарым кылымдан ашуун убакыттан ичинде дүйнө олуттуу өзгөрүлүп, коопсуздук, ден соолук жана экономика тармагында жаңы, мурда болуп көрбөгөндөй маселелер пайда болду. Уюмдун мындан жарым кылым илгери түзүлгөн институттары менен мекемелери андай маселелердин өтөлүнө чыга албай калды. Уюмдун Ирактагы согушка жолтоо боло албагандыгы анын Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн санын көбөйтүү талаптарын күчөттү. Ошон үчүн өткөн аптада Кофи Аннан дүйнө өлкөлөрүн ушул жолку сессияда ийри олтуруп түз кеңешип, уюмдун мекемелерин реформалоо багыттарын аныктап алууга чакырган.

XS
SM
MD
LG