Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Райондук сот М.Эшимкановдун доо арызын канааттандырды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту «Агым» гезитинин башкы редактору Мелис Эшимкановдун доо арызын канааттандырды. Укук коргоочу Турсунбек Акун быйыл «Аалам» гезитине «Мелис Эшимкановдун адамдык жана саясий жүзү» аттуу макала жазган. Макаланы М. Эшимканов «адамдык абийириме жана арнамысыма шек келтирди» деп баалап, соттон Турсунбек Акунду 2 млн. сом өлчөмүндө, ал эми макала жарыяланган басылманы 3 млн. сом өлчөмүндө айыпка жыгууну өтүнгөн. Бүгүнкү сот жараянына Турсунбек Акун жана «Аалам» гезитинин өкүлдөрү катышуудан баш тартышты. Сот жараянына Эшимкановдун өкүлү, көз карандысыз журналист Жаныбек Жанызак гана катышты. Жоопкер тараптагылар апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG