Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

«TЯНЬ-ШАНЬ-СУИСС ЭКСПРЕСС» ШАЙЫРЛАР КЕРБЕНИ ЖОЛГО ЧЫКТЫ


Жайкы тыныгуудан кийин, "Азаттыктын" “Сыбызгы” радио-журналы кайрадан ободо! Ушул күндөрү «Тянь-Шань-Суисс Экспресс» кербени жолго чыкты. Хакас, кыргыз, монгол жана, атынан билинип тургандай, швецариялык шайырлар кирген топ Монголияда, Борбор Азия чөлкөмүндө Өзбекстанда, Кыргызтанда жана Казакстанда болушат. Күн Чыгыш менен Европанын тоолукшуган тоолук элдеринин кнукура элдик жана заманбап музыкалык мурастарын жуурулуштурган бул топтун Европаны түрө кыдырып, Азияны аралап жүргөнүнө быйыл эки жыл толууда. «Сыбызгы» программабыздан бул топтун соңку чыгармачыл пландарына кайрылабыз.

Бир тууган хакас элинен «Сабжылар» тобу, Кыргызстандан Кенжегүл, Нурланбек, Рахатбек, Монголиядан морин-хурду сызданып, ич-хурду боздотуп ойнотогон кыякчылар, көмөкөй менен ырдаган ырчылар, жана швецариялык Улуттук ТОО оркестри ушул аптада Ички Азияны кыдырып, жолго чыгышты. Бул долбоор ЮНЕСКОнун жана Жер шарындагы эң бакубат жашаган тоолуктардын мекени - Швецариянын каржылоосу менен ишке ашып келатат. Ал тууралуу сөз кылуудан мурда, маданий жаңылыктарга назарыңыздарды бурабыз.

--- Иракта "Месопотамиянын Мона Лизасы" кайра табылды. 18-сентябрда Ирактын маданият министри Муфик ал-Жазаери апрель айында Багдад музейинен уурдалган 5 миң жылдык айкелдин табылганын жарыялады. Бийиктиги 20 сантиметр келген аялдын башы биздин заманга чейинки 3000-жылы мармардан чегилген. Шумер доорунда Варка шаарында жасалган айкел Саддам Хусейн бийликтен кулаган апрель айында таланып-тонолгон эң баалуу беш тарыхый табериктин бири болчу. Дагы 13 миң тарыхый эстеликтин дайны табыла элек. Алардын ичинен 32си өтө баалуу экспонаттар болуп саналат. Жалпы жонунан, Ирактагы кан булоон кармашта 170 миң экспонаттан 15 миңи уурдалган эле.

--- АКШнын Өкүлдөр палатасы музейлерди камсыздоого федералдык өкмөт сарптай турган каражатты көбөйттү. Шейшемби күнү мыйзам чыгаруучулар исскуствону колдоо программасы аркылуу америкалык музейлерге берилүүчү каражатты 5 миллиард доллардан 8 миллиардга көбөйтүүнү жактап добуш беришти. Жаңы мыйзам боюнча, бир көргөзмөнү камсыздоонун эң жогорку чеги 500 миллиондон 600 миллионго көбөйтүлдү. Мамлекеттик камсыздоо музей экспонаттарын ташуу жана көрсөтүү учурундагы терроризмдин кесепеттерин да камтымакчы. Бул - музейлер үчүн кубанычтуу жөрөлгө, себеби 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин, камсыздоонун чыгымы 500 пайызга өсүп кеткен эле.

--- Анкарада алгачкы жазз клубу ачылды. Мурда "Шарап Үйү" деп аталып келген эс алуу жайында эми атактуу шайырлар келип, концерт коюп турушмакчы. Клубда жан эргиткен жазз музыкасын дүйнөгө таанымал швецария, италия, француз, кытай жана түрк элдеринин тамактарынан даам сызып отуруп угасыз. 18-сентябрдагы ачылыш аземинде Янус Спорт, Туна Отенел, Сибел Коше, Камил Ердем жана Зафер Герданли концерт беришти. Анкарада болуп калсаңыз, шаардагы алгачкы жазз клубду Ариф Нихат Асия көчөсүнөн таба аласыз.

--- Тибеттик буддист кечилдер Нью-Йорк шаарына мандала сүрөтүн белекке тартуулашты. Түстүү кумдан куюлган сүрөт - Дрепуң Лоселиң кечилканасы тарабынан 11-сентябрдагы каргашалуу окуяларды эскерүү иретинде, ошондой эле Тибеттин руханий жол башчысы, улуу даражалуу Далай Ламанын урматына тартууланды. Мандала – бул дүйнөнүн идеалдык түспөлүнүн символу. Ал адамзатынын азап-тозоктон беймарал турмушка өтүшүн чагылдырат. Мандаланы кумдан куюп жаратуу Тибетте сүкүткө түшүүнүн, адамдын ички дүйнөсүн тазалоонун жолу болуп саналат. Кечилдер миллиондогон бүртүк түстүү кумду чууртуп, мандаланы тартып болгондон кийин, көп өтпөй аны кайра бузуп салышат. Бул - дүйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок экендигин билгизет.

- Эми сөз нугун кайрадан «Тянь-Шань-Суисс Экрспресс» шайырлар тобунун 15-сентябрда башталган Борбор Азия саякатына бурсак. Дүйнөнүн кайсы бурчегинде жашабасын, тоолуктар адамгерчилиги, меймандостугу, жупуну жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнүп турат. Бул тууралуу 19- жана 20-кылымдардын тогошуусунда америкалык изилдөөчү Сэмюэль Хантингтон да жазып калтырган. Дал ушундай элдердин өкүлдөрүнөн куралган «Тянь-Шань-Суисс Экрспресстин» бир мүчөсү, Хакасиялык ырчы, хайчы Сергей Чарков тоолуктардын боордоштугуна мындайча үн кошту.

- Мен буга өз тажрыйбаман көп жолу күбө болдум. Кыргыздар менен көп ирет жолуктум, бизге абдан жакын эл. Мисалы казактарды жаман дебейм, бирок алардын жүрүм-турумунда менменсинүүчүлүк бар. Кыргыздарда мындай нерсе кезикпейт. Алар жөнөкөй, бизге жакын эл, тили да өтө окшош.

Сергей калкынын дээрлик 90 пайызын орус тилдүүлөр түзүп калган Хакасияда түпкүлүктүү эл маданий асыл-нарктарынан ташыркап калгандыгын жашырбайт, жана бир тууган кыргыз элинин ыр-күүлөрүн үзүлүп түшүп угат.

- Мени ар дайым комузда кол ойнотуунун чеберчилиги арбап келет. Комузчулардын ойнун көргөндө көзүмдү тартып ала албай калам. Рахатбек, Руслан, Нурлан Нышановдордун өнөрүн билип калдым. Алар менен жакшы баарлашам.

«Тянь-Шань-Суисс Экрспресс» тобунун концерттери үч бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүм «Азиянын үнү» деп аталып, кыргыз, хакас, монгол шайырлары оюн коюшат. Кийинкисинде сахна швецариялык музыканттарга берилет. Үчүнчү бөлүмдө бардык шайырлар чогуу оюн коюшат. Мисалы, негизги микрофондо Сергейдин «Сабжилар» тобу ойнойт да, кыргыздар жана башка шайырлар аларды өз аспаптарында коштоп турушат. Кийин төргө кыргыздар чыгат, оюн соңуна чейин ушундай таризде улана берет. Композицияларды адатта швецариялык композитор Хайри Кенциг чыгарат.

Ар бир түрки элдин өзүнө гана мүнөздүү өнөрлөрү бар. Казактарда – домбра, кыргыздарда – комуз, хакастарда – чаткан, тываларда – көмөкөй менен ырдоо сакталып калган, якуттарда темир комуз абдан өнүккөн.
Бул элдердин өнөрпоздору бир композицияда ойногондо, жеке улуттардын музыкалык алтын мурасына шек келбейт, тескерисинче алар тектеш элдердин өнөрүнөн таалим алып, репертуарын байытышат. Мисалы көмөкөй менен ырдоо мурда бардык түрки элдерде болгон дешет, азыр аны Эдил Хусеин өңдүү казак шайырлары тывалардан үйрөнүп келип, казак элдик музыка өнөрүн байытып жатышат. Сергей мындай пикирге толугу менен кошулат:

- Албетте, мында күмөн жок. Бизде бир нече киши, анын ичинде мен да, Алматы консерваториясында окудук. Кайтып келгенден кийин музыканттар казактардын домбрасындай эки кылдуу аспапта ойной башташты. Же көмөкөй менен ырдоо өнөрүн алсак, бизде анын бир гана түрү сакталып калган, азыр Хакасияда жаштар тывалардан үйрөнүп, түркүмүн көбөйтүп жатабыз. Бул жагынан казактарда тартынуучулук жок, түрки элдердики деп ылайыгы келгенин ала беришет. Бизде бир аз башкачаарак, бирок жалпысынан, (мындай чыгармачыл кызматташттыктан) эч ким уттурбайт.

Анда жакын арада Бишкекке келип жаткан "Тянь-Шань-Суисс Экрспресс" музыкалык кербенине "Кош келиңиздер!" демекчибиз.
XS
SM
MD
LG