Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

БИШКЕК МЭРИНИН ШАЙЛАНЫШЫ, ФЕЛИКС КУЛОВДУН ЭЛ АРАЛЫК АБРОЮ, ЯЛТАДАГЫ САММИТ, ОРУСИЯГА КЕТКЕН А.АКАЕВ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Бул аптада Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары башкалаанын мэрин шайлашты. “Арнамыс” партиясынын төрагасы, азыр абакта отурган Феликс Куловду Европа парламенти Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөттү. Кыргызстандан Орусияга электр энергиясы бериле баштады. Өлкөнүн расмий делегациясы Ялтадагы КМШнын саммитине барып катышты.

Бул аптада Бишкек шаардык кеңешинин XX сессиясы өткөрүлүп, анда шаардын азыркы мэри Медетбек Керимкулов кайра шайланды. Мыйзамга ылайык эми ал дагы төрт жыл бою баш калаанын башчысы болмокчу. Ага удаа эле президенттин жардыгына ылайык Нарын облусунун Нарын районунун акими болуп Сактанбек Паязов дайындалды.

Ал арада Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту «Агым» гезитинин ээси Мелис Эшимкановдун доо арызын канааттандырды. Укук коргоочу Турсунбек Акун быйыл «Аалам» гезитине «Мелис Эшимкановдун адамдык жана саясий жүзү» аттуу макала жазган. Макаланы М. Эшимканов «адамдык абийириме жана арнамысыма шек келтирди» деп баалап, соттон Турсунбек Акунду 2 млн. сом өлчөмүндө, ал эми макала жарыяланган басылманы 3 млн. сом өлчөмүндө айыпка жыгууну өтүнгөн. Жоопкер тараптагылар апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышаарын билдиришти.

Сот демекчи, «Арнамыс» партиясы да Улуттук Гвардиянын колбашчысы, генерал-лейтенант Абдыгул Чотбаевге каршы Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна доо арыз жолдоду. Буга А.Чотбаевдин «Аргументы и факты» гезитине быйыл 23-апрелде жарыяланган маеги себеп болду. Анда Чотбаев «Арнамыс» АКШдан буга чейин алган акчасын актоого жана андан дагы колдоо табууга аракет кылып жатат» деген көз карашын билдирген. Сотко жазган доо арызында партия генералдан бул билдирүүнү далилдеп берүүнү талап кылды. Партия моралдык чыгым үчүн Чотбаевден 5 млн. сом, ал эми «Аргументы и факты» гезитинен 5 сом өндүрүп берүүнү соттон суранып жатат.

«Арнамыс» партиясы соттошуп жатса, анын төрагасы, азыр абакта отурган Феликс Куловду Европа парламенти белгилүү окумуштуу жана укук коргоочу Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөттү. Сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн арасында түркмөнстандык оппозициячы Батыр Бердиев, Өзбекстандын оппозициячыл «Эрк» партиясынын мүчөсү Мухамед Салих, Казакстандан Галымжан Жакиянов, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан жана бул уюмдун Багдаддагы штабынын быйылкы жардыруудан каза болгон кызматкерлери бар. 50 миң евро өлчөмүндөгү бул сыйлыкты тапшыруу аземи декабрь айында Европарламентте болот. Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү азырынча буга эч кандай көз карашын билдире элек. Ал эми кыргыз оппозициясынын өкүлдөрү бул окуяга чоң маани беришүүдө. Алардын пикири «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдикине жакын.

- Бул абдан бир орчундуу маселе. Себеби, муну менен европалык өлкөлөр Феликс Куловду кыргыз соттору эч бир далили жок, эч бир негизи жок соттогонун көрсөтүп жатышат. Алар муну менен биздин бийликке, биздин сотко өзүнүн көз карашын көрсөтүп жатышат, - дейт Эмил Алиев.

Бул аптада Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргызалтын», «Кыргызнефтегаз», «Кыргызполиграфкомбинат» акционердик коомдорун менчиктештириле турган ишканалардын тизмесинен алып, стратегиялык обьектилердин курамына киргизди. Аларды менчиктештирүү мындан ары парламенттин эки палатасынын тең макулдугуна жараша ишке ашат.

Кыргызстан бул аптада Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) 137-мүчөсү болуп кабыл алынды. Ал эми Европа Кайра куруу жана Өнүктүрүү Банкы, Эл аралык Финансы Корпорациясы Кыргызстанга 3 млн. доллар бөлө турган болушту. Бөлүнгөн акча өлкөнүн бардык тармактарындагы чакан жана орто бизнести каржылоого жумшалат.

Бул аптада Кыргызстандан Орусияга электр энергиясы бериле баштады. Быйыл 12-сентябрда «Электр станциялары» ишканасы менен Орусиянын «Интер РАО» ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык быйыл жыл соңуна чейин Орусияга 810 млн. киловатт-саат электр энергиясы сатылат. Келишимде Орусияга жылына 1,52 млрд. киловатт-саат энергия бериле тургандыгы макулдашылган.

Аптанын аяк ченинде Ялтада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекеттердин башчыларынын кеңейтилген жыйыны өттү. Ага КМШга кирген 10 өлкөнүн президенти катышты. Жыйында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, терроризмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланып, тиешелүү документтерге кол коюлду. Орусиянын, Беларустун, Украинанын жана Казакстандын президенттери Бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту. Кыргызстандан Ялтадагы саммитке президент Аскар Акаев баштаган делегация катышты.

Ялтадагы саммиттен кийин президент А.Акаевдин Орусия Федерациясындагы иш сапары башталды. Аскар Акаев Кыргызстандын Орусияда өтүүчү маданий күндөрүнүн ачылыш аземине катышмакчы. Ага Орусиянын президенти Владимир Путин да катышат деген маалымат бар.

XS
SM
MD
LG