Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯ ЖОК БОЛГОНУ МЕНЕН, БЕЛАРУС МЕКТЕПТЕРИНДЕ АЛ ОКУТУЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Биринчи сентябрдан тартып Беларус мектептеринде идеология сабагы киргизилди, президент Александр Лукашенка болсо жакында атайын жардык чыгарып, ар бир ири ишканада идеология боюнча деректирдин атайын орун басары болсун беп буйруду. Эксперттердин айтымында, бирок, өлкөдөгү негизги маселе - идеолгиянын өзүнүн жоктугунда.

Үстүбүздөгү жылдын март айында президенттик администрациянын идеология боюнча бөлүмү атайын жыйын өткөргөн жана анда идеологиялык тартип менен тарбия тууралуу сөз болгон. Президент Александр Лукашенка өз жардыгын ошондон кийин чыгарды. Анын буйругуна ылайык, кызматкерлеринин саны үч жүздөн ашкан ар бир ишканада мындан ары жетекчинин атайын орун басары болууга тийиш жана ал идеология үчүн жооп берет.

Жардыктын күчү эл аралык жана чет өлкөлүк ишканаларга да тарайт, бирок алар абалдан кантип чыгаары азырынча белгисиз. "Кока-Кола" компаниясынын деректиринин орун басары Александр Денисовдун айтымында, алар азырынча жаңы кызматты киргизген жок жана аларга каршы чара көрүлө элек.

Беларустун улуттук идеологиясы эмнеде экендиги тууралуу өлкөдө китеп же бир жакшылыктуу макала жарыялана элек жана эч бир жетекчи же окумуштуу аны кайсы бир жыйында айтып түшүндүргөн эмес, ошондуктан идеология азырынча жок десе болот. Анткен менен ар бир ишканада идеологияны талдаган жыйындар өтө баштады жана алар советтик мезгилдеги политинформация сабактарына окшош.

Минск шаарындагы Стратегиялык борбордун талдоочусу Валерий Карбалевичтин айтымында, кагазга түшүрүлбөгөнү менен, ишке ашырылып жаткан идеологиянын маңызы бар жана ал бир гана нерседе - бийлик жана президент Лукашенка эмне деп айтса, эл ошону мактап-жактап, туура деген пикир билдирүү: "Менин оюмча, идеология үчүн жооптуу болуп дайындалган кызматкерлер алардын алдына жалгыз жана акмактык идея коюлганын жакшы түшүнөт - сиз президент Лукашенка менен анын саясатын мактап, анын душмандарын - Батышты, оппозицияны каргап-шилеп турушунуз керек. Анын саясаты кандай өгөргөнүнө жараша, сиз Маскөөгө наалат айтып же тескерисинче, абал өзгөрүп кетсе, Орусия менен биз биригишибиз керек деп айтууга тийишсиз. Жалгыз идеология - Лукашенканы мактоо".

Жаңы дайындалган орун басарлардын дагы бир зор милдети болот, алар жогорку бийликке эл арасындагы маанай тууралуу жана өзгөчө өкмөттүк саясатка ким каршы чыгып же аны жактырбай жатканы жөнүндө билдирип турууга тийиш. Бийлик канчалык начар болсо жана анын максаты жалпы эл жана мамлекеттики менен төп келишпесе, ушундай тикелей бийликти күчөтүүгө аракеттенет, анткени эл арасындагы нааразычылыкты басууга мажбур.

Бирок советтик мезгил өттү жана Беларустун коопсуздук кызматтары дагы азыр мурдагы КГБдай күчтүү эмес. Эң негизгиси болсо, Беларустун кошуна мамлекеттери бир кыйла ачык жана демократиялык, ошондуктан калкты эл аралык турмуштан толук обочодо кармоо мүмкүн эмес. Беларуста орусиялык гезит-журналдар кеңири таратылат жана маскөөлүк сыналгынын программалары да көрсөтүлөт.

Лукашенканын бул саясаты көпкө чыдабай турганы анык, бирок ага чейин карапайым элдин жана оппозициялык саясатчылардын турмушу бузулаары шексиз. Идеологиялык кызматкерлердин сунушу менен көптөгөн адам сөгүш алып же кызматынан бошотулат жана калк арасындагы нааразылык күчөйт. Анткен менен Минск өзүнүн жарым советтик саясатын улантууда жана Беларуста өлкөнүн өзүнүн оппозициялык саясатчылары гана эмес, орусиялык да журналисттер дайынсыз жок болууда. Маскөө болсо президент Лукашенканы колдоп, эки өлкөнү бириктирүү пландарын улантууда.

XS
SM
MD
LG