Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:09

ЕВРОПАЛЫК ДӨӨЛӨТТӨР ИРАКТЫН ТАГДЫРЫН ЧЕЧЕ АЛЫШКАН ЖОК


Ишембиде Багдадда Ирактын өкмөттүк кеңешинин белдүү мүчөсүн атып кетишти. Акила ал-Хашеми - Кеңештеги жалгыз аял киши эле. Соңку кабарларга караганда, ооруканда жаткан ал-Хашеминин абалы оор, бирок стабилдүү бойдон кала берүүдө. Бул күнү ошондой эле европалык үч ири мамлекеттин лидерлери Ирак боюнча жыйын өткөрүп, бирок бир пикирге келе албай тарашты.

Багдадда Акила ал-Хашеми бараткан машина автоматтан аткыланганда, ок анын ичине тийген. Куралчандар Хашеминин үйүнө жакын жерден кол салышкан. Күбөлөрдүн айтымында, ал-Хашеминин машинасы жолдон чыгып кеткен. Кол салууда өкмөт өкүлүнүн үч сакчысы жараат алды.

Дини шийит мусулман ал-Хашеми - кесипкөй дипломат. Саддамдын тушунда Ирактын тышкы иштер министрлигинде иштеген. Ал үстүбүздөгү аптада Нью-Йоркто ачылып жаткан Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышмак. Ал жыйындын күн тартибинде Ирак негизги маселелердин бири болмокчу. Ирактын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы "Ирактын БУУ делегациясы менен ал-Хашеминин ордуна эч ким жиберилбейт", - деп кабарлады.

Багдадда Ирактын америкалык башкаруучусу Пол Бремер ал-Хашемиге кол салууну "Ирактын элине каршы чабуул", - деп мүнөздөдү. Ал эми Бириккен Улуттар уюумунун баш катчысы Кофи Аннан "бул каргаша Ирактагы саясий процесске шек келтирет", - деп айтты.

Акила ал-Хашемиге кол салуунун эки себеби болушу мүмкүн. Иракта 25 кишиден турган убактылуу өкмөттүк кеңешти АКШнын администрациясы менен кызматташканы үчүн кыртышы сүйбөгөндөр четтен чыгат. Бул кылмыш аял кишинин саясатка аралашканын осол көргөн динчил экстремисттердин колунан келген болушу да мүмкүн. Анткени Иракта Саддам Хусейндин доорунда дин мамлекеттен ажыратылган болчу, бирок бийликтен кулай электе эле, соңку жылдары динчилдердин таасири өсө баштаган.

Анын аралыгында АКШнын Ирак саясатынын кызуу колдоочусу Британиянын жана Ирак согушунун Европадагы башкы оппоненттери болгон Франция менен Германиянын лидерлери Ирактын мындан аркы өнүгүшү боюнча мунасага келе албай таркашты.

Берлин калаасында Британиянын премьер-министри Тони Блэр жана Германиянын канцлери Герхард Шрөрдер менен жолуккандан кийин Франциянын президенти Жак Ширак мындай деди:

- Биздин көз карашыбызда, суверендүүлүктү өткөрүү колдон келишинче тез арада орун алынышы керек. Бул - бир нече айдын маселеси. Биздин бул негизги маселе боюнча оюбуз бир жерден чыгат, бийликти өткөрүп берүүнүн жол-жобосу жана нөөмөтү боюнча гана пикирибиз ар башка болуп жатат.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бийликти бир түндө өткөрө салуу мүмкүн эмес деп эсептейт. Бирок Блэр жыйын катышуучуларынын турумундагы жалпылыктарга көбүрөөк басым жасады. "Биз баарыбыз Иракта демократиялык өкмөттүн мүмкүн болушунча тез арада орношун каалайбыз. Биз баарыбыз ошондой эле Бириккен Улуттар уюмуна тизгинди өткөрүп бериш керек деп эсептейбиз", - деди Британ өкмөтүнүн башчысы.

Иракта 130 миң аскер кармап, алар дээрлик күн сайын кол салууга дуушар болгон Кошмо Штаттары Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине Иракка көбүрөөк өлкөлөрдүн аскер жиберишине жол түптөй турган жаңы резолюцияны сунуш этүүдө. Ишемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Маскөөнүн бул маселени караштырууга да ниети жок экенин билдирди.

Вашингтон ошондой эле Иракты калыбына келтирүүнүн чыгымдарын башка өлкөлөргө бөлүштүрүүнү каалаар эле. Бул максатка келээрки төрт жылда аз эле дегенде 70 миллиард доллар керек болот.

XS
SM
MD
LG