Эл аралык валюта фондунун башкы директору Хорс Келер Ирактын убактылуу өкмөтүнүн финансы министри Камел ал-Кейланинин чет элдик инвестицияны колдоого багытталган иш планын жогору баалады.
Келер жекшемби күнү Дубайда аяктаган Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын жыйыныдан соң ал-Кейланинин планын “Ирак үчүн алдыга көздөй жасалган чоң кадам” деп атады.
Министрдин айтымында, бул план боюнча, чет элдик инвесторлор Ирактын мунай өнөр жайынан башка бардык тармактарында иштөөгө мүмкүндүк алышат жана ал келерки айда Мадридде болчу конференцияда Ирак донор өлкөлөрдөн 70 миллиард доллар топтойт деген үмүттө.