Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:14

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА ЖАГДАЙ ТЫНЧ ЭМЕС


Израилдин өкмөттүк делегациясы Вашингтондо америкалык жетекчилик менен жолугушуп, палестин аймактарындагы коопсуздукту көзөмөлдөө чараларын талкуулап жатат. Палестинанын лидери Ясир Арафат Израил менен жарашуунун алгачкы шарты катары - аймакта чет элдик байкоочуларды жайгаштыруу зарыл деп жарыялады. Жөөт аскерлери палестин жергесиндеги аскердик операцияларын улантууда.

1967-жылы Иордандын батыш жээги менен Газа секторун басып алгандан бери Израил палестин аймактарында 150дөй майда кыштактар негиздеди, аларда бардыгы болуп 220 миңдей жөөт келгиндери жашашат. Ошол жөөт маалаларына жана Израилге палестин согушкерлеринин өтүп барып, чабуул койгонун токтотуш үчүн Тель-Авив аларга барчу жолдорду тегерете тикенек зым менен тосуп койгон.

Палестиндер Израил аны менен иш жүзүндө жаңы чек ара сызыгын орнотуп, Иордандын батыш жээгиндеги айрым аймактарды ээлеп алганын айтып ачууланышат. 15 миңдей адам жашаган Ариел аттуу жөөт кыштагы палестин аймактарынын чак ортосунда жайгашкан. Израил өкмөтү эми тикенек зымды ошол айылга чейин тартып барып, куралчан аскерлерди күзөткө тургузууну көздөп жатат. Дүйшөмбүдө Израилдин премьери Ариэл Шарондун кеңешчиси баштап барган делегация Вашингтондо АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс менен жолугушуп, ушул маселени талкууламак. Делегация Америкага аттанаар алдында Израил өкмөтүнүн өкүлү: "Зым тосмо ал жердеги жөөт тургандарын коргош үчүн тартылчу айласыз чара, ал чек ара боло албайт", - деп белгилей кетти.

Дүйшөмбүдө палестиндердин лидери Ясир Арафат Израил менен толук жарашууга даяр экенин жар салды. Тактап айтканда, Арафаттын бул сөздөрүн "Ройтерс" агенттигине берген интервьюсунда палестин өкмөтүнүн өкүлү Саеб Эрекат маалымдады. Эрекаттын айтымында, палестин лидери Жакынкы Чыгыш чатагын жөнгө салууда ортомчулук кылып келаткан "Төртилик" – АКШ, Бириккен улуттар уюму, Европа Биримдиги жана Орусиянын өкүлдөрү менен маектешүү маалында айтты. Бирок, Ясир Арафат – жарашуу аракеттери башталаар алдында чөлкөмдө чет өлкөлүк байкоочуларды жайгаштыруу зарыл экенин белгилеген. Израил көптөн бери мындай сунушту чет кагып келатканы маалым. Палестин лидери чет өлкөлүк байкоочулар жаатташкан эки тарап эл аралык "Жол картасы" тынчтык планын кандай аткарып жатканына көз салып турмак деп басым жасаган.

Дүйшөмбүдө эртең менен Израилдин аскерлери палестиндердин Хеврон калаасында шектүү согушкердин үйүн тинтип, кийин аны кыйратканы кабарланды. Уулу "Хамастын" мүчөсү катары соттолуп, Израилде түрмөдө отурган Акрам Сахнин үйүн кыйратуудан сактап калам деп атышып отуруп, аздан соң жантаслим болгону маалым болду.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG