Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:13

БУУ: КҮН ТАРТИБИНДЕ КАЙРАДАН ИРАК


Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында бүгүн Кофи Аннан жалпы саясий талкууларды ачат. Талкууларга дүйнөнүн токсонго чукул өлкөсүнүн мамлекет жана өкмөт башчылары, тышкы иштер министрлери катышат. Сессияда бүгүн АКШнын президенти Жорж Буш сөз сүйлөйт жана негизинен ирак проблемасына токтолот.

Кофи Аннандын докладында Кошмо Штаттардын Ирактагы бир тараптуу аскерий акциясы БУУ түзүлгөндөн бери дүйнө түп тутуп келген принциптерге кайчы келген иш катары бааланган. Ошону менен бирге Аннан терроризм жана коопсуздук өңдүү глобалдык проблемаларды чечүүдө БУУнун озуйпасын так аныктап алуунун зарылдыгы бышып жеткенин белгилеген. Президент Жорж Буш, Вашингтондон чыккан апаздарга ылайык, өз сөзүндө ушул проблемага да токтолот. Атап айтканда, ал БУУну куру чечендик кылган талкуулар менен эле чектелбестен, дүйнөлүк олуттуу маселелерде иштиктүү жана чечкиндүү аракеттерге өткөнгө чакырмакчы.

Америкалык президенттин коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси Кондализа Райс Иракта бийликти жакын аралыкта убактылуу Башкаруу кеңешине өткөрүп берүүгө чакырган Франциянын президенти Жак Ширактын сунушун таптакыр алгылыксыз деп атап, четке какты. Райстын пикири боюнча, бийликти эл шайлабаган органга бергенге болбойт. Бул үчүн өлкөнүн жаңы конституциясы даярдалып, шайлоо өткөрүлүшү зарыл.

Ирак проблемасы боюнча Вашингтон менен Париждин талаш-тартышы,байкоочулардын айтымында, БУУдагы талкууларда да уланышы мүмкүн. Француз президенти Жак Ширак БУУнун Коопсуздук Кеңешинде талкууланып жаткан жаңы резолюциянын перспективасына токтолуп, документте бийликти ирактыктарга өткөрүп берүүнүн мөөнөтү так көрсөтүлүшүн кайрадан талап кылды. Бу позициясын Ширак бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө дагы бир жолу бышыктайт дешет.

Бул учурда америкалык сенаттын каражат үлөштүрүү иштери боюнча комитетинде дүйшөмбү күнү Ирактагы утурумдук америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер мыйзамгерлердин бир катар суроо-сопкуттарына жооп берди. Ирактагы иштерге конгресстен кошумча 87 миллиард доллар суммасында каражат бөлүүнү суранган президент Буштун долбоорун чукул арада колдоп берүүнү өтүнүп, Бремер эгер Иракта бакубат экономикага негизденген бекем демократия түзүлбөсө америкалыктарга каршы согушта террористтер артыкчылыкка ээ боло тургандыгын эскертти.

Батыш Виржиниялык демократ, ветеран-сенатор Роберт Бирд президент сурап жаткан каражат өтө эле кымбат экенин, анын үстүнө бу Ирактагы согушка байланыштуу америкалыктар арасында өгөй-татай кептер күч алып жаткан кезде жасалып отурганын белгиледи. Экинчи бир демократ-сенатор Патрик Лэйхи өз сөзүндө ушу тапта Иракта бир аптада эле эч кандай плансыз бир миллиард доллар акча чыгымдалып, жума сайын бери дегенде америкалык төрт-беш солдат же набыт кетип же жарадар болуп жатканына,буга кошумча ирактыктардын нааразылыгы күч алып баратканына көңүл бурду.

Бремер эмдиги айда Мадридде донорлордун эл аралык конференциясы болорун, Вашингтон бул жыйынга чоң үмүт артып жатканын кошумчалады. Президент Буштун БУУнун Башкы ассамблеясындагы бүгүнкү сөзүндө Ирактагы кайра куруу иштеринин ушул жана башка тыкыр аспекттери козголот.

XS
SM
MD
LG