Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

ИРАКТЫКТАР БУШКА ЫРААЗЫ, САДДАМДАН КУТУЛГАНЫНА КУРСАНТ


Ирактын көпчүлүк аймагында акырындап бейпилдик орной баштады, бирок коалициялык контингенттин күчтөрү жайгашкан райондордо бүлүк-бүлгүн аракеттери токтой элек. Бейшемби күнү Багдаддагы мейманканалардын биринде бомба жарылды, Тикрит шаарында ирак партизандарына жан тарткан эки адам кармалды. Ирактагы абалды стабилдештирүү маселелери Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясында, ошондой эле дүйнөлүк лидерлердин көп сандаган сүйлөшүүлөрү менен жолугушууларында дале негизги тема болуп жатат.

Белгилүү Гэллап институту өткөргөн иликтөөлөргө караганда, ирактыктардын дээрлик жетимиш процентке жакыны Саддам Хусейндин бийликтен кулатылганына курсант экен. Муну утурумдук башкаруу кеңешинин башчысы Ахмед Чалаби да ырастап, өлкөнү боштондукка чыгарганы үчүн президент Жорж Бушка ыраазылык билдирди. Америкалык администрация менен башкаруу кеңешин араздаштырган эч кандай маселе жок, деп айтты Чалаби Нью-Йоркто. Мындан бир нече күн мурда “Нью-Йорк таймс” гезитинде жарыяланган интервьюсунда ал америкалыктарды утурумдук башкаруу кеңешине көбүрөөк бийлик укуктарды берүүгө чакырган эле. Ирактын пландоо министри Абдел Махдинин болжолунда өлкөнүн суверенитетин эмдиги жылдын биринчи жарымына барып кайра тикелесе болот. Ага чейин жаңы конституция даярдап, шайлоо өткөрүү керек. Министр бардык чөйрөдө азыр турмуш акырындап жакшырып баратканын, өлкөнүн дээрлик 80 процент аймагы коопсуз болуп калганын кошумчалады.

Деген менен Иракта бийликти жергиликтүү калкка биротоло өткөрүп бергенге али эртелик кыларын президент Жорж Буш Нью-Йоркто немец канцлери Герхард Шрөдөр менен жолугушкан учурда да кайра бышыктады. Эки лидер тең Ирактын айынан саал ит арка боло түшкөн мамилени оңдоп, бу өлкөнү стабилдештирүү программасында ийиндеше иштемек болушту. Немец канцлери 092466 Германия мүмкүнчүлүгүнө жараша, мисалы, ирактын полициялык офицерлерин, атүгүл зарыл болсо солдаттарын машыктырууда жардамдашканга даяр экенине президент Бушту ишендирди. Бирок немец өкмөтү Иракка бейпилдик контингентин жөнөтпөйт. Канцлердин ишениминде, Иракты кайра куруу процессине “этаптуу реалисттик план” жана “прагматикалык мамиле” зарыл. Ошол эле учурда Иракты кайра тикелөө - бу баарыдан мурда ирактыктардын өз иши, ошондуктан алар өлкөдөгү бийликти канчалык эрте алса, ошончолук жакшы. Германия ушундай процесске көмөктөшкөнгө даяр. Бирок Шрөдөр ирактыктарга суверенитет берүү ишин өкмөттүк бийлик берүү маселеси менен чаташтырбоо керек деп эсептейт.

Пакистандын президенти Первез Мушарафф башкы ассамблеядагы сөзүндө Ирактагыэл аралык бейпилдик контингентине мусулман өлкөлөрү тартылса гана Исламабад бул миссияга кошула тургандыгын ырастады. Дүйнөлүк жамааттын, анын ичинде өз өлкөсүнүн азыркы кездеги башкы озуйпасын Мушарраф баарыдан мурда ислам менен Батыштын ортосундагы терең коого көпүрө болуудан, шарапатуу өзгөрүштөргө өбөк-жөлөк түзүүдөн көрөт.

Ирактагы жагдай, экспеттердин баамында, чатыраштай чаташкан абалдан жана элек. Убактылуу башкаруу кеңешинин мүчөсү Акиля ал-Хашеми айым ушундай кырдаалдын кезектеги курмандыгы болду. Оор жаратынан оңоло албай, бейшемби күнү көз жумду. Аны өткөн айда өз үйүнө кире бериште ким бирөөлөр жарадар кылып кетишкен эле. Ушул эле күнү Багдадда чет элдиктер токтогон мейманкага жакын жерде бомба жарылып, бир киши набыт кетти, дагы он чакты адам жарадар болду. Аталган мейманканада америкалык Эн-Би-Си телекомпаниясынын да кабарчылар пункту жайгашкан эле.

Ал эми Багдаддан түндүгүрөөк, Тикрит шаарына жакын жерде америкалык аскерлер ирак партизандарына жан тарткан эки адамды кармады. Алар, сыягы, ортомчулар окшойт, деп билдирди коалициялык командачылыктын өкүлү Майк Раухут. Экөө тең ок-дары, курал-жарак сатып алып, аларды бүт бойдон бүлгүнчүлөргө берип турган.

XS
SM
MD
LG