Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

АКШ-ЕВРОПА АЛАКАЛАРЫНДА ЧОҢ ӨЗГӨРҮҮ БОЛГОН ЖОК


Эксперттер эгерде Вашингтон ушул күндөрү Нью-Йоркто ишин улантып жаткан Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында Европа менен алакаларын оңдогусу келсе, азырынча бул маселеде олуттуу жылыш байкалган жок деген пикирин айтышат. Ирактагы согушка каршы чыккан Германия азыр АКШнын саясатын мурдагыдай катуу сындабай, мамилесин бир аз өзгөртө баштаганы менен Франция – Вашингтондун Иракка карата саясатын ашкерелөөнү улантты.

Көпчүлүк эксперттер Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Ирактагы согушка байланыштуу салкындай түшкөн трансатлантикалык, же АКШ-Европа алакаларын оңдоого аракет кылат деп күткөн эле. Ирактагы согуштук аракеттер, андан кийинки кайра куруу иштери америкалык аскерлердин өлүмүнө, ошондой эле ири материалдык чыгымдарга алып келип жаткандыктан, катуу сынга кабыла баштаган президент Жорж Буш БУУга мүчө өлкөлөргө кайрылып, АКШнын Ирактагы аракеттерине колдоо көрсөтүүгө үндөдү.

- Азыркы тапта Ирактын эли ар тараптуу жардамга өтө муктаж болуп турат, ошондуктан бардык өлкөлөр чын ниетинен ирактыктарга колдоо көрсөтүшү абзел.

Эксперттер күткөндөй, бирок Буш бул ирет Ирактын келечеги тууралуу европалык оппоненттерине кандайдыр мунасалуу сунуштар жасаган жок.


Ошентсе да, шаршембиде Нью-Йоркто Кошмо Штаттардын президенти менен өз-өзүнчө жолугушкан Франция менен Германиянын лидерлери сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки башка пикирлерин билдиришти. Былтыр Американын Иракка карата саясатын катуу сындап отуруп, жаңы мөөнөткө шайланган немец канцлери Герхард Шрөдер андан бери алгачкы ирет Жорж Буш менен көзмө-көз жолугушту. Жолугушуунун соңунда ал эки тарап бири-бирин түшүнүүгө аракет кылганын белгиледи.

- Биз Ирактын тегерегинде масилеттешип, буга чейинки көз караштардагы айырмачылыктарды талдадык. Эми мындан ары келечек үчүн кызмат кылууну туура таптык. Германия Иракта стабилдүү, демократиялуу коом орношуна абдан кызыкдар экенин белгилей кетмекчимин, - деди Герхард Шрөдер.

Президент Жорж Буш да Ирактын аскерлери менен полициячыларын машыктыруу сунушу үчүн Берлинге ыраазычылык билдирип, Германия менен мамилелердин жаңы барагын ачууга даяр экенин маалымдады.

Анткен менен, АКШ-Франция жетекчилеринин жолугушуусу трансатлантикалык мамилелерге дээрлик өзгөрүү алып келбейт өңдүү. Сүйлөшүүнүн соңунда француз президенти Жак Ширак Ирактагы саясий бийликти тез арада жергиликтүү элге өткөрүп берүү жана өлкөнү кайра куруу иштериндеги жетектөөчү ролду Бириккен улуттар уюмуна ыйгаруу жөнүндөгү талаптарын кайталады. Бириккен улуттар уюмунун жалпы жыйынында Франциянын лидери Вашингтондун Саддамга каршы кампаниясын дагы бир ирет каарып өттү.

- Азыркыдай ачык-айкын дүйнөдө бир да өлкө өзүн башкалардан бөлүп алып, бардык мамлекеттердин атынан чечим кабыл алып, кандайдыр аракет жүргүзүп, кайсы бир өлкөнү өкмөтсүз башаламан жашоого түртө албайт. Бириккен улуттар уюмун эч ким алмаштыра албайт.

Андан кийинки маалымат жыйынында Жак Ширак Берлиндин Иракта аскерлерди машыктыруу ниетине карабастан, Германия менен Франциянын Ирактын келечеги боюнча пикири, саясаты бирдей экенине басым жасай кетти.

Вашингтондогу "Мурас" корунун өкүлү Нейл Гардинер соңку кездери Париж менен Вашингтон бир топ тышкы саясий маселелерди макулдаша албай келатканына көңүл бурат.

- Францияны АКШга союздаш өлкө катары кароого болбой калды. Тескерисинче, ал эл аралык деңгээлде Вашингтондун тышкы саясатына бут тозгон өлкөгө айланды. Париж менен Вашингтон "Ал-Каидага" каршы чогу күрөшүүдө, бирок калган 10 маселенин тогузуна карата экөө эки башка көз карашта. Ал эми Германия мындан ары Вашингтондун саясатына бут тозгусу келбегенин көргөзүүдө.

Варшавалык эксперт Сикорский болсо, Жорж Буш алдыдагы күндөрү Орусиянын лидери В.Путинге өзүнүн Кэмп-Девиддеги резиденциясында кездешип баарлашууну сунуш кылганына басым жасап, аны менен Вашингтон мындан ары НАТОдогу өнөктөштөрүнөн көрө Орусия менен жакындашкысы келээрин көргөзүүдө деген тамаша-чын аралаш пикирин айтат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG