Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:18

БУШ МЕНЕН ПУТИН ТАЛКУУЛАП ТАЛАШЧУ МАСЕЛЕ АРБЫН


Америкада сапарын улантып жаткан Орусиянын президенти В.Путин дем алыш күндөрү АКШ президенти Жорж Буш менен бир нече жолугушуу өткөрөт. Бул ирет эки лидер Ирак, Иран, Жакынкы Чыгыштагы абалдан башка АКШ-Орусия мамилелерин жана анын ичинде энергетика тармагындагы байланыштарды талкууламакчы. Эксперттер Москва соңку кездери бири-бирине чырмалышкан бул маселелерде Вашингтондун көз карашына ыктай баштаганын белгилешет.

АКШдагы үчүнчү визити маалында Орусиянын президенти В.Путин америкалык кесиптеши Жорж Буш менен анын Кэмп-Девиддеги резиденциясында жолугуп маектешет. Быйыл жаз айларында Ирактагы согуш, Иранга байланыштуу көз караштардагы ири айырмачылыктардан улам ортолору салкындай түшкөн Орусия менен Американын жетекчилери июнь айында Санкт-Петербургда кездешкен соң, эки өлкөнү стратегиялык өнөктөштөр деп жарыялашкан. Андан бери Москва менен Вашингтондун Ирак, Иранга байланыштуу пикирлери биротоло дал келишип кетпесе да, эксперттер Кремлдин соңку билдирүүлөрүнөн улам, Орусия АКШнын позициясын түшүнүү багытын тандап алган өңдүү деп эсептешет.

Нью-Йорктогу Колумбия университетинин тышкы саясат боюнча профессору Кимберли Мартин мисалы, президент Путин жакында Орусия АКШнын Ирактагы аракеттерине жардам көрсөтүшү мүмкүн деп айтканына көңүл бурат.

- Менимче, баарынан маанилүүсү – Путин Орусия Ирактагы бейпилдик операцияларына катышууга дилгир экенин билдирди, анткени Москва АКШ менен кызматташмайынча, ал чөлкөмдөгү өзүнүн таасирин, экономикалык кызыкчылыктарын ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин аңдап билди көрүнөт. Андан да таң калычтуусу, В.Путиндин орус аскерлери бейпилдик миссиясын АКШнын командачылыгы алдында аркалоого даяр деп айтканы болду. Косоводо эки өлкө дал ушул жетекчилик маселесинде чатакташканы көпчүлүктүн эсинде эмеспи.


Бейшембиде Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында чыгып сүйлөгөн В.Путин Германия менен Франциянын жетекчилери сыяктуу АКШнын Ирактагы оккупациясынын мөөнөтүн чектөөнү талап кылган жок. Журналисттердин: "Орусия АКШ сунуш кылган резолюцияны колдойбу?" - деген суроосуна Путин: " Мен бул маселени америкалык президент менен талкуулайм", - деп кыскача жооп берди. Нью-Йоркто Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов Ирактын Башкаруу Кеңешинин төрагасы Ахмад Чалаби менен кездешип, орусиялык мунай кампанияларынын Ирактагы ишин жандантуу жолдорун талкуулаганына караганда, Москва улуттук кызыкчылыктардан улам, Багдаддагы жаңы бийлик менен эриш-аркак кызматташуу ниетинде.

АКШ президенти Жорж Буш болсо, орус президенти менен эң ириде Иран маселесин талкууларына басым жасады. Орусия Ирандын өзөктүк реакторлорун иштетүү жаатындагы өзү үчүн өтө пайдалуу кызматташтыктан баш тарткысы келбейт, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик болсо, Иранда өзөктүк куралга керектелчү байытылган уран табылды деп, Тегерандан 31-октябрга чейин опурталдуу курал өндүрбөгөнүн далилдеп берүүнү талап кылган. Москвалык саясий аналитик Андрей Пионтковский Кремль соңку кездери бул маселеде да Вашингтонго көп айбат көрсөткүсү келбей калды деген пикирде.

- Ирандын эч ким менен эсептешпей, кеңири кыруучу куралга ээ болуу далалаты – Орусияны да тынчсыздандырып, бул маселеде Москва менен Вашингтон жакындаша баштаганы байкалат. Кремль жакында Тегеран айрым шарттарга көнбөсө, Ирандын Бушер реактору боюнча кызматташтыгын, токтотоорун чечкиндүү түрдө айтпадыбы.

Ошентсе да, байкоочулар Москва Иран менен өтө пайдалуу жана саясий жактан да ыңгайлуу байланыштарын оңой менен үзбөйт деген көз карашта.

АКШ-Орусия президенттеринин бу жолку жолугушуусунда энергетика тармагындагы байланыштар да маанилүү тема болмокчу. АКШнын ири мунай компаниялары Орусиянын энергетика тармагын биргелеше иштетүүгө кызыкдар экенин билдиришүүдө. Айтор, Кэмп-Девиддеги Буш-Путин сүйлөшүүсү бир топ саясий-экономикалык жаңылыктар алып келиши мүмкүн. АКШлык маалымат каражаттары Путиндин визитин негизинен жагымдуу маанайда комментарийлеп жатса, Москвалык айрым басылмалар: "Кремль Вашингтондун бекем кучагынан чыга албай калды", - деп жазып чыгышты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG